Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Муфтият | 04.09.2022
  • |

АДАМДАР БАРКЫНА ЖЕТПЕГЕН ЭКИ НЕРСЕ БАР

Убакытты текке кетирбей, аны туура пайдалануу мусулмандын сыпаты. Ошондуктан «Бекерчиден кудай безер», «Бекер жүргүчө, бекер иште» деп айтылат. Убакыт учкан куштай зымырап өтүп жаткан мезгилде өмүрүбүздү жалкоолук менен өткөрүү адам баласына зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Адамдар менен маек куруп, тил табышуу жакшы. Бирок балдын да көбү зыян демекчи, ар бир нерсенин чеги менен болуусу абзел.

Ааламдашуунун негизинде жаңы технологиялар пайда болууда. Бирок алар бычак сыяктуу, ал ашканада колдонулса жакшы, адам өлтүрүү үчүн колдонулса жаман дегендей эле кеп. Мисалы: Телефонду колдонуу аркылуу көптөгөн маалыматтарды табууга, алыстагы туугандарыбыз менен байланышуу түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми аны ашыкча колдонуу же туура эмес багытта колдонуу менен убакытты коротобуз. Жадагалса, алыстагы тууган эмес, жаныңдагы ата-энебизге көңүл бурулбай калууда.

Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Беш нерсени, беш нерсе келерден мурда пайдаланылып кал. Карылык келбестен жаштыгыңды, ооруп калардан мурда ден соолукту, кедей болуудан мурда байлыгыңды, бир нерсе менен алек болордон мурда бош убактыңды, өлүм келерден мурда өмүрүңдүн» — деп айткан.

Албетте убакытты токтотуп, кармап кала албайбыз. Аны пайдалуу өткөрүү менен жашоону берекелүү кылса болот. Анткени өз жашоосун илим жолунда, эл-журтка пайдасы тийип, берекелүү өткөргөн акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт деп айтылат. Ал эми кээ бир адамдар тирүүсүндө өлүк сыяктуу. Бул өмүрүн жалкоолук менен өткөрүп, колунан жакшылык келбеген адам.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Адамдар баркына жетпеген эки нерсе бар. Алар; ден соолук жана бош убакыт»,  деп айткан. Ошондуктан «эртең», «эртең» деп жүрүп өмүрдүн аягына келип калууңуз мүмкүн. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбаңыз!

Эрте турган жигиттин ырыскысы артык болот. Түндөсү эс алып, күндүзү эмгектенүү боюнча кереметтүү Курандын төмөнкү аяттарында баяндайт:

«Тиричилик үчүн күндүздү жараттык»
(Набаа сүрөсү, 11-аят)

«Аллах силерге Өз ырайымы менен түндү тыныгышыңар, ал эми күндүздү Анын жакшылыгын издешиңер үчүн жараткан. Албетте, (Аллахка) шүгүр кыларсыңар»
(Касас сүрөсү, 73-аят)

«Чын эле алар Биз түндү эс алуу үчүн кылганыбызды, а күндүздү жарык кылуу үчүн кылганыбызды көрүшпөйбү? Акыйкатта, мында ыймандуулар үчүн белгилер бар»
(Намл сүрөсү, 86-аят)

«Түн менен күндүздү эки белги кылдык. Түндү караңгы кылып, күндүздү Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, (мезгилдин) эсебин билүүңөр үчүн жарык кылдык. Жана да ар нерсени бөлүп баян кылдык»
(Исра сүрөсү, 12-аят)

«Ал силердин эс алууңар үчүн түндү, көрүүңөр үчүн күндүздү кылган. Албетте, мында уга турган адамдар үчүн аят-белгилер бар»
(Юнус сүрөсү, 67-аят)

Айтор Кереметтүү Куранда түнү эс алгыла, күндүзү эмгектенгиле деп убакытты бөлүштүрүп койгондугун байкоого болот.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси

Акыркы макалалар