«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 30.05.2026
  • |

САЪЙ ЖАНА САЪЙ ДУБАЛАРЫ

Бисмиллаахир-рахмаанир-рахиим

Сафа менен Марванын ортосундагы саъй – ажылык жана умра ибадаттарындагы маанилүү амалдардын бири болуп, Сафа дөңсөөсүнөн Марвага чейин жана кайра Марвадан Сафа тарапка жүрүп, жалпысынан жети жолу каттоо менен аткарылат. Анын тарыхый негизи –Ибрахим пайгамбардын (а.с.) жубайы, Исмаил пайгамбардын (а.с.) энеси Хажардын (р.а.) суусуз калган наристесине суу издеп, Сафа менен Марванын ортосунда тынымсыз чуркаган окуясына барып такалат. Алла Таала Хажардын аракетин жана үмүтүн текке кетирбей, Замзам суусун жаратып, бул жерди кийин адамзаттын улуу ибадат жайына айландырган.

Саъйдын Курандагы негизи Алла Тааланын: «Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип , же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» деген аяты менен бекемделген (Бакара, 2/158). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да Сафа менен Марванын ортосунда саъй кылып, аны сахабаларына үйрөткөн. Ошентип, Хажардын Аллага болгон ишеними, үмүтү жана аракетинен башталган бул амал мусулмандардын ажылык жана умра ибадаттарында сакталып калган улуу ибадатка айланган.

Саъйдын өкүмү боюнча мазхабдар арасында айрым фыкхий айырмачылыктар бар. Шафии жана Малики аалымдары аны ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири деп эсептешсе, Ханафи мазхабында ажылыктын важиб амалдарынын бири катары каралат. Айырмачылыкка карабастан, бардык мазхабдар саъйдын ажылык жана умрада өзгөчө мааниге ээ экенин таанышат.

Саъй Сафадан башталып, Марвада аяктаган жети шавттан турат. Сафа менен Марванын эң бийик жерине чыгуу шарт болбосо да, Каабаны көрө тургандай деңгээлге көтөрүлүп, Алланы зикир кылуу, такбир жана тахлил айтуу, дуба кылуу – Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтүндө келген амалдардан. Эки жашыл белгиленген мамынын ортосунда эркектердин ылдамыраак басуусу да сүннөт болуп саналат. Аялдар болсо ал жерде кадимкидей басышат.

Саъйдын терең мааниси – Аллага болгон ишеним менен аракеттин айкалышы. Хажар (р.а.) баласы үчүн суу издеп, бир нече жолу Сафа менен Марванын ортосунда чуркаганда, анда эч кандай кепилдик, эч кандай чара жок эле. Бирок ал аракетин токтоткон эмес жана Алланын ырайымынан үмүтүн үзгөн эмес. Натыйжада Алла Таала күтүлбөгөн жерден Замзамды тартуу кылган. Демек, саъй мусулманга натыйжаны Алладан күтүп, бирок себептерди таштабоо, кыйынчылыкта үмүтсүздүккө түшпөө жана Алланын ырайымына бекем ишенүү сабагын берет.

Ошондуктан Сафа менен Марванын ортосундагы ар бир кадам жөн гана физикалык жүрүш эмес. Ал – Хажардын сабырын, эне мээримин, аракетин, Аллага болгон ишенимин жана үмүтүн эске салган улуу ибадат. Мусулман саъй аркылуу Алланын буйругуна моюн сунууну, аракеттенүүнү жана кыйынчылыктын артында Алланын жеңилдиги бар экенине ишенүүнү үйрөнөт.

Зыяратчылар саъйда өзү билген, өзү каалаган дубасын окуйт, тилегин айтат. Сөзсүз тигил же бул дубаны окулсун деген талап жок. Бирок аалымдар Куран жана сүннөттөн алынган түрдүү дубалардын пазилеттерин айтышкан. Биз «Ыйык атмосферадагы дуба» (түркчө: Kutsal İklimde Duâ) аттуу эмгектеги дубаларды зыяратчылар үчүн, дегеле окурмандар үчүн сунуштадык.

БИРИНЧИ ШАВТ

اللَّهُ أَكْبَرُ اللَّهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ اللَّهُ أَكْبَرُ، وَلِلَّهِ الْحَمْدُ.
اللَّهُ أَكْبَرُ كَبِيرًا، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ كَثِيرًا، وَسُبْحَانَ اللَّهِ بُكْرَةً وَأَصِيلًا.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ، يُحْيِي وَيُمِيتُ، بِيَدِهِ الْخَيْرُ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ.
رَبَّنَا تَقَبَّلْ مِنَّا إِنَّكَ أَنْتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ.
رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ، وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا أُمَّةً مُسْلِمَةً لَكَ، وَأَرِنَا مَنَاسِكَنَا وَتُبْ عَلَيْنَا، إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ، وَاعْفُ وَتَكَرَّمْ، وَتَجَاوَزْ عَمَّا تَعْلَمُ، إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا لَا نَعْلَمُ، إِنَّكَ أَنْتَ اللَّهُ الْأَعَزُّ الْأَكْرَمُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً، وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مِنَ الْخَيْرِ كُلِّهِ عَاجِلِهِ وَآجِلِهِ، مَا عَلِمْتُ مِنْهُ وَمَا لَمْ أَعْلَمْ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ الشَّرِّ كُلِّهِ، عَاجِلِهِ وَآجِلِهِ مَا عَلِمْتُ مِنْهُ، وَمَا لَمْ أَعْلَمْ، وَأَسْأَلُكَ الْجَنَّةَ وَمَا قَرَّبَ إِلَيْهَا مِنْ قَوْلٍ أَوْ عَمَلٍ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ النَّارِ وَمَا قَرَّبَ إِلَيْهَا مِنْ قَوْلٍ أَوْ عَمَلٍ، وَأَسْأَلُكَ مِنْ خَيْرِ مَا سَأَلَكَ عَبْدُكَ وَرَسُولُكَ مُحَمَّدٌ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ مَا اسْتَعَاذَ مِنْهُ عَبْدُكَ وَرَسُولُكَ مُحَمَّدٌ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَغْفِرَةً تُصْلِحُ بِهَا شَأْنِي فِي الدَّارَيْنِ، وَارْحَمْنِي رَحْمَةً أَسْعَدُ بِهَا فِي الدَّارَيْنِ، وَتُبْ عَلَيَّ تَوْبَةً نَصُوحًا لَا أَنْكُثُهَا أَبَدًا، وَأَلْزِمْنِي الِاسْتِقَامَةَ لَا أَزِيغُ عَنْهَا أَبَدًا.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ، أَنْجَزَ وَعْدَهُ وَنَصَرَ عَبْدَهُ، وَهَزَمَ الْأَحْزَابَ وَحْدَهُ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَلَا نَعْبُدُ إِلَّا إِيَّاهُ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ.
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلْمَرْوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنْ حَجَّ ٱلْبَيْتَ أَوِ ٱعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَا ۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ.

Окулушу:
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллааху валлааху акбар, Аллааху акбар ва лиллаахил хамд.
Аллааху акбару кабиираа, валхамду лиллаахи касиираа, ва субхааналлаахи букратан ва асийлаа.
Лаа илааха иллаллааху вахдахуу лаа шариика лах. Лахул мулку ва лахул хамд. Юхйии ва юмийт. Бийадихил хайру ва хува ъалаа кулли шай-ин кадиир.
Раббанаа такаббал миннаа, иннака антас-Самииъул Алиим.
Раббанаа важъалнаа муслимайни лак, ва мин зурриййатинаа умматан муслиматан лак. Ва аринаа манаасиканаа ва туб ъалайнаа. Иннака антат-Тавваабур-Рахиим.
Раббигфир вархам, ваъфу ва такаррам ва тажааваз ъаммаа таълам. Иннака таъламу маа лаа наълам. Иннака анталлаахул Аъаззул Акрам.
Раббана аатинаа фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа азаабан-наар.
Аллахумма иннии ас-алука минал-хайри куллихии, ъаажилихии ва аажилихии, маа ъалимту минху ва маа лам аълам. Ва аъуузу бика минаш-шарри куллих, ъаажилихии ва аажилихии маа ъалимту минху, ва маа лам аълам. Ва ас-алукал-жанната ва маа карраба илайхаа мин кавлин ав ъамал. Ва аъуузу бика минан-наари ва маа карраба илайхаа мин кавлин ав ъамал. Ва ас-алука мин хайри маа са-алака ъабдука ва расуулука Мухаммад. Ва аъуузу бика мин шарри мастаъааза минху ъабдука ва расуулука Мухаммадун саллаллааху ъалайхи ва саллам.
Аллахуммагфир лии магфиратан туслиху бихаа ша-нии фид-даарайн. Вархамнии рахматан асъаду бихаа фид-даарайн. Ва туб ъалаййа тавбатан насуухан лаа анкусухаа абадан. Ва алзимнил-истикаамата лаа азиигу ъанхаа абадаа.
Лаа илааха иллаллааху вахдах, анжаза ваъдах, ва насара ъабдах, ва хазамал-ахзааба вахдах.
Лаа илааха иллаллаах, ва лаа наъбуду иллаа иййааху мухлисиийна лахуд-дийн. Ва лав карихал-каафируун.
Иннас-Сафаа вал-Марвата мин шаъааириллахи. Фаман хажжал-Байта авиътамара фалаа жунааха ъалайхи ан йаттаввафа бихимаа. Ва ман татававваъа хайран фа-инналлааха шаакирун алийм.

Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Алла – улуулуктун Ээси! Ага чексиз мактоолор болсун! Алла бардык кемчиликтерден аруу. Аны таң эртең менен да, кечинде да аруулайбыз.
Жалгыз Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Анын эч бир шериги жок. Бийлик да, мактоо да Ага гана таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Бардык жакшылык Анын колунда. Ал бардык нерсеге Кудиреттүү.
Оо, Раббибиз! Биздин (ибадатыбызды) кабыл ала көр. Чынында, Сен – бардык нерсени Угуучу, бардык нерсени Билүүчүсүң.
Оо, Раббибиз! Бизди Өзүңө толук моюн сунган пенделериңден кыл. Биздин урпактарыбыздан да Өзүңө моюн сунган үммөт чыгар. Бизге ибадаттарыбызды туура аткарууну көрсөт. Тообобузду кабылдай көр. Албетте, Сен – тооболорду кабыл кылуучу, Өзгөчө Айкөл Ырайымдуу Затсың.
Оо, Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыл, күнөөлөрүмдү кеч, мага Айкөлдүгүңдү көрсөт жана Өзүң билген кемчиликтеримди кечире көр. Чындыгында, Сен биз билбеген нерселерди да Билесиң. Албетте, Сен – эң Кудиреттүү жана эң Берешен Алласың.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө да жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта.
Оо, Алла! Сенден бардык жакшылыкты сураймын: жакынын да, кийинин да, билгенимди да, билбегенимди да. Ошондой эле бардык жамандыктан; жакынынан да, кийининен да, билгенимен да, билбегенимен да Сага баш калкалайм (сыйынам). Сенден бейишти жана ага жакындатуучу ар бир сөздү, ар бир жакшы амалды сураймын. Тозоктон жана ага жакындатуучу ар бир сөздөн жана ар бир амалдан Сага баш калкалаймын. Ошондой эле Сенден Өзүңдүн кулуң жана Элчиң Мухаммад (ага Алланын салам-салаваты болсун) сураган бардык жакшылыктарды сураймын жана ал Сага баш калкалаган бардык жамандыктардан Сага баш калкалаймын.
Оо, Алла! Мага дүйнөдө да, акыретте да абалымды оңдой турган кечирим бер. Дүйнөдө да, акыретте да бакытка жеткире турган ырайымыңды насип кыл. Тообомду толук кабыл алып, аны эч качан бузбай тургандай эрк бер. Мени туура жолдо бекем кыл, андан эч качан тайдырба.
Жалгыз Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал Өзүнүн убадасын аткарды, Өз кулуна жардам берди жана бардык душман топторун жалгыз Өзү жеңди.
Жалгыз Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Биз Андан башка эч кимге ибадат кылбайбыз. Дилибизди Ага гана чын ыклас менен арнайбыз, муну каапырлар жактырбаса да.
«Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип, же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» («Бакара», 158).

ЭКИНЧИ ШАВТ

اللَّهُ أَكْبَرُ، اللَّهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ، اللَّهُ أَكْبَرُ، وَلِلَّهِ الْحَمْدُ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ الْوَاحِدُ الْأَحَدُ الْفَرْدُ الصَّمَدُ الَّذِي لَمْ يَلِدْ وَلَمْ يُولَدْ وَلَمْ يَكُنْ لَهُ كُفُوًا أَحَدٌ.
رَبَّنَا آمَنَّا بِمَا أَنْزَلْتَ وَاتَّبَعْنَا الرَّسُولَ فَاكْتُبْنَا مَعَ الشَّاهِدِينَ.
رَبَّنَا إِنَّنَا سَمِعْنَا مُنَادِيًا يُنَادِي لِلْإِيمَانِ أَنْ آمِنُوا بِرَبِّكُمْ فَآمَنَّا، رَبَّنَا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَكَفِّرْ عَنَّا سَيِّئَاتِنَا، وَتَوَفَّنَا مَعَ الْأَبْرَارِ.
رَبَّنَا وَآتِنَا مَا وَعَدْتَنَا عَلَى رُسُلِكَ، وَلَا تُخْزِنَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ، إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَادَ.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَا قَدَّمْتُ وَمَا أَخَّرْتُ، وَمَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي، أَنْتَ الْمُقَدِّمُ وَأَنْتَ الْمُؤَخِّرُ، وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ.
اللَّهُمَّ عَافِنِي فِي بَدَنِي، اللَّهُمَّ عَافِنِي فِي سَمْعِي، اللَّهُمَّ عَافِنِي فِي بَصَرِي، لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ.
اللَّهُمَّ اسْتُرْ عَوْرَاتِي، وَآمِنْ رَوْعَاتِي، وَاحْفَظْنِي مِنْ بَيْنِ يَدَيَّ وَمِنْ خَلْفِي، وَعَنْ يَمِينِي وَعَنْ شِمَالِي وَمِنْ فَوْقِي، وَأَعُوذُ بِكَ، اللَّهُمَّ مِنْ أَنْ أُغْتَالَ مِنْ تَحْتِي.
اللَّهُمَّ اجْعَلْنِي مِنَ الَّذِينَ إِذَا أَحْسَنُوا اسْتَبْشَرُوا، وَإِذَا أَسَاءُوا اسْتَغْفَرُوا.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَاعْفُ وَأَكْرِمْ، وَتَجَاوَزْ عَمَّا تَعْلَمُ، إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا لَا نَعْلَمُ، إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعَزُّ الْأَكْرَمُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ، يُحْيِي وَيُمِيتُ بِيَدِهِ الْخَيْرُ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ، أَنْجَزَ وَعْدَهُ وَنَصَرَ عَبْدَهُ، وَهَزَمَ الْأَحْزَابَ وَحْدَهُ.
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلْمَرْوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنْ حَجَّ ٱلْبَيْتَ أَوِ ٱعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَا ۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ.

Окулушу:
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллааху валлааху акбар, Аллааху акбар ва лиллаахил хамд.
Лаа илааха иллаллаахул ваахидул Ахадул Фардус-Самад, аллазии лам йалид ва лам йуулад. Ва лам йакун лахуу куфуван ахад.
Раббанаа ааманнаа бимаа анзалта ваттабаънар-расуул, фактубнаа маъаш-шаахидиин.
Раббанаа иннанаа самиънаа мунаадийай-йунаадии лил-иймаан ан ааминуу бираббикум фа ааманнаа, раббана фагфир ланаа зунуубанаа ва каффир ъаннаа саййиаатинаа ва таваффанаа маъал-абраар.
Раббана ва аатинаа маа ваъадтанаа ъалаа русулика ва лаа тухзинаа йавмал-кыйаама, иннака лаа тухлифул мииъаад.
Аллахуммагфир лии маа каддамту ва маа аххарту, ва маа асрарту ва маа аъланту, ва маа анта аъламу бихии миннии, антал-мукаддиму ва антал-муаххир, ва анта ъалаа кулли шай-ин кадиир, лаа илааха иллаа ант.
Аллаахумма ъаафинии фии бадании, аллаахумма ъаафинии фии самъии. Аллаахумма ъаафинии фии басарии, лаа илааха иллаа ант.
Аллаахумма-стур ъавратии, ва аамин рауъаатии, вахфазнии мин байни йадаййа ва мин халфии, ва ъан йамиинии ва ъан шимаалии ва мин фавкии, ва аъуузу бика, аллахумма мин ан угтаала мин тахтии.
Аллахумма-жъалнии минал-лазиина изаа ахсануустабшаруу, ва изаа асааустагфаруу.
Раббигфир вархам ваъфу ва акрим, ва тажааваз ъаммаа таълам, иннака таъламу маа лаа наълам, иннака анталь-аъаззуль-акрам.
Раббанаа аатинаа фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар.
Лаа илааха иллаллааху вахдахуу лаа шариика лах, лахул-мулку ва лахуль-хамду, йухйии ва йумиит бийадихил-хайр, ва хува ъалаа кулли шай-ин кадиир.
Лаа илааха иллаллааху вахдах, анжаза ваъдаху ва насара ъабдаху ва хазамал-ахзааба вахдах.
Иннас-Сафаа вал-Марвата мин шаъааириллахи. Фаман хажжал-Байта авиътамара фалаа жунааха ъалайхи ан йаттаввафа бихимаа. Ва ман татававваъа хайран фа-инналлааха шаакирун алийм.

Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Жалгыз, Бир, Теңдешсиз жана бардык нерсеге муктажсыз болгон Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал төрөгөн эмес жана төрөлгөн да эмес. Ага эч ким тең да, окшош да эмес.
Оо, Раббибиз! Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик жана Пайгамбарыңа ээрчидик. Ошондуктан бизди чындыкка күбө болгондордун катарында жаза көр.
Оо, Раббибиз! Биз ыйманга чакыруучунун: «Раббиңерге ыйман келтиргиле!» – деген чакырыгын угуп, ыйман келтирдик. Эми биздин күнөөлөрүбүздү кечир, жамандыктарыбызды өчүр жана бизди (ажалыбыз жеткенде) жакшы адамдардын катарында жаныбызды ал.
Оо, Раббибиз! Элчилериң аркылуу бизге убада кылган жакшылыктарыңды бере көр жана Кыямат күнү бизди шерменде кылба. Чынында, Сен убадаңды эч качан бузбайсың.
Оо, Алла! Менин мурда кылган жана кийин кыла турган күнөөлөрүмдү, жашыруун жана ачык чекиликтеримди, ошондой эле Өзүң мага караганда жакшыраак билген бардык кемчиликтеримди кечире көр. Сен алдыга чыгаруучусуң жана артка калтыруучусуң. Сен бардык нерсеге Кудиреттүүсүң. Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок.
Оо, Алла! Ден соолугумду сактай көр. Оо, Алла! Кулагымдын угуусун сактай көр. Оо, Алла! Көзүмдүн көрүүсүн сактай көр. Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок.
Оо Алла! Менин кемчиликтеримди жашыра көр. Коркунучтарымды коопсуздукка айланта көр. Мени алдымдан, артымдан, оң жагымдан, сол жагымдан жана үстүмдөн сакта. Оо Алла, астымдан келе турган күтүлбөгөн кырсыктан Өзүңө баш калкалайм (сыйынам).
Оо Алла! Мени жакшылык кылганда сүйүнгөн, ал эми жаңылыштык кетиргенде дароо Сенден кечирим сураган пенделериңдин катарына кош.
Оо Раббим! Мени кечире көр, мага ырайым кыл, күнөөлөрүмдү өчүр, мени урмат-сыйга бөлө. Өзүң билген бардык кемчиликтеримди кечире көр. Чынында, Сен биз билбеген нерселерди да билесиң. Сен эң Кудиреттүү жана эң Берешенсиң.
Оо Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозоктун азабынан сакта.
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал Жалгыз, Анын эч кандай шериги жок. Падышалык Ага гана таандык, мактоо да Ага гана тиешелүү. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Бардык жакшылык Анын колунда. Ал бардык нерсеге Кудиреттүү.
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал Жалгыз. Ал Өзүнүн убадасын аткарды, пендесине жардам берди жана бардык душман топторун Өзү жалгыз жеңди.
«Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип, же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» («Бакара», 158).

ҮЧҮНЧҮ ШАВТ

اللَّهُ أَكْبَرُ، اللَّهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَاللَّهُ أَكْبَرُ، اللَّهُ أَكْبَرُ، وَلِلَّهِ الْحَمْدُ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ الْوَاحِدُ الْأَحَدُ الْفَرْدُ الصَّمَدُ، الَّذِي لَمْ يَتَّخِذْ صَاحِبَةً وَلَا وَلَدًا، وَلَمْ يَكُنْ لَهُ شَرِيكٌ فِي الْمُلْكِ، وَلَمْ يَكُنْ لَهُ وَلِيٌّ مِنَ الذُّلِّ، وَكَبِّرْهُ تَكْبِيرًا.
رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَامًا.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَاعْفُ وَأَكْرِمْ، وَتَجَاوَزْ عَمَّا تَعْلَمُ، إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا لَا نَعْلَمُ، إِنَّكَ أَنْتَ اللَّهُ الْأَعَزُّ الْأَكْرَمُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ.
رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً، إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ.
رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلَاةِ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي، رَبَّنَا وَتَقَبَّلْ دُعَاءِ.
فَاطِرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ أَنْتَ وَلِيِّي فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ، تَوَفَّنِي مُسْلِمًا وَأَلْحِقْنِي بِالصَّالِحِينَ.
رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ.
رَبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرًا.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ حُبَّكَ، وَحُبَّ مَنْ يُحِبُّكَ، وَحُبَّ عَمَلٍ يُقَرِّبُنِي إِلَى حُبِّكَ.
اللَّهُمَّ حَبِّبْ إِلَيْنَا الْإِيمَانَ وَزَيِّنْهُ فِي قُلُوبِنَا، وَكَرِّهْ إِلَيْنَا الْكُفْرَ وَالْفُسُوقَ وَالْعِصْيَانَ، وَاجْعَلْنَا مِنَ الرَّاشِدِينَ.
اللَّهُمَّ أَنْتَ رَبِّي لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ، خَلَقْتَنِي وَأَنَا عَبْدُكَ، وَأَنَا عَلَى عَهْدِكَ وَوَعْدِكَ مَا اسْتَطَعْتُ، أَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ مَا صَنَعْتُ، أَبُوءُ لَكَ بِنِعْمَتِكَ عَلَيَّ، وَأَبُوءُ لَكَ بِذَنْبِي، فَاغْفِرْ لِي، فَإِنَّهُ لَا يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا أَنْتَ.
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلْمَرْوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنْ حَجَّ ٱلْبَيْتَ أَوِ ٱعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَا ۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ.

Окулушу:
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллааху валлааху акбар, Аллааху акбар ва лиллаахил хамд.
Лаа илааха иллаллаахул ваахидул ахадул фардус-самад, аллазии лам йаттахиз саахибатан ва лаа валадан, ва лам йакун лахуу шариикун фил-мулк, ва лам йакул-лаху валиййун миназ-зулли ва каббирху такбиираа.
Раббанаа хаб ланаа мин азваажинаа ва зурриййатинаа куррата аъйунин важъалнаа лил-муттакиина имаамаа.
Раббигфир вархам ваъфу ва акрим, ва тажааваз ъаммаа таълам, иннака таъламу маа лаа наълам, иннака анталлаахул-аъаззул-акрам.
Раббанаа аатина фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар.
Рабби хаб лии мил-ладунка зурриййтан таййиба, иннака самиъуд-дуъаа.
Раббижъалнии муқиимас-салаати ва мин зурриййтии, раббанаа ва такаббал дуъаа.
Фаатир ас-самааваати валь-ард, анта валиййии фид-дунйаа валь-аахира, таваффании муслиман ва алхикнии бис-саалихиин.
Раббанагфир лии ва ливаалидаййа ва лил-муминиина йавма йакуумул-хисааб.
Раббирхамхумаа камаа раббайаании сагиираа.
Аллахумма иннии ас-алука хуббак, ва хубба ман йухиббук, ва хубба ъамалин йукаррибунии илаа хуббик.
Аллахумма хаббиб илайнал-иймаана ва заййинху фии кулуубинаа, ва каррих илайнал-куфра валь-фусуука валь-ъисйаан, важъальнаа минар-раашидиин.
Аллаахумма анта Раббии, лаа илааха иллаа анта, халактании ва анаа ъабдук, ва анаа ъалаа ъахдика ва ваъдика мастатаът, аъуузу бика мин шарри маа санаът. Абуу-у лака биниъматика ъалаййа, ва абуу-у лака бизанбии, фагфир лии, фа иннахуу лаа йагфируз-зунууба иллаа ант.
Иннас-Сафаа вал-Марвата мин шаъааириллахи. Фаман хажжал-Байта авиътамара фалаа жунааха ъалайхи ан йаттаввафа бихимаа. Ва ман татававваъа хайран фа-инналлааха шаакирун алийм.

Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал Жалгыз, Бирөө, Түбөлүктүү, бардык нерсе Ага муктаж. Ал жубай алган эмес, бала да көргөн эмес. Падышалыгында Анын эч кандай шериги жок. Алсыздыктан улам жардамчыга да муктаж эмес. Ошондуктан Аны эң улуу деп даңазалагыла.
Оо, Раббибиз! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көз кубантар жакшылык бере көр. Бизди такыба адамдарга үлгү кыла көр.
Оо, Раббим! Мени кечире көр, мага ырайым кыл, күнөөлөрүмдү өчүр, мени урмат-сыйга бөлө. Өзүң билген бардык кемчиликтеримди кечире көр. Чынында, Сен биз билбеген нерселерди да билесиң. Сен эң Кудиреттүү, эң Берешен Аллахсың.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозоктун азабынан сакта.
Оо, Раббим! Мага жакшы, ыймандуу урпак бере көр. Чынында, Сен дубаларды Угуучусуң.
Оо, Раббим! Мени намазды толук аткаруучулардын катарына кош. Урпактарымды да ошондой кыла көр. Оо, Раббибиз! Дубамды кабылдай көр.
Оо, асмандар менен жерди Жаратуучу! Сен бул дүйнөдө менин Колдоочумсуң. (Оо Раббим!) Өмүрүмдүн соңунда мусулман абалда жанымды ала көр жана мени салих (такыба) пенделериңдин катарына кош.
Оо, Раббибиз! Мени, ата-энемди жана бардык момундарды Кыямат күнү, эсеп-кысап боло турган күнү кечире көр.
Оо, Раббим! Алар мени кичинемде мээрим менен тарбиялап өстүргөндөй, Сен да аларга ырайым кыла көр.
Оо, Алла! Сенин жакшы көрүүңдү, Сени сүйгөн адамдардын жакшы көрүүсүн жана мени Сенин сүйүүңө жакындата турган амалдарды насип кыла көр.
Оо, Алла! Ыйманды бизге сүйкүмдүү кылып, аны жүрөктөрүбүздү кооздо. Каапырлыкты, бузукулукту жана күнөөкөрлүктү бизге жек көрсөт. Бизди туура жолдо жүргөн пенделериңден кыла көр.
Оо, Алла! Сен менин Раббимсиң. Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Мени Сен жараттың, мен Сенин кулуңмун. Колумдан келишинче Сенин убадаңа жана келишимиңе бекем болууга аракет кылам. Өзүм кылган жамандыктардын жамандыгынан Сага сыйынам. Мага берген бардык нээматтарыңды моюнга алам. Өз күнөөмдү да мойнума алам. Ошондуктан мени кечире көр. Анткени күнөөлөрдү Сенден башка эч ким кечире албайт.
«Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип, же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» («Бакара», 158).

ТӨРТҮНЧҮ ШАВТ

اللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ وَاللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، وَلِلّٰهِ الْحَمْدُ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ الْمَلِكُ الْحَقُّ الْمُبِينُ، مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللهِ صَادِقُ الْوَعْدِ الْأَمِينُ.
اللَّهُمَّ أَحْيِنِي عَلَى سُنَّةِ نَبِيِّكَ، وَتَوَفَّنِي عَلَى مِلَّتِهِ، وَأَعِذْنِي مِنْ مُضِلَّاتِ الْفِتَنِ.
سُبْحَانَكَ مَا عَبَدْنَاكَ حَقَّ عِبَادَتِكَ يَا اللهُ.
سُبْحَانَكَ مَا ذَكَرْنَاكَ حَقَّ ذِكْرِكَ يَا اللهُ.
سُبْحَانَكَ مَا شَكَرْنَاكَ حَقَّ شُكْرِكَ يَا اللهُ.
سُبْحَانَكَ مَا أَعْلَى شَأْنَكَ يَا اللهُ.
سُبْحَانَ اللهِ عَدَدَ خَلْقِهِ.
سُبْحَانَ اللهِ رِضَا نَفْسِهِ.
سُبْحَانَ اللهِ زِنَةَ عَرْشِهِ.
سُبْحَانَ اللهِ مِدَادَ كَلِمَاتِهِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ كَمَا هَدَيْتَنِي لِلْإِسْلَامِ أَنْ لَا تَنْزِعَهُ مِنِّي مِنِّي حَتَّى تَتَوَفَّانِي عَلَيْهِ وَأَنَا مُسْلِمٌ.
اللَّهُمَّ اجْعَلْ فِي قَلْبِي نُورًا، وَفِي لِسَانِي نُورًا، وَفِي بَصَرِي نُورًا، وَفِي سَمْعِي نُورًا، وَعَنْ يَمِينِي نُورًا، وَعَنْ يَسَارِي نُورًا، وَمِنْ فَوْقِي نُورًا، وَمِنْ تَحْتِي نُورًا، وَمِنْ أَمَامِي نُورًا، وَمِنْ خَلْفِي نُورًا، وَاجْعَلْ لِي فِي نَفْسِي نُورًا.
اللَّهُمَّ انْفَعْنِي بِمَا عَلَّمْتَنِي، وَعَلِّمْنِي مَا يَنْفَعُنِي، وَارْزُقْنِي عِلْمًا تَنْفَعُنِي بِهِ.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي، وَوَسِّعْ لِي فِي رِزْقِي، وَبَارِكْ لِي فِيمَا رَزَقْتَنِي.
اللَّهُمَّ أَحْسِنْ عَاقِبَتَنَا فِي الْأُمُورِ كُلِّهَا، وَأَجِرْنَا مِنْ خِزْيِ الدُّنْيَا وَعَذَابِ الْآخِرَةِ.
اللَّهُمَّ طَهِّرْ قَلْبِي مِنَ النِّفَاقِ، وَعَمَلِي مِنَ الرِّيَاءِ، وَلِسَانِي مِنَ الْكَذِبِ، وَعَيْنِي مِنَ الْخِيَانَةِ، فَإِنَّكَ تَعْلَمُ خَائِنَةَ الْأَعْيُنِ وَمَا تُخْفِي الصُّدُورُ.
اللَّهُمَّ ارْحَمْنِي بِتَرْكِ الْمَعَاصِي أَبَدًا مَا أَبْقَيْتَنِي، وَارْحَمْنِي أَنْ أَتَكَلَّفَ مَا لَا يَعْنِينِي، وَارْزُقْنِي حُسْنَ النَّظَرِ فِيمَا يُرْضِيكَ عَنِّي.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَاعْفُ وَتَكَرَّمْ وَتَجَاوَزْ عَمَّا تَعْلَمُ، إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا لَا نَعْلَمُ، إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعَزُّ الْأَكْرَمُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً، وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً، وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ.
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلْمَرْوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنْ حَجَّ ٱلْبَيْتَ أَوِ ٱعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَا ۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ.

Окулушу:
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллааху валлааху акбар, Аллааху акбар ва лиллаахил хамд.
Лаа илааха иллаллаахул-маликул-хаккул-мубийн. Мухаммадур-Расулуллахи Саадикул-ваъдил-амийн.
Аллахумма ахйинии ъалаа суннати набиййик, ва таваффании ъалаа миллатихии, ва аъизнии мин мудиллаатил-фитан.
Субхаанака маа ъабаднаака хакка ъибаадатика йаа Аллах.
Субхаанака маа закарнаака хакка зикрика йаа Аллах.
Субхаанака маа шакарнаака хакка шукрика йаа Аллах.
Субхаанака маа аълаа ша-нака йаа Аллах.
Субханаллаахи ъадада халқихии.
Субхааналлаахи ридаа нафсихии.
Субхааналлаахи зината ъаршихии.
Субхааналлаахи мидаада калимаатихии.
Аллахумма инни ас-алука камаа хадайтании лил-ислаами ал-лаа танзиъахуу минни, хаттаа татаваффании ъалайхи ва ана муслим.
Аллахуммажъал фии калбии нуураа, ва фии лисаании нуураа, ва фии басарии нуураа, ва фии самъии нуураа, ва ъан йамиинии нуураа, ва ъан йасаарии нуураа, ва мин фавкии нуураа, ва мин тахтии нуураа, ва мин амаамии нуураа, ва мин халфии нуураа, важъал лии фии нафсии нуураа.
Аллаахумманфаънии бимаа ъалламтании, ва ъаллимнии маа йанфаъунии, варзукнии ъилман танфаъунии бихии.
Аллаахуммагфир лии занбии, ва вассиъ лии фии ризкии, ва баарик лии фиимаа разактании.
Аллаахумма ахсин ъаакибатанаа фил-умуури куллихаа, ва ажирнаа мин хизйид-дунйаа ва ъазаабил-аахира.
Аллаахумма таххир калбии минан-нифааки, ва ъамалии минар-рийааи, ва лисаании минал-казиби, ва ъайнии минал-хийаанати, фа иннака таъламу хааинатал-аъйуни ва маа тухфис-судуур.
Аллахуммархамнии битаркил-маъаасии абадан маа абкайтании вархамнии ан атакаллафа маа лаа йаъниинии, варзукнии хуснан-назари фиимаа йурдика ъаннии.
Раббигфир вархам ваъфу ва такаррам ва тажааваз ъаммаа таълам, иннака таъламу маа лаа наълам, иннака антал-аъаззул-акрам.
Раббанаа аатинаа фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа ъазаабан-наар.
Иннас-Сафаа вал-Марвата мин шаъааириллахи. Фаман хажжал-Байта авиътамара фалаа жунааха ъалайхи ан йаттаввафа бихимаа. Ва ман татававваъа хайран фа-инналлааха шаакирун алийм.

Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Алладан башка чыныгы кудай жок. Ал – чыныгы Падыша, Акыйкат жана айкын. Мухаммад – Алланын Элчиси, убадасына бекем турган жана толук ишенимдүү зат.
Оо, Алла! Мени Пайгамбарыңдын (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) сүннөтү менен жашат. Жанымды анын дининде ал. Мени адамдарды адаштыруучу фитналарынан сакта.
Оо, Алла! Сен бардык кемчиликтен аруусуң. Биз Сага татыктуу түрдө ибадат кыла алган жокпуз.
Оо, Алла! Сен бардык кемчиликтен аруусуң. Биз Сени татыктуу түрдө зикир кыла алган жокпуз.
Оо, Алла! Сен бардык кемчиликтен аруусуң. Биз Сага татыктуу түрдө шүгүр кыла алган жокпуз.
Оо, Алла! Сен бардык кемчиликтен аруусуң. Сенин улуулугуң кандай гана бийик!
Алла бардык жараткандарынын санынчалык даңкталсын.
Алла Өзүнүн ыраазылыгына ылайык даңкталсын.
Алла Аршына ылайык даңкталсын.
Анын сөздөрүнүн канчалык болсо, ошончолук даңк.
Оо, Алла! Мени исламга туура жолго салганың сыяктуу эле, аны менден ажыратып койбо, мени өмүрүмдүн акырына чейин исламда бекем карма.
(Ислам динин) менден ажыратпа. Мени ушул диндин үстүндө, мусулман бойдон жанымды алганга чейин бекем карма.
Оо, Алла! Жүрөгүмө нур бер. Тилиме нур бер. Көзүмө нур бер. Кулагыма нур бер. Оң тарабымдан нур бер. Сол тарабымдан нур бер. Үстүмдөн нур бер. Астымдан нур бер. Алдымдан нур бер. Артымдан нур бер. Жан дүйнөмдү да нурга бөлө.
Оо, Алла! Мага Өзүң үйрөткөн илимден пайда тийгиз. Мага пайдалуу илимди үйрөт. Мага пайда алып келе турган илимди насип кыл.
Оо, Алла! Күнөөлөрүмдү кечир. Ырыскымды кеңейт. Мага берген ырыскыңа береке бер.
Оо, Алла! Бардык иштерибиздин соңун жакшы кыл. Бизди бул дүйнөдөгү кордуктан жана акыреттеги азаптан сакта.
Оо, Алла! Жүрөгүмдү эки жүздүүлүктөн тазала. Амалымды риядан (эл көрсүндөн) тазала. Тилимди жалгандан тазала. Көзүмдү кыянаттан сакта. Чындыгында, Сен көздөрдүн жашыруун кыянатын да, көкүрөктөр жашырган сырларды да толук Билүүчүсүң.
Оо, Алла! Мени тирүү кармап турганыңча, күнөө иштерди таштоодо мага Өз ырайымыңды насип кыл.
Оо, Алла! Мага тиешеси жок иштерге аралашуудан Өз ырайымың менен сакта. Мени Өзүң ыраазы боло турган нерселерге туура көз караш менен кароого насип кыл.
Оо, Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыл, күнөөлөрүмдү кечип кой, мага айкөлдүгүңдү көрсөт жана Өзүң билген кемчиликтеримди кечире көр. Анткени Сен биз билбеген нерселерди да билесиң. Чындыгында, эң Кудиреттүү да, эң Берешен да – Өзүңсүң.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозоктун азабынан сакта.
«Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип, же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» («Бакара», 158).

БЕШИНЧИ ШАВТ

اللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ وَاللهُ أَكْبَرُ، اللهُ أَكْبَرُ، وَلِلّٰهِ الْحَمْدُ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ الْعَلِيُّ الْعَظِيمُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ الْحَكِيمُ الْكَرِيمُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ الْبَدِيعُ الْعَلِيمُ، سُبْحَانَ اللهِ رَبِّ السَّمَاوَاتِ السَّبْعِ وَرَبِّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَاعْفُ وَتَكَرَّمْ، وَتَجَاوَزْ عَمَّا تَعْلَمُ، إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا لَا نَعْلَمُ، إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعَزُّ الْأَكْرَمُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً، وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ.
رَبَّنَا اصْرِفْ عَنَّا عَذَابَ جَهَنَّمَ، إِنَّ عَذَابَهَا كَانَ غَرَامًا.
أَنْتَ وَلِيُّنَا فَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الْغَافِرِينَ.
وَاكْتُبْ لَنَا فِي هٰذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ إِنَّا هُدْنَا إِلَيْكَ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ.
رَبِّ زِدْنِي عِلْمًا وَأَلْحِقْنِي بِالصَّالِحِينَ.
رَبَّنَا اٰمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا وَأَنْتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ.
رَبِّ هَبْ لِي حُكْمًا وَأَلْحِقْنِي بِالصَّالِحِينَ، وَاجْعَلْ لِي لِسَانَ صِدْقٍ فِي الْآخِرِينَ، وَاجْعَلْنِي مِنْ وَرَثَةِ جَنَّةِ النَّعِيمِ، وَلَا تُخْزِنِي يَوْمَ يُبْعَثُونَ، يَوْمَ لَا يَنْفَعُ مَالٌ وَلَا بَنُونَ، إِلَّا مَنْ أَتَى اللَّهَ بِقَلْبٍ سَلِيمٍ.
رَبَّنَا ظَلَمْنَا أَنْفُسَنَا وَإِنْ لَمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ.
رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً، إِنَّكَ أَنْتَ الْوَهَّابُ.
رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَإِسْرَافَنَا فِي أَمْرِنَا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي جَمِيعَ مَا أَسْلَفْتُهُ، وَاعْصِمْنِي فِيمَا بَقِيَ، وَارْزُقْنِي عَمَلًا صَالِحًا تَرْضَى بِهِ عَنِّي يَا ذَا الْفَضْلِ الْعَظِيمِ.
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلْمَرْوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنْ حَجَّ ٱلْبَيْتَ أَوِ ٱعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَا ۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ.

Окулушу: 
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллааху валлааху акбар, Аллааху акбар ва лиллаахил хамд.
Лаа илаааха иллаллаахул ъалиййул-ъазийм. Лаа илааха иллаллаахул хакиимул карийм. Лаа илааха иллаллаахул бадииъул ъалийм. Субханаллаахи Раббис-самааваатис-сабъи ва Раббил-ъаршил-ъазийм.
Раббигфир вархам ваъфу ва такаррам ва тажааваз ъаммаа таълам. Иннака таъламу маа лаа наълам. Иннака анталь-аъаззуль-акрам.
Раббанаа аатина фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кина ъазаабан-наар.
Раббанасриф ъаннаа ъазааба жаханнам. Инна ъазаабахаа каана гараамаа.
Анта валиййунаа фагфир ланаа вархамнаа ва анта хайрул-гаафирийн.
Вактуб ланаа фии хаазихид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати иннаа худнаа илайк.
Лаа илааха иллаа анта субхаанака иннии кунту миназ-заалимийн.
Раббигфир вархам ва анта хайрур-раахимийн.
Рабби зиднии ъилман, ва алхикнии бис-соолихийн.
Раббанаа ааманнаа фагфир ланаа вархамнаа ва анта хайрур-раахимиин.
Рабби хаб лии хукман ва алхикнии бис-соолихиин. Важъал лии лисаана сидкин фил-аахириин. Важъалнии мин варасати жаннатин-наъиим. Ва лаа тухзинии йавма йубъасуун. Йавма лаа йанфаъу маалув-ва лаа бануун. Иллаа ман ата-Ллааха бикалбин салиим.
Раббанаа заламнаа анфусанаа ва ил-лам тагфир ланаа ва тархамнаа ланакуунанна минал-хаасириин.
Раббанаа лаа тузиг кулуубанаа баъда из хадайтанаа ва хаб ланаа мил-ладунка рахматан иннака антал-Ваххааб.
Раббанагфир ланаа зунуубанаа ва исраафанаа фии амринаа ва саббит акдааманаа вансурнаа ъалал-кавмил-каафириин.
Аллоохуммагфир лии жамииъа маа аслафтуху, ваъсимнии фиимaa бакийа, варзукнии ъамалан саалихан тардаа бихии ъаннии, йаа зал-фадлил-ъазийм.
Иннас-Сафаа вал-Марвата мин шаъааириллахи. Фаман хажжал-Байта авиътамара фалаа жунааха ъалайхи ан йаттаввафа бихимаа. Ва ман татававваъа хайран фа-инналлааха шаакирун алийм.

Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал – эң Аруу, эң Улуу. Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал – Даанышман, өтө Берешен. Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал – Жаратуучу, бардык нерсени Билүүчү. Жети асмандын жана улуу Арштын Раббиси болгон Алла бардык кемчиликтен аруу!
Оо, Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыл, күнөөлөрүмдү кечип кой, мага кең пейилдик көрсөт жана Өзүң билген кемчиликтеримди кечире көр. Анткени Сен биз билбеген нерселерди да билесиң. Чындыгында, эң Кудиреттүү да, эң Берешен да – Өзүңсүң.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозоктун азабынан сакта.
Оо, Раббибиз! Бизден тозоктун азабын оолак кыла көр. Чындыгында, анын азабы эч качан бүтпөгөн оор азап.
Сен биздин Кожоюнубуз жана Коргоочубузсуң. Бизди кечире көр, бизге ырайым кыл. Сен – кечирүүчүлөрдүн эң Жакшысысың.
Бизге бул дүйнөдө да жакшылык жаз, акыретте да жакшылык жаз. Чындыгында, биз Өзүңө тооба кылып кайрылдык.
Сенден башка эч бир кудай жок. Сен бардык кемчиликтен аруусуң. Чындыгында, мен өзүмө зулум кылуучулардан болдум.
Оо, Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыл. Анткени Сен – ырайым кылуучулардын эң Жакшысысың.
Оо, Раббим! Илимимди арттыр жана мени салих, изги пенделериңе кош.
Оо, Раббибиз! Ыйман келтирдик. Эми бизди кечир, бизге ырайым кыл. Сен – ырайым кылуучулардын эң жакшысысың.
Оо, Раббим! Мага даанышмандык жана туура өкүм чыгаруу жөндөмүн бер, мени салихтердин арасына кош. Акыркы муундардын арасында мага жакшы ысым, чынчыл даңк насип эт. Мени Наъим жаннатынын мураскерлеринен кыл. Кайра тириле турган күнү мени шерменде кылба. Ал күнү мал-мүлк да, бала-чака да эч кимге пайда бербейт. Аллага таза, саламат жүрөк менен келген адам гана кутулат.
Оо, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, бизге ырайым кылбасаң, анда биз сөзсүз зыян тарткандардын катарында болобуз.
Оо, Раббибиз! Бизди туура жолго салгандан кийин жүрөгүбүздү адаштырба. Өз алдыңдан бизге ырайым бер. Чындыгында, Сен – эң мыктысын Берүүчүсүң.
Оо, Раббибиз! Күнөөлөрүбүздү жана иштерибиздеги чектен чыгууларыбызды кечир. Кадамдарыбызды бекем кыл жана каапыр коомго каршы бизге жардам бер.
Оо, Алла Таалам! Менин мурда кылып өткөн бардык күнөөлөрүмдү кечир. Мындан ары кала турган иштеримде мени күнөөдөн сакта. Өзүң ыраазы боло турган жакшы, салих амалдарды кылууга насиптүү кыл, оо, улуу пазилеттин Ээси!
«Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип, же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» («Бакара», 158).

АЛТЫНЧЫ ШАВТ

الله أكبر، الله أكبر، لا إله إلا الله والله أكبر، الله أكبر، ولله الحمد.
اللَّهُمَّ فَاطِرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ عَالِمَ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ رَبَّ كُلِّ شَيْءٍ وَمَلِيكَهُ، أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلَّا أَنْتَ، أَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ نَفْسِي، وَشَرِّ الشَّيْطَانِ وَشِرْكِهِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الشَّكِّ وَالشِّرْكِ وَالنِّفَاقِ وَالشِّقَاقِ وَسُوءِ الْأَخْلَاقِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْإِثْمِ وَمِنْ عَذَابِ النَّارِ وَمِنْ عَذَابِ الْقَبْرِ وَمِنْ فِتْنَةِ الْغِنَى، وَفِتْنَةِ الْفَقْرِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ جَهْدِ الْبَلَاءِ، وَدَرَكِ الشَّقَاءِ، وَسُوءِ الْقَضَاءِ، وَشَمَاتَةِ الْأَعْدَاءِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ زَوَالِ نِعْمَتِكَ، وَتَحَوُّلِ عَافِيَتِكَ، وَفُجَاءَةِ نِعْمَتِكَ، وَجَمِيعِ سَخَطِكَ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْمَأْثَمِ وَالْمَغْرَمِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْهَمِّ وَالْحَزَنِ، وَمِنَ الْعَجْزِ وَالْكَسَلِ، وَمِنَ الْجُبْنِ وَالْبُخْلِ، وَالْقَسْوَةِ وَالْغَفْلَةِ، وَالذِّلَّةِ وَالْمَسْكَنَةِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ يَوْمِ السُّوءِ، وَمِنْ لَيْلَةِ السُّوءِ، وَمِنْ سَاعَةِ السُّوءِ، وَمِنْ صَاحِبِ السُّوءِ، وَمِنْ جَارِ السُّوءِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ أَنْ أَظْلِمَ أَوْ أُظْلَمَ.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَاعْفُ وَتَكَرَّمْ وَتَجَاوَزْ عَمَّا تَعْلَمُ، إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا لَا نَعْلَمُ، إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعَزُّ الْأَكْرَمُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ يُحْيِي وَيُمِيتُ بِيَدِهِ الْخَيْرُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ.
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلْمَرْوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنْ حَجَّ ٱلْبَيْتَ أَوِ ٱعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَا ۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ.

Окулушу:
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар, Аллааху акбар, ва лиллаахил хамд.
Аллаахумма фаатирас-самааваати вал-ард, аалимал-гайби ваш-шахаада, Рабби кулли шай-ин ва малиикахуу. Ашхаду ал-лаа илааха иллаа ант. Аъуузу бика мин шарри нафсии, ва шарриш-шайтоони ва ширкихи.
Аллаахумма иннии аъуузу бика минаш-шакки, ваш-ширки, ван-нифааки, ваш-шикааки, ва сууил-ахлаак.
Аллаахумма иннии аъуузу бика минал-исми, ва мин ъазаабин-наар, ва мин ъазаабил-кабр, ва мин фитнатил-гинаа, ва фитнатил-факр.
Аллаахумма иннии аъуузу бика мин жаҳдил-балаа, ва даркиш-шакаа, ва сууил-кадаа, ва шамаататил-аъдаа.
Аллаахумма иннии аъуузу бика мин заваали ниъматик, ва тахаввули ъаафийатик, ва фужаа-ати никматик, ва жамииъи сахатик.
Аллаахумма иннии аъуузу бика минал-ма-сами вал-маграм.
Аллаахумма иннии аъуузу бика минал-хамми вал-хазан, ва минал-ажзи вал-касал, ва минал-жубни вал-бухл, вал-касвати вал-гафлати ваз-зиллати вал-маскана.
Аллаахумма иннии аъуузу бика мин йаумис-суу, ва мин лайлатис-суу, ва мин сааъатис-суу, ва мин саахибис-суу, ва мин жаарис-суу.
Аллаахумма иннии аъуузу бика мин ан азлима ав узлим.
Раббигфир вархам ваъфу ва такаррам ва тажааваз ъаммаа таълам. Иннака таъламу маа лаа наълам. Иннака антал-аъаззуль-акрам.
Раббана аатина фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа азаабан-наар.
Лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шариика лах. Лахул-мулку ва лаҳул-хамд. Йухйии ва юмийт, бийадихил-хайр, ва хува ъалаа кулли шай-ин кадийр.
Иннас-Сафаа вал-Марвата мин шаъааириллахи. Фаман хажжал-Байта авиътамара фалаа жунааха ъалайхи ан йаттаввафа бихимаа. Ва ман татававваъа хайран фа-инналлааха шаакирун алийм.

Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Оо, Алла! Асмандар менен жерди жоктон бар кылуучу, жашыруунду да, көрүнгөндү да Билүүчү, бардык нерсенин Раббиси жана Эгеси! Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине күбөлүк берем. Напсимдин начарлыгынан, шайтандын жамандыгынан жана азгырыгынан Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Алла! Шектенүүдөн, Сага шерик кошуудан, эки жүздүүлүктөн, адамдар менен касташуудан жана жаман мүнөздөн Өзүңө баш калкалайм.
Оо, Алла! Күнөөлөрдөн, тозоктун азабынан, кабырдын азабынан, байлыктын сыноосунан жана жакырчылыктын сыноосунан Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Алла! Оор балээнин оордугунан, бактысыздыкка жеткирген мүшкүлдөн, тайкы тагдырдан жана душмандардын күлкүсүнө калуудан Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Алла! Берген нээматыңдын жок болушунан, ден соолуктун жана тынчтыктын кетилишинен, капыстан келер жазаңдан жана каарыңдын бардык түрүнөн Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Алла! Күнөөгө малынуудан жана карызга белчеден батуудан Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Алла! Мүңкүрөтөр кайгыдан, санаадан, жалкоолуктан, коркоктуктан, сараңдыктан, жүрөктүн катуулугунан, кайдыгерликтен, кордуктан жана муктаждыкка түшүүдөн Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Алла! Капилет күндөн, караңгы түндөн, балээлүү ирмемден, жаман жолдоштон жана начар кошунадан Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Алла! Бирөөгө зулум кылуумдан же өзүм зулумдук көрүүдөн Өзүңдөн коргоо сурайм (Сага сыйынам).
Оо, Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыл, күнөөлөрүмдү өчүр, мага кең пейилдик көрсөт жана Өзүң билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Анткени Сен биз билбегенди билесиң. Чындыгында, Сен – эң Кудиреттүү, эң Айкөлсүң!
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сакта.
Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Ал – Жалгыз, Анын эч кандай шериги жок. Бардык бийлик Ага таандык, бардык мактоо да Ага таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Бардык жакшылык Анын колунда. Ал бардык нерсеге Кудиреттүү.
«Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип, же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» («Бакара», 158).

ЖЕТИНЧИ ШАВТ

الله أكبر، الله أكبر، لا إله إلا الله والله أكبر، الله أكبر، ولله الحمد.
لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ الْعَظِيمُ الْحَلِيمُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ رَبُّ الْعَرْشِ الْكَرِيمِ.
اللَّهُمَّ لَا مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ، وَلَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ.
رَبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَاعْفُ وَتَكَرَّمْ وَتَجَاوَزْ عَمَّا تَعْلَمُ، إِنَّكَ تَعْلَمُ مَا لَا نَعْلَمُ، إِنَّكَ أَنْتَ الْأَعَزُّ الْأَكْرَمُ.
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ.
اللَّهُمَّ اهْدِنِي فِيمَنْ هَدَيْتَ، وَعَافِنِي فِيمَنْ عَافَيْتَ، وَتَوَلَّنِي فِيمَنْ تَوَلَّيْتَ، وَبَارِكْ لِي فِيمَا أَعْطَيْتَ، وَقِنِي شَرَّ مَا قَضَيْتَ، إِنَّكَ تَقْضِي وَلَا يُقْضَى عَلَيْكَ، إِنَّهُ لَا يَذِلُّ مَنْ وَالَيْتَ، وَلَا يَعِزُّ مَنْ عَادَيْتَ، تَبَارَكْتَ رَبَّنَا وَتَعَالَيْتَ، فَلَكَ الْحَمْدُ عَلَى مَا قَضَيْتَ، نَسْتَغْفِرُكَ وَنَتُوبُ إِلَيْكَ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْهُدَى وَالتُّقَى وَالْعَفَافَ وَالْغِنَى.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ قَلْبًا سَلِيمًا وَلِسَانًا صَادِقًا.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الصِّحَّةَ وَالْعِفَّةَ وَالْأَمَانَةَ وَحُسْنَ الْخُلُقِ وَالرِّضَى بِالْقَدَرِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الطَّيِّبَاتِ، وَتَرْكَ الْمُنْكَرَاتِ، وَحُبَّ الْمَسَاكِينِ، وَأَنْ تَتُوبَ عَلَيَّ، وَتَغْفِرَ لِي وَتَرْحَمَنِي.
اللَّهُمَّ زِدْنِى عِلْمًا وَلَا تُزِغْ قَلْبِي بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنِي وَهَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً إِنَّكَ أَنْتَ الْوَهَّابُ.
رَبِّ أَوْزِعْنِي أَنْ أَشْكُرَ نِعْمَتَكَ الَّتِي أَنْعَمْتَ عَلَيَّ وَعَلَى وَالِدَيَّ وَأَنْ أَعْمَلَ صَالِحًا تَرْضَاهُ وَأَدْخِلْنِي بِرَحْمَتِكَ فِي عِبَادِكَ الصَّالِحِينَ.
رَبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرًا.
رَبَّنَا اغْفِرْ لِي وَلِوَالِدَيَّ وَلِلْمُؤْمِنِينَ يَوْمَ يَقُومُ الْحِسَابُ.
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلْمَرْوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنْ حَجَّ ٱلْبَيْتَ أَوِ ٱعْتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَا ۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ.

Окулушу:
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар, Аллааху акбар, ва лиллаахил хамд.
Ла илааха иллаллаахул-азиймул-халийм. Лаа илааха иллаллааху Раббус-самааваати вал-ард. Лаа илааха иллаллааху Раббул-аршил-карийм.
Аллаахумма лаа мааниъа лимаа аътайт, ва лаа муътийа лимаа манаът, ва лаа йанфаъу зал-жадди минкал-жадд.
Раббигфир вархам ваъфу ва такаррам ва тажааваз ъаммаа таълам. Иннака таъламу маа лаа наълам. Иннака анталь-аъаззуль-акрам.
Раббана аатина фид-дунйаа хасанатан ва фил-аахирати хасанатан ва кинаа азаабан-наар.
Аллаахуммахдинии фимман хадайт, ва ъаафинии фииман аафайт, ва таваллании фииман таваллайт, ва баарик лии фиимаа аътайт, ва кынии шарра маа кадайт. Иннака такдии ва лаа йукдаа ъалайк. Иннахуу лаа йазиллу ман валайт, ва лаа йаъиззу ман аадайт. Табааракта Раббана ва таъаалайт. Фалакал-хамду ъалаа маа кадайт, настагфирука ва натуубу илайк.
Аллаахумма иннии ас-алукал-худаа ват-тукаа вал-ъафаафа вал-гинаа.
Аллаахумма иннии ас-алука калбан салийман ва лисаанан саадикаа.
Аллаахумма иннии ас-алукас-сыххата вал-ъиффата вал-амааната ва хуснал-хулуки вар-ридаа бил-кадар.
Аллаахумма иннии ас-алукат-таййибаат, ва таркал-мункараат, ва хуббал-масаакийн, ва ан татууба ъалаййа, ва тагфира лии, ва тархамании.
Аллаахумма зиднии ъилман ва лаа тузиг калбии баъда ан хадайтании ва хаб лии мин ладунка рахматан, иннака анталь-ваххааб.
Рабби авзиънии ан ашкура ниъматака аллатии анъамта ъалаййа ва ъалаа ваалидаййа ва ан аъмала саалихан тардааху ва адхилнии бирахматика фии ъибаадикас-саалихиин.
Раббир-хамхума камаа раббайаании сагиираа.
Раббанагфир лии ва ливаалидаййа ва лил-му-миниина йаума йакуумул-хисааб.
Иннас-Сафаа вал-Марвата мин шаъааириллахи. Фаман хажжал-Байта авиътамара фалаа жунааха ъалайхи ан йаттаввафа бихимаа. Ва ман татававваъа хайран фа-инналлааха шаакирун алийм.
Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Улуу жана Боорукер Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Асмандардын жана Жердин Раббиси болгон Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Улуу Арштын Раббиси болгон Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок.
Оо, Алла! Сен берген нерсени эч ким тосо албайт. Сен тоспогон нерсени эч ким бере да албайт. Дүйнөдөгү күч-кубат же байлык Сенин алдыңда эч кимге пайда бербейт.
Оо, Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыл, күнөөлөрүмдү кечирегөр, мага Өзүңдүн айкөлдүгүңдү көрсөт жана Өзүң билген бардык кемчиликтеримди кечир. Анткени Сен биз билбегенди билесиң. Чындыгында, Сен эң Кудиреттүү жана эң Берешенсиң.
Оо, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө жакшылык бер, акыретте да жакшылык бер жана бизди тозоктун азабынан сакта.
Оо, Алла! Өзүң туура жолго салгандардын катарына мени да кошуп, туура жол көрсөт. Өзүң амандык бергендердин катарына мени да кошуп, амандык бер. Өзүң дос туткандардын катарына мени да кошуп, колдой көр. Мага берген нээматтарыңа береке бере көр. Өкүм кылган нерселериңдин жамандыгынан мени сакта. Чындыгында, өкүмдү Сен чыгарасың, Сага эч ким өкүм чыгара албайт. Сен колдогон адам эч качан кор болбойт. Сен душман болгон адам эч качан чыныгы урматка жетпейт. Оо, Раббибиз! Сен Айкөлсүң жана эң Улуксуң. Чыгарган өкүмдөрүң үчүн бардык мактоо Сага таандык. Сенден кечирим сурайбыз жана Сага тообо кылабыз.
Оо, Алла! Сенден туура жолду, такыбалыкты, ар-намыстуулукту жана (руханий) байлыкты сурайм.
Оо, Алла! Сенден таза жүрөк жана чынчыл тил сурайм.
Оо, Алла! Сенден ден соолук, ар-намыстуулук, аманаткөйлүк, көркөм кулк-мүнөздү жана тагдырыңа ыраазы болууну сурайм.
Оо, Алла! Сенден бардык жакшы нерселерди сурайм. Жаман иштерден алыс болууну, жакырларды сүйүүнү, менин тообомду кабыл алууңду, мени кечирүүңдү жана мага ырайым кылууңду сурайм.
Оо, Алла! Менин илимимди көбөйт. Мени туура жолго салгандан кийин жүрөгүмдү адаштырба. Өзүңдүн улуу даргөйүңдөн мага ырайым белек кыл. Чындыгында, Сен – эң көп белек Берүүчүсүң!
Оо, Раббим! Мага Өзүң берген жана ата-энеме берген нээматтарыңа шүгүр кылуумду насип кыл. Өзүң ыраазы боло турган жакшы амалдарды кылуума жардам бер. Мени Өз ырайымың менен салих пенделериңдин катарына кош.
Оо, Раббим! Ата-энем мага кичинекей кезимде мээрим төгүп тарбия бергендей, Сен да аларга ырайым кыл.
Оо, Раббибиз! Эсеп күнү турганда мени, ата-энемди жана бардык ыймандууларды кечире көр.
«Сафа менен Марва  – Алланын белгилеринен. Кимде-ким үйгө  ажылыкка келип, же зыярат  кылса, ага экөөсүн  (тең) айланууда күнөө жок. Анткени Алла – шүгүрчүлүктөрдү кабыл кылуучу, Билүүчү» («Бакара», 158).

САЪЙ АТКАРЫЛЫП БҮТКӨНДӨН КИЙИН МАРВАДА ОКУЛЧУ ДУБА:

اللَّهُ أَكْبَرُ، اللَّهُ أَكْبَرُ، اللَّهُ أَكْبَرُ، لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَاللَّهُ أَكْبَرُ، اللَّهُ أَكْبَرُ وَلِلَّهِ الْحَمْدُ.
اللَّهُمَّ إِنَّكَ قُلْتَ «ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ» وَإِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَادَ، وَإِنِّي أَسْأَلُكَ كمَا هَدَيْتَنِى لِلْإِسْلَامِ، أَنْ لَا تَنْزِعَهُ مِنِّي حَتَّى تَتَوَفَّانِي وَأَنَا مُسْلِمٌ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْعَفْوَ وَالْعَافِيَةَ فِي دِينِي وَدُنْيَايَ وَأَهْلِي وَمَالِي.
اللَّهُمَّ قَنِّعْنِي بِمَا رَزَقْتَنِي، وَبَارِكْ لِي فِيهِ، وَاخْلُفْ عَلَيَّ كُلَّ غَائِبَةٍ لِي بِخَيْرٍ.
اللَّهُمَّ آتِ نَفْسِي تَقْوَاهَا وَزَكِّها، أَنْتَ خَيْرٌ مِنْ زَكَّاهَا، أَنْتَ وَلِيُّهَا وَمَوْلَاهَا.
اللَّهُمَّ يَا مُقَلِّبَ الْقُلُوبِ، ثَبِّتْ قَلْبِي عَلَى دِينِكَ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مُوجِبَاتِ رَحْمَتِكَ، وَعَزَائِمَ مَغْفِرَتِكَ، وَالسَّلَامَةَ مِنْ كُلِّ إِثْمٍ، وَالْفَوْزَ بِالْجَنَّةِ، وَالنَّجَاةَ مِنَ النَّارِ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْهُدَى وَالتُّقَى وَالْعَفَافَ وَالْغِنَى.
اللَّهُمَّ أَعِنِّي عَلَى ذِكْرِكَ وَشُكْرِكَ وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مِنَ الْخَيْرِ كُلِّهِ، مَا عَلِمْتُ مِنْهُ وَمَا لَمْ أَعْلَمْ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ الشَّرِّ كُلِّهِ، مَا عَلِمْتُ مِنْهُ، وَمَا لَمْ أَعْلَمْ.
اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْجَنَّةَ وَمَا قَرَّبَ إِلَيْهَا مِنْ قَوْلٍ أَوْ عَمَلٍ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنَ النَّارِ وَمَا قَرَّبَ إِلَيْهَا مِنْ قَوْلٍ أَوْ عَمَلٍ.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَا قَدَّمْتُ وَمَا أَخَّرْتُ، وَمَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي، أَنْتَ الْمُقَدِّمُ وَأَنْتَ الْمُؤَخِّرُ وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، لَا إِلَهَ إِلَّا أَنْتَ.
رَبَّنَا وَسِعْتَ كُلَّ شَيْءٍ رَحْمَةً وَعِلْمًا فَاغْفِرْ لِلَّذِينَ تَابُوا وَاتَّبَعُوا سَبِيلَكَ وَقِهِمْ عَذَابَ الْجَحِيمِ.
رَبَّنَا وَأَدْخِلْهُمْ جَنَّاتِ عَدْنٍ الَّتِي وَعَدْتَهُمْ وَمَنْ صَلَحَ مِنْ آبَائِهِمْ وَأَزْوَاجِهِمْ وَذُرِّيَّاتِهِمْ، إِنَّكَ أَنْتَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ. وَقِهِمُ السَّيِّئَاتِ، وَمَنْ تَقِ السَّيِّئَاتِ يَوْمَئِذٍ فَقَدْ رَحِمْتَهُ.

اللَّهُمَّ أَلِّفْ بَيْنَ قُلُوبِنَا، وَأَصْلِحْ ذَاتَ بَيْنِنَا، وَاهْدِنَا سُبُلَ السَّلَامِ، وَنَجِّنَا مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ، وَجَنِّبْنَا الْفَوَاحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ.
اللَّهُمَّ ابْسُطْ عَلَيْهَا مِنْ بَرَكَاتِكَ وَرَحْمَتِكَ وَفَضْلِكَ وَرِزْقِكَ.
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا وَتُبْ عَلَيْنَا، إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ.
اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَىٰ مُحَمَّدٍ وَعَلَىٰ آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا صَلَّيْتَ عَلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَعَلَىٰ آلِ إِبْرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ.
اللَّهُمَّ بَارِكْ عَلَىٰ مُحَمَّدٍ وَعَلَىٰ آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا بَارَكْتَ عَلَىٰ إِبْرَاهِيمَ وَعَلَىٰ آلِ إِبْرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ.

Окулушу:
Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллаах, валлааху акбар, Аллааху акбар, ва лиллаахил хамд.
Аллаахумма иннака култа: «Удъуунии астажиб лакум», ва иннака лаа тухлифул-мииъаад, ва иннии ас-алука камаа хадайтании лил-ислаами ал-лаа танзиъахуу миннии хаттаа таваффаании ва ана муслим.
Аллаахумма ас-алукал-ъафва вал-ъаафийата фии диинии ва дунйаайа ва ахлии ва маалии.
Аллаахумма канниънии бимаа разактании, ва баарик лии фиихи, вахлуф ъалаййа кулла гааибатин лии бихайр.
Аллаахумма аати нафсии такваахаа ва заккихаа анта хайру ман заккаахаа, анта валиййухаа ва мавлаахаа.
Аллаахумма йаа мукаллибал-кулууб, саббит калбии ъалаа дииник.
Аллаахумма иннии ас-алука муужибаати рахматика, ва ъазааима магфиратика, вас-салаамата мин кулли исмин, вал-фавза бил-жаннати, ван-нажаата минан-наар.
Аллаахумма иннии ас-алукал-худаа ват-тукаа вал-ъафаафа вал-гинаа.
Аллаахумма аъиннии ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибаадатик.
Аллаахумма иннии ас-алука минал-хайри куллихи, маа ъалимту минху ва маа лам аълам, ва аъуузу бика минаш-шарри куллихи, маа ъалимту минху, ва маа лам аълам.
Аллаахумма иннии ас-алукал-жанната ва маа карраба илайхаа мин кавлин ав ъамалин, ва аъуузу бика минан-наари ва маа карраба илайхаа мин кавлин ав ъамалин.
Аллаахуммагфир лии маа каддамту ва маа аххарту, ва маа асрарту ва маа аъланту, ва маа анта аъламу бихии миннии, антал-мукаддиму ва антал-муаххир, ва анта ъалаа кулли шай-ин кадиир, лаа илааха иллаа ант.
Раббанаа васиъта кулла шай-ин рахматан ва ъилман, фагфир лиллазиина таабуу ваттабаъуу сабиилака ва кихим ъазаабал-жахиим.
Раббанаа ва адхилхум жаннаати ъаднин аллатии ваъадтахум ва ман салаха мин аабаа-ихим ва азваажихим ва зурриййаатихим, иннака антал-ъазиизул-хакиим. Вакихимус-саййиаат, ва ман такис-саййи-аати йавмаизин факад рахимтах.
Аллаахумма аллиф байна кулуубинаа, ва аслих заата байнинаа, вахдинаа субулас-салаам, ва нажжинаа миназ-зулумаати илан-нур, ва жаннибнал-фаваахиша ма захара минхаа ва ма батан.
Аллаахуммабсут алайхаа мин баракаатика ва рахматика ва фадлика ва ризкик.
Аллаахуммагфир ланаа вархамнаа ва туб ъалайнаа, иннака антат-Тавваабур-Рахийм.
Аллаахумма салли ъалаа Мухаммадин ва ъалаа аали Мухаммадин камаа саллайта ъалаа Ибраахийма ва ъалаа аали Ибраахийма, иннака Хамийдум-Мажийд.
Аллаахумма барик ъалаа Мухаммадин ва ъалаа аали Мухаммадин камаа баракта ъалаа Ибраахийма ва ъалаа аали Ибраахийма, иннака Хамийдум-Мажийд.

Мааниси:
Алла – Улуу! Алла – Улуу! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок. Алла – Улуу! Алла – Улуу! Бардык мактоо Аллага таандык.
Оо, Алла Таалам! Сен: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп берем», – деп айткансың. Сен убадаңды аткарбай койбойсуң. Ошондуктан, мени исламга туура жолго салганың сыяктуу, аны менден тартып албашыңды сурайм; мени мусулман абалымда жанымды алганга чейин исламда бекем кыл.
Оо, Алла! Динимде, дүйнө тиричилигимде, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө Сенден кечирим жана амандык сураймын.
Оо, Алла! Мага ырыскы кылып берген нерселериңе көңүлүмдү ток кылып, канааттандыр жана берген ырыскыңа береке бер. Менден алыста же колумда жок болгон ар бир нерсенин ордуна мага жакшылыкты насип кыл.
Оо, Алла! Мага такыбалыкты бер жана рухумду таза кыл. Аны эң жакшы тазалоочу – Сенсиң. Анткени сен анын Эгесисиң жана Кожоюнусуң.
Оо, жүрөктөрдү бүлкүлдөтүп соктурган Алла Таалам! Жүрөгүмдү Өз диниңде бекем кыл.
Оо, Алла! Сенден Өз ырайымыңа жеткирүүчү амалдарды, кечиримиңе татыктуу кылуучу чечкиндүүлүктү, ар кандай күнөөдөн оолактыкты, бейишке жетүүнү жана тозоктон кутулууну сураймын.
Оо, Алла! Сенден туура жолду, такыбалыкты, аруулукту жана эч кимге муктаж болбогон жетиштүүлүктү сураймын.
Оо, Алла! Сени зикир кылууга, Сага шүгүр келтирүүгө жана Сага көркөм абалда ибадат кылуума жардам бер.
Оо, Алла! Бардык жакшылыкты; билгенимди да, билбегенимди да Сенден сураймын. Ошондой эле бардык жамандыктан; билгенимен да, билбегенимен да Сага баш калкалаймын.
Оо, Алла! Сенден бейишти жана ага жакындатуучу ар бир сөздү жана ар бир амалды сураймын. Ошондой эле тозоктон жана ага жакындатуучу ар бир сөз менен ар бир амалдан Сага баш калкалаймын.
Оо, Алла! Менин мурда кылган жана кийин кыла турган күнөөлөрүмдүн баарын кечир. Жашыруун кылганымды да, ачык кылганымды да кечир. Ошондой эле мен өзүм билбеген, бирок Сен менден жакшы билген күнөөлөрүмдү да кечир. Сен – алдыга чыгаруучусуң, Сен – артка калтыруучусуң. Сен бардык нерсеге кудиреттүүсүң. Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок.
Оо, Раббибиз! Сенин ырайымың жана илимиң бардык нерсени камтуучу. Андыктан тообо кылып, ак жолуңа эргешкендерди кечир жана аларды тозок азабынан сакта. Оо, Раббибиз! Аларды Өзүң убада кылган түбөлүктүү бейиштерге киргиз. Алардын ата-бабаларынан, жубайларынан жана урпактарынан салих болгон адамдарды да ошол бейиштерге киргиз. Чындыгында, Сен – Кудиреттүү, Даанышмансың. Аларды бардык жамандыктардан сакта. Ал күнү кимди жамандыктардан сактасаң, ага Сен ырайым кылган болосуң.
Оо, Алла Таалам! Жүрөктөрүбүздү бири-бирибизге жакындатып, ортобуздагы мамилени оңдо. Бизди тынчтыктын жана бейпилдиктин жолуна башта. Бизди караңгылыктардан жарыкка чыгар. Бизди ачык да, жашыруун да болгон ар кандай ыплас жана уят иштерден алыс кыл.
Оо, Алла! Бизге Өзүңдүн берекеңден, ырайымыңдан, кең пейилдик менен берген жакшылыгыңдан жана ырыскыңдан мол төгүп, берекелүү кыл.
Оо, Алла! Бизди кечир, бизге ырайым кыл жана тообобузду кабыл кыл. Чындыгында, Сен – тооболорду көп кабыл кылуучу, өзгөчө Ырайымдуусуң, теңдешкис Айкөлсүң.
Оо, Алла Таалам! Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө, Ибрахимге жана анын үй-бүлөсүнө салават айткандай, Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө да салават айт. Чындыгында, Сен – бардык мактоого татыктуу жана улуулук ээсиң.
Оо, Алла Таалам! Ибрахимге жана анын үй-бүлөсүнө береке бергендей, Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө да береке бер. Чындыгында, Сен – бардык мактоого татыктуу жана улуулук ээсиң.
 

Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси