«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бекказы ажы Азыков 1958-жылдын 28-декабрында Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айылында жарык дүйнөгө келген. 1966-жылы Фрунзе атындагы №1 орто мектебине кирип, 1976-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1977-1979-жылдары Калининград шаарында Советтик Армиянын катарында аскердик кызматын өтөп, Мекен алдындагы жарандык милдетин абийирдүүлүк менен аткарган.
Эмгек жолун 1979-жылы Фрунзе шаарындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө (МАИ) баштаган. Бул тармакта 25 жылга жакын үзүрлүү эмгектенип, 2004-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Кызмат өтөп жүргөн жылдарында Бекказы Азыков жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп, алдына коюлган милдеттерди жоопкерчилик менен аткарган.
Анын адамдык сапаттары – эмгекчилдиги, адамдарга болгон жылуу мамилеси, ак көңүлдүгү, боорукердиги жана жөнөкөйлүгү менен өзгөчөлөнүп турган. Өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын жана билимин жаш адистерге үйрөтүп, алардын кесиптик жактан өсүшүнө ар дайым көмөк көрсөтүп келген.
Ошондой эле Бекказы Азыков МАИ кызматындагы ишмердүүлүгүндө жаңы идеяларды жана заманбап ыкмаларды киргизүүгө аракет жасап, жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга багытталган бир катар иштерге активдүү катышкан. Жол белгилерин орнотуу, жолдордун абалын жакшыртуу жана автоунаалардын коопсуз кыймылын камсыз кылуу багытындагы иш-чараларга салым кошкон. Бул иштердин натыйжасында көптөгөн жол кырсыктарынын алдын алууга, адамдардын өмүрүн жана мүлкүн сактап калууга өз салымын кошкон.
Эмгектеги жетишкендиктери үчүн бир нече жолу сыйлыктарга, Ардак грамоталарга жана Мактоо баракчаларына татыган.
ДИН ЖОЛУНДАГЫ ЭМГЕГИ:
2004-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин Бекказы Азыковдун өмүрүндө жаңы барак ачылган. Бишкек шаарынын Орто-Сай айылынын жашоочулары тарабынан молдолукка көрсөтүлүп, «Аль-Аббас» мечитинде имам-хатиб болуп кызмат өтөй баштаган.
Дин жолуна олуттуу киришип, диний билимин тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурган. Ушул максатта Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине (КГУСТА) окууга кирип, ошол мезгилдеги белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдон билим алган.
2006-жылдын декабрь айында Чубак ажы менен бирге Мекке шаарына барып, ыйык ажылык амалын аткарып келген. Ажылыктан кийин да билим алууга болгон кызыгуусун токтотпой, Кувейтте билим деңгээлин жогорулатып, Нигмат дамладан араб тилин үйрөнгөн. Мындан тышкары, ар кандай диний билимди өркүндөтүүчү семинарларга катышып, билимин үзгүлтүксүз тереңдетип турган.
Бекказы Азыков өмүрүнүн кийинки жылдарын ислам динин жайылтууга, элге туура диний түшүнүк берүүгө жана мусулмандардын диний билимин жогорулатууга арнаган. Дин кызматындагы эмгеги үчүн бир нече жолу Мактоо баракчаларына, Ардак грамоталарга жана тастыктамаларга ээ болгон.
АДАМДЫК САПАТЫ ЖАНА АРТЫНДА КАЛГАН ИЗИ:
Бекказы Азыков үй-бүлөсүнө камкор, жакындарына күйүмдүү, чынчыл, абийирдүү, максатка умтулган жана элге кызмат кылууну өзүнүн адамдык парзы деп билген инсан болгон.
Ал өмүрүнүн ар кайсы баскычында милиция кызматкери катары да, дин кызматкери катары да коомго пайда алып келүүгө аракет кылды. Бир кесипте адамдардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоого салым кошсо, кийинки өмүр жолунда адамдардын руханий дүйнөсүн байытууга, ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууга кызмат кылды.
2026-жылдын 7-августунда Бекказы Азыков бул жалган дүйнө менен кош айтышып, Жараткан Эгебиздин алдына сапар тартты.
Анын артында жасаган жакшы иштери, элге кылган кызматы, жакшы сөз менен эскерген жакындары калды.
Жараткан Алла Таала Бекказы Азыковдун билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирип, сооптуу амалдарын кабыл кылып, кабырын нурлуу, жаткан жерин жайлуу кылсын. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, акырети абат болсун. Артында калган үй-бүлөсүнө, бала-чакасына жана жакындарына сабыр берсин. Жараткан Эгебиз бейишинен орун насип кылсын. Аамийн!
Даярдагандар:
Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Кубанычбек Нурзатбек уулу, КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн адиси