«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 26.02.2026
  • |

ДИНИЙ КЫЗМАТ ҮЧҮН ЖОГОРКУ КЫЗМАТТАН БАШ ТАРТКАН ТОКТОГУЛ АЖЫ

Диний тармакта алгылыктуу кызматтарды өтөгөн, диний ишмер Токтогул ажы Окошев 1956-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алтын-Булак айылында туулган. Ал диний билим берүүгө өмүрүн арнаган нарктуу аксакал катары белгилүү болчу. Токтогул ажы “Ыйман” кесиптик окуу борборунун мүдүрү болуп эмгектенген. Ош облусунун мусулмандарынын казысынын (азыр муфтийдин өкүлү) кеңешчиси болгон. Ошондой эле “Абдираим каары” медресесинин жана “Имам аль-Бухари” ислам институтун түптөлүшүнө салым кошуп, аталган окуу жайда узак убакыт бою эмгектенген. 

Мындан сырткары Өзгөн шаарындагы медресени түптөгөн. Кара-Кулжа районундагы "Айгүлүм” диний окуу борборун түптөгөн. Ош шаарындагы “Умму Фатима” диний окуу борборунун түптөлүшүнө дагы салым кошкон.

Өз өмүрүн динге арнаган Токтогул ажы 2026-жылдын 25-февраль күнү акыретке сапар тарткан.

Мына ушундай өмүрү өрнөк инсанды бир кездерде жогорку кызматын динге кызмат үчүн тапшырып, диний окуу жайларды түптөөгө жана документтештирүүгө жан дили менен кызмат кылган Токтогул ажынын диний билим берүү жолунда жасаган зор эмгектери эсибизде. Калкыбызга динибиздин асыл балуулуктарын жеткирүүдө салымы чоң инсан болгон. Анын кызматтары эли-журтубуздун эсинде кала берет.
 

✍🏻 Иманбек Азизилла уулу, публицист