«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Суданда ич ара мамилелер курчуп турган маалда БУУга таандык «Гуманитардык жардам» кемеси менен бир топ журналисттер азыркы Түштүк Суданга келишкен болчу. Арасында фотограф Кевин Картер да бар эле.
Дата 11-март, 1993-жылды көрсөтүп турган. БУУ айылдардын бирине гуманитардык жардам борборун куруп, ошол жерде жергиликтүүлөргө азык-түлүк таратып жатты. Кевин борбордон бир километрдей сыртка чыкты. Ошол кез анын өмүрүн өзгөртө турган учур экенин билген жок. Ачкалыктан сүйрөлүп, борборго жетпей жыгылган араң жан кичинекей кыздын аркасында, анын өлүмүн күтүп турган таз кузгунду көрдү. «Кайталангыс момент!» деп кубана түшкөн Кевин жоруну үркүтүп албайын деп бутунун учу менен 10 кадамдай жакын барды да сүрөткө тартып алды. Сүрөткө тартары менен «шедевр сүрөтүн» кабар агенттиктерине көрсөтүүгө ашыгып учуп жөнөдү.
2 жумадан кийин Кевиндин сүрөтү «Нью Йорк Таймс» гезитине жарыяланып, аябагандай чоң талкууга жем таштайт. Бир жылдан кийин ал АКШнын кадыр-барктуу пулитцердик сыйлыгына (Пулитцеровская премия) татыктуу болот.
Ушул жерден көп талаш-тартыш чыкты. Себеби, Кевин кызга эмне болгонун билбейт болчу. Артына кылчайып да караган эмес болчу. Кээ бирлер кичинекей кызды апасы келип алып кеткенин айтса, кээси өзү туруп жардам борборуна барганын айтты. Бирок эч бири так эмес эле. Балким кыз жан таслим болуп, кузгунга жем болгондур. Балким жапайы куш алсыз кызды али тирүүсүндө эле басып алып чокулап, ысык канына тумшугун малгандыр. Мына ушул жагы караңгы бойдон кала берди. Кевинге, «Эмнеге жоруну кууп ийген жоксуң, эмнеге кызды 1 км жердеги жардам борборуна алып барган жоксуң?» - деп сурашканда, "МЕН КУТКАРУУЧУ ЭМЕСМИН, ФОТОГРАФМЫН!" деп жооп берди.
Бул жообу өрткө бензин чачкандай эле болду окшойт сыягы. Талашып-тартышкандар негизинен эки фронтко бөлүндү. «Фотограф туура кылган, анткени ал профессионал фотограф» деп биринчилери айтса, экинчилери «Кевиндин кылганы этикалык нормага жатпайт» дешти. Ортодо жалгыз чындык бар болчу. Сүрөт Судандагы оор абалдын анык чагылышы эле. Талашып-тартышкандардын эч бири Суданга бул апаатты салган сырткы күчтөрдүн этикасын талкуулаган жок...
Кевин өзүнө багытталган сын-пикирлерди туура кабыл алды. Анын ички дүйнөсүн өкүнүчтүн учтуу мизи тиле берди. Өзүнүн катасын анык сезип, өзүн-өзү жей берди. Ал сыйлык алгандан үч айдан кийин өз жанын кыйды. Сөөгүнүн жанынан катасын билип, өкүнүчкө толгон каты табылды: «мен чынында, чындап эле өкүнүп жатам...»
Сабак: Жакшылык – соопсуз, жамандык – жоопсуз калбайт.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, «Ача-Мазар» мечитинин имам-хатиби