"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Муфтият | 26.10.2026
  • |

ЖУМУШ  БУЛ​​​​​​​ – АМАНАТ

Адам баласынын жашоосун ар кандай милдеттер, кесиптер жана кызматтар коштойт. Кимдир-бирөө билим берет, кимдир бирөө эл бийлейт, дагы бири коомдук тартипти сактайт, оорулууну дарылайт, курулуш курат же өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот. Ар биринин өзүнө тиешелүү милдети, орду жана жоопкерчилиги бар. Бирок бул милдеттердин бардыгын бириктирген маанилүү түшүнүк бар. Ал – аманат.

Жумушту жөн гана күнүмдүк тиричиликтин каражаты, ал эми кызматты даражага, наамга же бийликке жетүүнүн жолу катары кабыл алуу – адамдын кесиптик жана инсандык наркынын терең эместигин көрсөтөт. Анткени жумуштун артында жоопкерчилик, кызматтын артында коомдун ишеними, ал эми экөөнүн тең артында Жараткандын алдындагы эсеп турат.

Демек, жумуш – жоопкерчилик, а кызмат – аманат. Аманат дегенибиз адамга жүктөлгөн ыйык жоопкерчилик. Ислам дининде аманат түшүнүгү өтө кеңири мааниге ээ. Аманат – бирөөнүн буюмун сактап берүү менен гана чектелбейт. Ал адамга ишенип тапшырылган ар бир милдетти, укукту, мүмкүнчүлүктү, байлыкты, убакытты жана жоопкерчиликти камтыйт. Куранда Алла Таала аманатка бекем болууну буйруйт:

إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الْأَمَانَاتِ إِلَىٰ أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ ۚ إِنَّ اللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُمْ بِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ سَمِيعًا بَصِيرًا

«Чындыгында, Алла силерге аманаттарды ээлерине тапшырууну жана адамдардын ортосунда өкүм кылганыңарда адилеттик менен өкүм кылууну буйруйт. Алла силерге кандай гана жакшы насааттарды берүүдө! Чындыгында, Алла – Угуучу, Көрүүчү»
«Ниса сүрөсү, 58-аят).
Бул аятта эки чоң принцип камтылган: аманатты ээсине жеткирүү жана адилеттүү болуу. Аяттын маанисин тереңирээк түшүнгөн адам кызматтык милдетине башкача карайт. Анткени кызматка дайындалган адамга белгилүү бир укуктар гана эмес, ошол укуктарды туура пайдалануу милдети да берилет. Мисалы, жетекчиге кызматкерлердин эмгегин адилет баалоо, мугалимге окуучуга сапаттуу билим берүү, дарыгерге бейтаптын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мамлекеттик кызматкерге элдин кызыкчылыгын коргоо, диний кызматкерге коомдун руханий ишенимин актоо аманат кылынган. Демек, кызмат – адамдын жеке кызыкчылыгын ишке ашыруучу мүмкүнчүлүк эмес, башкалардын акысын коргоо үчүн берилген жоопкерчилик.

Кээде адам кызматка ээ болууну чоң жетишкендик деп эсептейт. Бирок чыныгы жетишкендик кызматка жетүүдө эмес, ошол кызматка татыктуу болууда. Арийне ар бир адам өз милдети үчүн жооп берет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) жоопкерчиликтин жалпы адамзаттык мүнөзүн төмөнкү хадисинде өзгөчө таамай түшүндүргөн:

كُلُّكُمْ رَاعٍ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، فَالْإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالرَّجُلُ رَاعٍ فِي أَهْلِهِ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ، وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْئُولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا، وَالْخَادِمُ رَاعٍ فِي مَالِ سَيِّدِهِ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ.
«Силердин ар бириңер жоопкерчиликтүү кароолчусуңар жана ар бириңер өз карамагындагы адамдар үчүн жооп бересиңер. Башкаруучу – жоопкерчиликтүү кароочу жана өз эли үчүн жооп берет. Эркек – үй-бүлөсүнүн жоопкерчиликтүү кароочусу жана алар үчүн жооп берет. Аял – күйөөсүнүн үйүндөгү жоопкерчиликтүү кароочу жана өз карамагындагы нерселер үчүн жооп берет. Кызматчы да кожоюнунун мал-мүлкүнүн жоопкерчиликтүү кароочусу жана ал үчүн жооп берет»
(Сахихайн).
Бул хадисте жоопкерчилик белгилүү бир кызматты ээлеген адамдарга гана таандык эмес экени айтылат. Ар бир адам өзүнө жүктөлгөн милдеттин көлөмүнө жараша жооп берет. Бул жерде маанилүү бир чындык бар: адамдын даражасы жогорулаган сайын анын жоопкерчилиги да жогорулайт. Жетекчинин чечими ондогон, жүздөгөн, кээде миңдеген адамдардын жашоосуна таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан жетекчилик – артыкчылык гана эмес, ириде чоң сыноо.

Кызматка дайындалган адамга жетекчилик жана коом тарабынан белгилүү бир ишеним көрсөтүлөт. Ал ишенимди актоо – анын эң негизги милдеттеринин бири. Тилекке каршы, кээ бир адамдар кызматка жеткенден кийин анын маңызын унутуп, кызматтык ордун жеке кызыкчылыгына пайдаланууга өтүшөт. Элге кызмат кылуунун ордуна элден кызмат күтүшөт. Милдетин аткаруунун ордуна укугун гана талап кылышат. Мындай көрүнүш коомдун өнүгүүсүнө гана эмес, адамдардын бири-бирине болгон ишенимине да зыян келтирет. Кээ бир адамдар кызматтан кеткен учурда кресло үчүн жабышып, өзүлөрүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүшөт. Бул туура эмес нерсе. Кызматка келүү бар, кетүү да бар. Көтөрүлүү бар, түшүү да бар. Бул өмүргө келүү бар, убакыт-сааты келгенде кетүү да бар...

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аманаттын жоголушу коом үчүн канчалык кооптуу экенин эскерткен.
إِذَا ضُيِّعَتِ الْأَمَانَةُ فَانْتَظِرِ السَّاعَةَ. قَالَ: كَيْفَ إِضَاعَتُهَا يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: إِذَا أُسْنِدَ الْأَمْرُ إِلَى غَيْرِ أَهْلِهِ فَانْتَظِرِ السَّاعَةَ.
 «Аманатка кыянат кылынганда Кыяматты күт». Сахабалар: «Оо, Алланын Элчиси! Аманатка кандайча кыянат кылынат?» – деп сурашты. Ал: «Иш өзүнө татыктуу эмес адамга тапшырылганда Кыяматты күт», – деп жооп берди.

Кызматка дайындоодо туугандык, тааныштык, жеке кызыкчылык же кошоматчылык эмес, адамдын билими, жөндөмү, тажрыйбасы жана ишенимдүүлүгү эске алынышы кажет. Анткени татыксыз адамга тапшырылган иш – бир адамдын гана катасы эмес. Анын кесепетин бүтүндөй мекеме, коом же мамлекет тартышы мүмкүн. Ошол эле учурда кызматты аркалап жаткан адам өзүнүн мүмкүнчүлүгүн туура баалап, билбегенин үйрөнүүгө, жетишпегенин толуктоого жана ишин өркүндөтүүгө аракет кылууга тийиш. Кызматтын баркы анын аталышы менен эмес, анын натыйжасы менен өлчөнөт.

Жумушту аткаруу менен аны сапаттуу аткаруунун ортосунда чоң айырма бар. Бир адам тапшырманы жөн гана бүтүрүшү мүмкүн. Экинчиси болсо аны так, өз убагында, сапаттуу жана жоопкерчилик менен аткарат. Экөөнүн тең иши бүткөнү менен, натыйжасы бирдей болбойт. Ислам адамды жакшы иштөөгө, адал эмгек кылууга жана ишин мүмкүн болушунча сапаттуу аткарууга үндөйт.
Алла Таала Куранда мындай дейт:
وَقُلِ اعْمَلُوا فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ ۖ وَسَتُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
«Айткын: Иш кылгыла! Алла, Анын Элчиси жана момундар силердин ишиңерди көрүшөт. Андан соң силер кайыпты да, ачык нерселерди да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ошондо Ал силерге эмне кылганыңарды кабарлайт».
(Тообо сүрөсү, 105-аят)
Бул аят адамды эмгекке үндөө менен бирге ар бир иштин артында жоопкерчилик бар экенин эскертет. Адамдын жумушу анын ким экенин, кандай тарбия алганын, эмнеге жөндөмдүү экенин жана кандай баалуулуктарды карманарын көрсөтөт.
Маселен, мугалим сабакты жөн гана өтүп койбостон, окуучунун келечегине салым кошуп жатканын сезиши керек. Куруучу өз ишин жөн гана бүтүрбөстөн, ошол имаратта адамдар жашай турганын ойлошу зарыл. Дарыгер бейтапты жөн гана кабыл албастан, анын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкер экенин түшүнүүгө тийиш.

Ошол сыяктуу эле ар бир мамлекеттик же коомдук кызматкер өзүнүн күнүмдүк иши аркылуу элдин ишенимин бекемдеп же, тескерисинче, алсыратарын эстен чыгарбашы керек. Кыргыз элинде «Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу» деген макал бар. Бул сөз эмгектин адам жашоосундагы ордун жана адал мээнеттин баалуулугун таасын чагылдырат.
Дагы бир макал: «Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба». Бул жөнөкөй сөздөрдүн артында чоң тарбия жатат. Ишти создуктуруу – убакытты текке кетирүү гана эмес, кээде башкалардын убактысын, укугун жана ишенимин да сыйлабагандык. Ошондуктан жоопкерчиликтүү кызматкер үчүн тактык, тартип, убакытты туура пайдалануу жана иштин сапаты кесиптик маданияттын ажырагыс бөлүгү болууга тийиш.

Кызматтагы адамдын кесиптик жөндөмү канчалык жогору болбосун, эгер анын адалдыгы жок болсо, ал коом үчүн толук ишенимдүү кызматкер боло албайт. А адалдык – бирөөнүн акысын жебөө, берилген тапшырманы кыянаттык менен пайдаланбоо, чындыкты жашырбоо, жеке кызыкчылыкты коомдук кызыкчылыктан жогору койбоо.

Демек, кызматтын чыныгы кадыр-баркы адамдын канча адамга буйрук бере алгандыгы менен эмес, канча адамдын акысын адилеттүү коргой алгандыгы менен аныкталат. Кызматтык жоопкерчилик материалдык байлыкты же тапшырылган ишти гана камтыбайт. Убакыт да – аманат.

Жумуш убактысында жеке иштер менен алектенүү, тапшырманы атайылап создуктуруу, жумушка себепсиз кечигүү, кызматтык милдетти кайдыгер аткаруу – мунун баары жоопкерчилик маданиятына туура келбейт. Анткени кызматкердин убактысы белгилүү бир деңгээлде мекеменин, ал эми мамлекеттик кызматкердин убактысы коомдун кызыкчылыгына берилген.

Адам өзүнө тапшырылган убакытты туура пайдаланбаса, анын кесепети башка бирөөнүн ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондой эле кызматтык ресурстарды жеке кызыкчылыкка пайдалануу, мекеменин мүлкүнө этиятсыз мамиле кылуу, элдин ишенимин кыянаттык менен колдонуу аманатка болгон мамиленин начардыгын көрсөтөт.

Бул жерде бир нерсени унутпоо керек: аманаттын бузулушу дайыма эле чоң уурулук же ачык мыйзам бузуу түрүндө болбойт. Кээде ал аткарылбай калган тапшырмадан, ишке ашпаган убадалардан, көңүл бурулбаган арыздан же өз убагында чечилбеген маселеден да байкалат. 

Жоопкерчиликтүү кызматкер болуу үчүн сөзсүз эле жогорку кызматты ээлөө шарт эмес. Ар бир адам өзүнүн ордунда туруп эле коомго чоң пайда алып келе алат. Мындай адамга бир нече сапат мүнөздүү:
Биринчиден, ал өз ишин билет. Билимин жана кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз өркүндөтөт. «Мен ушуну билем» деп токтоп калбайт.
Экинчиден, ал убаданы аткарат. Берген сөзүнө бекем турат, баштаган ишин аягына чыгарат.
Үчүнчүдөн, ал калыс болот. Таанышына да, бейтаанышына да бирдей мамиле кылат.
Төртүнчүдөн, ал жоопкерчиликтен качпайт. Ката кетирсе, аны жашырбайт, моюнга алат жана оңдоого аракет кылат.
Бешинчиден, ал элдин ишенимин баалайт. Кызматты өзүнүн жеке менчиги катары эмес, убактылуу тапшырылган милдет катары кабыл алат.
Алтынчыдан, ал натыйжага иштейт. Көп сүйлөгөндөн көрө, пайдалуу иш жасоону артык көрөт. Жеңил пиарга эмес, сапаттуу ишке артыкчылык берет.
Жетинчиден, ал арамзаланып, жалган сүйлөп, ушак кууп, өзүнүн ишинен качып, жалган убадаларды берип, эптеп күн өткөрүп, коллегаларына жүгүн артып, айтор жалкоолук жана кайдыгерлик кылбайт.
Мына ушул сапаттар адамды чыныгы адис жана ишенимдүү кызматкер катары калыптандырат.

Адам кызматка өмүр бою ээ болуп калбайт. Бүгүнкү жетекчи эртең катардагы кызматкерге айланышы мүмкүн. Бүгүнкү бийлик эртең башка бирөөгө өтөт. Даража, наам жана мансап убакыт менен өзгөрөт. Бирок адамдын жакшы иши, элге кылган кызматы жана калтырган изи унутулбайт. Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» чыгармасындагы башкаруу, адилеттик, акылмандык жана эл алдындагы милдет тууралуу ойлору да ушул маселелердин сырын ачып берет. Анын эмгегинде башкаруучунун баркы байлыгы же бийлиги менен эмес, акылмандыгы, адилеттиги жана элге тийгизген пайдасы менен өлчөнөт. Бул ой кыргыз элинин «Жакшы адамдын аты өлбөйт, аалымдын каты өлбөйт» деген макалы менен да үндөшөт. 

Чындыгында, адамдын артында калчу эң чоң мурас – ээлеген кызматы эмес, жасаган жакшы иши. Канча адамга жардам берди? Канча адамдын көйгөйүн чечти? Канча жаштын билим алышына себепчи болду? Канча адамдын акысын коргоду? Коомго кандай пайда алып келди? Мына ушул суроолор адамдын кызматтык карьерасына чыныгы баа бере алат.

Момун адам үчүн бул дүйнөдөгү адамдардын ыраазычылыгы менен бирге Алла Тааланын ыраазычылыгын табуу да чоң максат болуп саналат. Ошондуктан ишти адал аткаруу, адамдарга пайда келтирүү, жоопкерчиликти сезүү жана аманатты сактоо – адамдын руханий дүйнөсүн да байытат.

Ар бир адам өзүнө бир суроо берип турушу керек: «Мен бүгүн өзүмө тапшырылган милдетти канчалык деңгээлде аткардым? Менин ишим кимге пайда алып келди? Бүгүн мекемеме, жамаатыма пайдам тийдиби? Диниме кызмат кылдымбы? Эл ишенимин актадымбы?». Бул суроолорго чынчыл жооп берүү – өзүн-өзү тарбиялоонун, кесиптик өсүүнүн жана руханий жетилүүнүн маанилүү жолу. Кызматка ээ болуу – мүмкүнчүлүк. Аны туура пайдалануу – жоопкерчилик. Ал эми ошол кызмат аркылуу элге пайда алып келүү – аманатка берилгендик.

Эң негизгиси, адам кызматта турганда эле эмес, кызматтан кеткенден кийин да анын артында жакшы сөз, таза абийир жана пайдалуу эмгек калууга тийиш. Анткени кызматтын мөөнөтү бүтөт, даражанын баркы кетет, мансап өзгөрөт. Бирок аткарылган аманаттын сообу да, кыянаттык менен пайдаланылган жоопкерчиликтин эсеби да калат.

Жумушту жоопкерчилик менен аткаралы. Кызматты аманат катары сактайлы. Адамдарга пайдабыз тийген, коомдун ишенимин актаган, динибизге кызмат кылган жана Жараткандын алдында жүзүбүз жарык болгон адамдардан болууну насип кылсын.