«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен...
Улуу жана аруу Ислам дини адам турмушунун бардык тармактарын камтыган толук кандуу жашоо тартиби. Динибиз Мекен жана мамлекет түшүнүгүндө да белгилүү укук-милдеттерди коюп, чектерди аныктап берген. Мисалы, бир адамдын үйүнө же мал-мүлкүнө кол салынса, аны сактоо жана өзүн коргоо – динибиздин буйругу. Эгер ушул жолдо каза тапса, ал шейит болуп эсептелет. Ал эми Мекен болсо бардык мусулмандардын орток үйү. Демек, аны сүйүү, коргоо жана сактоо да бардык мусулмандардын орток милдети болуп саналат.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) нурдуу Мадина шаарына хижрат кылгандан кийин, ал жерде жашаган жөөттөр менен келишим түзгөн. Ошол келишимдеги эң маанилүү беренелердин бири: «Эгер алардын мекени болгон Мадинага кимдир-бирөө кол салса, аны чогуу коргойбуз», – деген шарт эле. Бул болсо Мекенди коргоо үчүн зарыл учурда мусулман эмес адамдар менен да келишим түзүүгө болорун жана Мекен кандай гана жол талап кылбасын, сөзсүз корголууга тийиш экенин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Эки көзгө тозок оту жакындабайт; бири Алла деп ыйлаган көз, экинчиси Алла ыраазылыгы үчүн түнү бою нөөмөттө уктабаган көз».
Бейиштей болгон жерибизге көз арткандар илгертен болуп келген, боло берет. Бул керемет Мекенди коргоо жана мамлекетибизди түптөө үчүн канчалаган ата-бабаларыбыз шейит кетти. Канча деген азаптуу күндөр, нечен уйкусуз түндөр өттү. Урпагыбыз Мекенсиз калбасын деп кара жанын оозуна тиштеп, душманды жолотпой, кашык каны калганча күрөшкөн. Ал эми энелерибиз мындай оор учурларда белин бекем бууп, ач-ток калып, эшикте ата, үйдө апа болуп, коломтону өчүрбөй, балдарын бапестеп багып, ушул күндөргө жеткенибиз чындык. Алыс барбай, жүз жыл илгери эле аталарыбыз мамлекетти түптөө үчүн жанын садага чаап жибергенин унутпасак.
Азыркы тапта деле жерибизге көз арткан сырткы күчтөр бар жана алардын миң түрлүү айла-амалдары, ат кошчулары жок эмес. Алар ар убак алсыз учурду күтүп, бир аз гана мүмкүнчүлүк болсо, өлкөдө башаламандык жаратып, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашырууга белсенип турганын кайда катабыз?
Мусулман адам өзүнүн динин, ар-намысын, жанын жана мал-мүлкүн мекени жана мамлекети аркылуу коргойт. Ошондуктан анын мекенине кол салынса (атүгүл мусулман мамлекет кол салган күндө да), аны коргоо – динибиздин буйругу. Орун менен мезгил анда жашаган адамдарга жана анда аткарылган иштерге жараша баркталат. Ушул өңүттөн алганда, мусулмандар көпчүлүктү түзгөн бул өлкөнүн, ушул жерлердин жана анда жашаган элдин коопсуздугун, туруктуулугун жана келечегин камсыз кылуу үчүн Мекендин, туунун жана мамлекеттин болушу зарыл.
Динибизде «Мекенди сүйүү – ыймандан» деген сөз бар. Мекен – инсан төрөлгөн жер, киндик каны төгүлгөн жай, ал жайда өнүп-өсөт, улгаят, үй-бүлө курат, эстен чыккыс элестер, жакын тууган-уруктар, ата-бабалар ж.б. бардыгы инсан үчүн ыйык болуп саналат. Күнү бүтүп өткөндө да Мекен койнунда жатат. Себеби, Мекенди сүйүү инсан табиятынын бир бөлүгү. Ошондуктан, андан алыстаганда аны сагынат, ага умтулат. Алла Таала инсанга мына ушул табиятты ыроологон.
Исламда мекенге сүйүү – бул фанаттык эмес. О.э. өзүн башкалардан өйдө коюу, каршылашып душмандашуу, касташуу, башкаларга зулумдук кылуу дегени эмес. Ошондой эле, бөлүнүү же тарапташуу дегени да эмес. Болгону туулуп өскөн журтуна сый-урмат. «Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт» деп бекеринен айтылбаган.
Эми ушул Мекенибизде бейпилдикте жана тынчтыкта жашообуз үчүн өзүбүз тандап алган башчыга баш ийүү да милдет. Акыйкатта, жөн адам башчы болбойт. Кудай тааланын назары түшкөн адам гана журт башчы деген олуттуу озуйпаны аркалайт. Шариятыбызда «Падыша – кудайдын жердеги көлөкөсү» деген ибаараны баарыбыз уксак керек. Демек, башчыга баш ийүү – тартип. Тартип бар жерде береке бар. Элдин ынтымагы, коомдун тынчтыгы жана мамлекеттин ийгилиги башчыга урмат көрсөтүп, буйрук-жарлыктарына баш ийүү менен бекемделет. Башчыга баш ийүү – бул адамды кул кылуу эмес, тескерисинче башаламандыкты (анархияны) токтотуп, тартипти сактоо үчүн зарыл болгон норма.
Тилекке каршы, бизде бир көнүмүш жаман адат бар: башчыларга итаат кылгыбыз келбей, кээ бирибиз каршы чыгабыз. Бул көзгө көрүнбөгөн, бирок коомдун тамырын жай жеген коомдук-социалдык илдет десек аша чапкан болбойбуз. Деген менен шарият муну тыйып, башчыга баш ийүүнү милдет кылат.
Алла Таала айтат:
يَٓا اَيُّهَا الَّذ۪ينَ اٰمَنُٓوا اَط۪يعُوا اللّٰهَ وَاَط۪يعُوا الرَّسُولَ وَاُو۬لِي الْاَمْرِ مِنْكُمْۚ
«Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка баш ийгиле, Пайгамбарга баш ийгиле жана өзүңөрдөн болгон жетекчилерге да»
(Ниса сүрөсү, 59-аят)
Бул аятта Алла Таала башчыга баш ийүүнү ачык буйруган. Ошондой эле Мухаммед пайгамбар ﷺ мындай деген: «Ким мага баш ийсе – Аллага баш ийген болот. Ким жетекчисине баш ийсе – мага баш ийген болот» (Бухари).
Кыргызда жакшы сөз бар: «Башчысы болбой маарыбайт, башаламан жарыбайт». Элди эл кылган – башчы, ишти иш кылган – тартип. Ошондуктан башчыбыз адилет болсо, анын сөзүн угуп, жардам берип, дуба кылуу – ар бирибиздин милдетибиз. Анткени тартип сакталган жерде – береке, ынтымак жана жеңиш болот.
Эгер башчыга бай ийбей, шексинип, күмөнсүрөй берсек береке качат. Негизсиз, такталбаган фейк маалыматтарга ишенип, тополоң салсак, чагымга алдырсак, бул кудайга жакпаган иш болуп калат. Абдулла бин Аббас (р.а.) айтат: Алланын элчиси (с.а.в.) эки кабырдын жанынан өтүп бара жатып, айтты: «Бул экөө азапталып жатат. Чоң күнөө үчүн азапталышып жатабы?! Албетте чоң күнөөлөр үчүн азапталышып жатышат. Бири: жер жүзүндө чагымчылдык менен басып жүрчү. Экинчиси: заарасынан сактанбайт эле» (Бухари: 216, Муслим: 292).
Ислам дини жек көрүү, чатакташуу, кек сактоо, ж.б.у.с. жаман сыпаттардан арылып, ынтымактуулукка, достукка, жардамдашууга, биримдикке чакырган дин. Ошондуктан мусулман адам укканына эле ишенип, күмөндүү ишти ээрчибестен, кабардын чын-төгүнүн жакшылап териштирүүсү зарыл.
Алла Таала айтты:
يَٓا اَيُّهَا الَّذ۪ينَ اٰمَنُٓوا اِنْ جَٓاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَأٍ۬ فَتَبَيَّنُٓوا اَنْ تُص۪يبُوا قَوْماً بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلٰى مَا فَعَلْتُمْ نَادِم۪ينَ
“Оо ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир бузуку адам кабар алып келсе, силер акыйкатты билбей туруп айрым бир коомго кайгы жеткирип коюп, анан кылган ишиңерге өкүнүп калбооңор үчүн ал алып келген кабарды жакшылап чын-төгүнүн териштирип, иликтегиле!” (Хужурат: 6).
Бул улуу жол-жобо жана мусулмандардын жашоосундагы негизги эрежелердин бири.
Урматтуу мусулман бир туугандар! Дин дегенде эле намаз, орозо, зекет менен эле чектелбейт. Пенденин кудай алдында милдеттери болгондой эле, коом, мекен, мамлекет алдында милдеттери бар. Биз ар убак Мекенибизге кызмат кылып, мамлекетибизди өнүктүрүп, башчыбызга баш ийип, ар кандай ушак-тешектерге, фейк-маалыматтарга алданбай, сабыр сактап, баарына тактап, момундук адепти көрсөтөлү.
Мекен баарыбызга керек. Алланын белеги, аталардын аманаты болгон Мекенди кастарлап, сактап, коргоп, аны сак-саламат урпактарга өткөрүп берели.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, муфтият кызматкери