"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Муфтият | 09.11.2026
  • |

ТАЗАЛЫК – ЫЙМАНДЫН ЖАРЫМЫ

Тазалык – адамдын маданиятын, тарбиясын жана жоопкерчилигин көрсөткөн маанилүү көрсөткүч. Ал үйдүн ичинен, короодон, көчөдөн, коомдук жайлардан башталып, бүтүндөй айлана-чөйрөгө болгон мамиледен көрүнөт. Таза көчө, тунук суу, жашыл бак-дарактар жана таштандысыз коомдук жайлар – бул жөн гана кооз көрүнүш эмес, адамдын ден соолугуна, жашоо сапатына жана келечек муундардын бакубат жашоосуна түздөн-түз таасир эткен баалуулуктар.
Ислам дининде тазалык өзгөчө орунда турат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) хадистеринин биринде: 

الطُّهُورُ شَطْرُ الإِيمَانِ

«Тазалык – ыймандын жарымы» деп айткан. Бул насаат тазалыкты жеке адамдын гана эмес, коомдун да руханий жана адептик жоопкерчилиги катары кароого үндөйт. Демек, айлана-чөйрөнү таза сактоо, коомдук жайларды булгабоо, сууну жана жаратылышты коргоо – ар бир жарандын абийирине жана жоопкерчилигине байланышкан иш.

Жогорку хадисте келген «тахарат» түшүнүгү тазаланууну, пакизалыкты билдирет. Ал эң оболу ибадатка даярдыкты жана руханий-денелик тазалыкты камтыйт. Ошол эле учурда исламдын жалпы адептик баалуулуктары адамды айлана-чөйрөгө да аяр мамиле кылууга, башкаларга зыян келтирбөөгө жана коомдук тазалыкты сактоого тарбиялайт.

Тазалыкты даарат алуу же кийимди таза кармоо менен гана чектеп коюуга болбойт. Адамдын үйүнөн чыккан таштандыны көчөгө ыргытып, андан кийин өзү таза кийинип жүргөнү – тазалык маданиятынын толук калыптанбаганын көрсөтөт. Чыныгы тазалык адамдын өзүнө гана эмес, айланасындагы адамдарга жана коомго болгон мамилесинен да көрүнөт.
Кыргыз элинде «Тазалык – ден соолуктун булагы», «Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор» деген таамай сөздөр бар. Бул накыл кептер ата-бабаларыбыз тазалыкты, сууну жана жаратылышты барктоону турмуштук зарылчылык катары түшүнгөнүн айгинелейт.

Куранда Алла Таала жер жүзүндө бузукулук жана зыян таратуудан кайтарат. «Аъраф» сүрөсүнүн 56-аятында мындай деп айтылат:

وَلَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ بَعْدَ إِصْلَاحِهَا وَادْعُوهُ خَوْفًا وَطَمَعًا ۚ إِنَّ رَحْمَتَ اللَّهِ قَرِيبٌ مِّنَ الْمُحْسِنِينَ

«Жер жүзү оңдолгондон кийин анда бузукулук кылбагыла. Андан коркуп жана үмүт кылып дуба кылгыла. Чындыгында, Алланын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын».
Аъраф сүрөсү, 56-аят.
Бул аят адамды жер жүзүндөгү тартипти жана жакшылыкты бузбоого чакырат. Аалымдар аяттагы «бузукулук» түшүнүгүн кеңири чечмелешкен. Анын ичинде адамдарга, коомго жана жаратылышка зыян алып келген иштер да бар. Демек, айлана-чөйрөнү таштандыга толтуруу, сууну булгоо, бак-дарактарды негизсиз кыюу жана жаратылыш байлыктарын ысырап кылуу – коомдук жоопкерчиликке каршы келген көрүнүштөр.

Ал эми Рум сүрөсүнүн 41-аятында адам баласынын аракеттеринен улам кургактыкта жана деңизде бузукулук пайда болгону эскертилет:

ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ

«Адамдардын өз колдору менен жасаган иштеринин айынан кургактыкта жана деңизде бузукулук пайда болду. Бул алардын кылган иштеринин айрым кесепеттерин өздөрүнө сездирүү үчүн, балким, алар туура жолго кайтышар».
Бул аятты экологиялык маселелер менен байланыштырганда, адамдын жоопкерчиликсиз аракеттери айлана-чөйрөгө зыян алып келерин түшүнөбүз. Табияттагы тең салмактуулуктун бузулушу, суу булактарынын булганышы, таштандылардын көбөйүшү жана жашыл аймактардын азайышы – көңүл кош мамиленин кесепеттеринин бири.
Ислам аалымы Имам Куртуби «Аъраф» сүрөсүнүн 56-аятын тафсирлеп жатып, Алла Тааланын бул тыюусу азбы же көппү, жер жүзүндөгү бузукулуктун бардык түрүн камтый турганын белгилеген. Бул түшүндүрмө жаратылышка зыян келтирген майда көрүнгөн аракеттерге да кайдыгер карабоого чакырат.

Исламда адамдарга пайда алып келүү, алардын жолундагы тоскоолдуктарды жана зыяндуу нерселерди кетирүү сооптуу амал катары бааланат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:

كُلُّ سُلَامَى مِنَ النَّاسِ عَلَيْهِ صَدَقَةٌ كُلَّ يَوْمٍ تَطْلُعُ فِيهِ الشَّمْسُ ... وَيُمِيطُ الْأَذَى عَنِ الطَّرِيقِ صَدَقَةٌ

«Күн чыккан ар бир күнү адамдын ар бир мууну үчүн садака берүү милдети бар... Жолдон зыяндуу нерсени алып салуу да – садака».
Бул хадисте жолдон зыяндуу нерсени алып салуу садакага теңелип жатат. Мындан коомдук жайларды таза кармоо, көчөгө таштанды таштабоо, башкалардын жүрүүсүнө тоскоол болгон нерселерди жыйноо жана жалпыга пайдалуу иштерге салым кошуу да жакшы амал экенин түшүнөбүз.

Кээде адам өзүнүн үйүнүн алдына, короосуна же иштеген жерине гана көңүл буруп, коомдук жайларды жалпыга тиешелүү деп эсептеп, тазалыгына жоопкерчилик албай коёт. Бирок көчө, сейил бак, аялдама, базар, суу жээги жана башка коомдук жайлар – баарыбыз колдонгон орток мейкиндик. Аны таза сактоо да баарыбыздын милдетибиз.

Айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу үчүн эң оболу таштандыга болгон мамилени өзгөртүү зарыл. Таштандыларды каалаган жерге таштоо, жол жээгине, арыкка, дарыяга же бак-дарактардын түбүнө төгүү – жаратылышка гана эмес, адамдардын ден соолугуна да зыян келтирет. Ошондуктан ар бир жаран төмөнкү жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди күнүмдүк адатына айландырууга тийиш:

Биринчиден, таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана таштоо керек. Көчөдө, коомдук транспортто, сейил бактарда, эс алуу жайларында жана башка коомдук аймактарда таштанды калтырбоо зарыл. Таштанды челеги алысыраак болсо, аны жакынкы атайын жайга жеткиргенге чейин өзүңүз менен алып жүрүү маданияттуулуктун белгиси.

Экинчиден, тиричилик калдыктарын мүмкүн болушунча түрлөрүнө жараша бөлүп чогултуу зарыл. Кагаз, пластик, айнек жана металл сыяктуу кайра иштетүүгө жарактуу калдыктарды өз-өзүнчө топтоо алардын кайра пайдаланылышына шарт түзөт. Тамак-аш калдыктарын башка таштандылардан бөлүү да калдыктарды башкарууну жеңилдетет. Албетте, бул үчүн жергиликтүү шарттарды, кабыл алуу пункттарын жана таштанды ташуучу кызматтардын талаптарын эске алуу керек.

Үчүнчүдөн, суу булактарын жана жашыл аймактарды коргоо зарыл. Дарыяларга, көлдөргө, арыктарга жана суу сактагычтарга таштанды, май, химиялык заттар же башка булгоочу калдыктарды төгүүгө болбойт. Бак-дарактарды сындыруу, көчөттөрдү тебелөө, гүлзарларды жана эс алуу жайларын бүлдүрүү да коомдук маданиятка туура келбейт. «Бир тал кессең, он тал тик» деген элдик накыл жаратылышка кам көрүүнүн маанисин эске салат.

Төртүнчүдөн, тазалыкты сактоо ар бир адамдын жеке жоопкерчилигинен башталат. Балдарга таштандыны жерге таштабоону үйрөтүү, үй-бүлөдө калдыктарды бөлүп чогултууну адатка айландыруу, кошуналарды жана жакындарды тазалыкка үндөө – экологиялык маданиятты калыптандыруунун натыйжалуу жолдору.

Бешинчиден, таштандыларды башкарууда мыйзам талаптарын сактоо зарыл. Ар бир жаран таштандыларды белгиленген тартипте чыгарууга, уруксат берилбеген жерлерге төкпөөгө жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды аткарууга милдеттүү. Экологиялык мыйзамдарды сактоо – айып пулдан качуу үчүн гана эмес, коомдун жана келечек муундардын кызыкчылыгын коргоо үчүн керек.

Айлана-чөйрөнү таза сактоо бир гана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин же коммуналдык кызматтардын милдети эмес. Бул – мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү мекемелери, диний уюмдар, коомдук бирикмелер, ишкерлер жана ар бир жарандын биргелешкен жоопкерчилиги.

Мындай жоопкерчиликти калыптандырууда экологиялык агартуу иштеринин орду чоң. Калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, тазалык, сууну үнөмдөө, ысырапкорчулуктан алыс болуу, коомдук жайларды таза сактоо темаларын жеткирүү маанилүү. Ошондой эле экологиялык сабаттуулук боюнча жолугушууларды, түшүндүрүү иштерин жана тазалык акцияларын уюштуруу пайдалуу.

Мында адамдарга жөн гана «таштанды таштабагыла» деп эскертүү жетишсиз. Таштандыларды туура башкаруунун жолдорун, сорттоонун пайдасын, суу булактарын булгоонун кесепеттерин жана экологиялык талаптарды сактоонун зарылдыгын түшүндүрүү керек. Маалымат түшүнүктүү, турмуштук мисалдарга негизделген жана ар бир адам аткара ала турган сунуштар менен коштолсо, анын таасири да жогору болот.

Жаратылыш – адам баласына Жараткандан берилген чоң байлык. Таза аба, ичүүгө жарактуу суу, түшүмдүү жер, бак-дарактар жана кооз аймактар – жашообуздун ажырагыс бөлүгү. Бул байлыктарды жоопкерчиликсиз пайдалануу менен биз өзүбүзгө гана эмес, балдарыбызга жана кийинки муундарга да зыян келтиребиз.

Кыргыз элинин дүйнө таанымында жер-сууга аяр мамиле кылуу, булактын көзүн ачуу, көчөт отургузуу, сууну булгабоо сыяктуу жакшы салттар жашап келген. «Атадан мал калганча, тал калсын» деген элдик накыл да келечек муун үчүн пайдалуу иш жасоонун маанисин билдирет. Бир көчөт отургузуу, бир булактын көзүн тазалоо, бир көчөнү таштандыдан арылтуу – чакан көрүнгөнү менен коом үчүн маанилүү салым.

Ошондуктан тазалыкты бир күндүк иш-чарага айландырбай, туруктуу жашоо маданияты катары калыптандыруубуз керек. Ар бирибиз таштандыны белгиленген жерге таштап, калдыктарды мүмкүн болушунча бөлүп чогултуп, сууну жана жашыл аймактарды коргоп, экологиялык мыйзамдарды сактап, жакындарыбызга үлгү болсок, жалпы коомдук өзгөрүүгө жол ачабыз.

«Тазалык – ыймандын жарымы» деген хадис бизге тазалыкты баалуулук катары кароону үйрөтөт. Ал эми Курандагы жер жүзүндө бузукулук кылбоо жөнүндөгү эскертүүлөр жаратылышка жана коомго зыян келтирбөөгө чакырат. Жолдон зыяндуу нерсени алып салууну садака деп баалаган Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) насааты болсо, тазалыкка жасалган ар бир жакшы аракеттин сооптуу жана коом үчүн пайдалуу экенин көрсөтөт.

Ар бир жаран өзүнөн баштаса, үй-бүлөсүнө үйрөтсө, кошунасына үлгү болсо, коомдо тазалык маданияты бекемделет. Таза айлана-чөйрө – бирөөнүн эмес, бардыгыбыздын жалпы байлыгыбыз жана жоопкерчилигибиз.

Келгиле, таштандыны жерге таштабайлы, суу булактарын булгабайлы, бак-дарактарды коргойлу, калдыктарды туура башкарууну үйрөнөлү. Тазалыкты сөз менен гана эмес, ишибиз менен көрсөтөлү. Анткени таза коом – ар бирибиздин таза ниетибизден жана жоопкерчиликтүү аракетибизден башталат.