«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Назирбек кары Ысай уулу 1954-жылы 1-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал жашында Жалал-Абаддагы Аркалык айылында турган Абыш молдо менен Жамалдин Максымдан, мындан сырткары Исмаилов Кошон молдодон (молдо Талыпжан) илим алган. Андан соң Бухарага аттанып, диний илимин тереңдеткен.
Окуусун аяктаган соң Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) борбордук мечитте баш имамдын убактылуу орун басары жана азанчы болуу менен диний кызматка баштаган. Кийин өлкөнүн булуң-бурчундагы түрдүү мечиттерде баш имам-хатиб болуп, элге ак кызмат кылган. Ал барган жерлеринде көптөгөн шакирттерди окутуп тарбиялаган жана Куран жаттаткан.
Назирбек кары Ат-Башыга кыраан кыш чилдеде барып, оор шартка карабай жан дили менен кызмат кылганын замандаштары да айтып келет. Бул боюнча жергиликтүү тургундар Ат-Башынын бороон айдап, аяз улуп турган чыкыроон суугунда Назирбек дамла багымдатка туруп, кычырыган суукта даарат алганын, андан кийин мечиттин мешине от жагып, өз мээнети менен жылытканын, андан кийин коңур үнү менен азан чакырганын айтышат. «Мечитке аз гана аксакал келчү. Мына ушундай кыйын учурларда кабагым-кашым дебей, Алланын ыраазычыгы үчүн кызмат кылган. Дамлабыз ислам дини карыяларга гана эмес, жаштарга да тиешелүү экенин айтып, көптөгөн инсандардын диний сабатын ачкан», – деп эскеретат-башылык Үрүстөм Молдо.
Дин аалымы Назирбек кары бийик адеп-адеп ахлагы, кооз кулк-мүнөзү, уккулуктуу кырааты, чечкиндүүлүгү, курчтугу менен айырмаланып турган. Бул боюнча замандашы жана досу Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу: «Молдо Назирбек досубуз курч жана тайманбас эле. Ал кандайдыр бир туура эмес көрүнүштү көрүп же байкап калса, дароо ордунан туруп, шарияттын кызыкчылыгын коргочу. Досубуз Нарында, Балыкчыда, Чүйдө ыкластуулук менен кызмат кылган», – деп эскерет.
Молдо Назирбек кары Ысай уулунун эмгек жолу:
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы борбордук мечиттин имам-хатиби;
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Ысык-Көл» борбордук мечитинин имам-хатиби;
Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдовар айылындагы «Сабыр» мечитинин имам-хатиби;
Кара-Балта шаарынын борбордук мечитинин имам-хатиби.
Жогоруда көрүнүп тургандай, көп жерлерде имам-хатибдик кызматты аркалаган руханий агартуучу, диний аалым жана кыргыз карысы Молдо Назирбек кары 1998-жылдын 10-сентябрь күнү түбөлүктүү чын дүйнөгө сапар тарткан.
Назирбек кары арабча жана чагатайча китептерди окуп, эркин которгон. Ал Кыргызстанды түрө кыдырып, динге кызмат кылып, элге эмгеги сиңген. Карынын аракети менен далай-далай инсандар кудайды таанып, дин жобосун үйрөнгөн. Ал үй-бүлөдө да камкор ата болуп, жубайы Жамила Закирова экөө балдарына мыкты тарбия берген. Учурда Жамила эне балдарынын төрүндө сый-урмат көрүп, бактылуу жана дөөлөттүү карылыкты сүрүүдө.
Аалымдын артында 6 уулу калган. Перзенттеринин ичинен 2 уулу ата жолун жолдоп, молдочулукка багыт алышып, дин илиминде тереңдешкен. Ошондой эле Куранды толук жатташып, хафиздик даражага жетишкен. Назирбек карынын уулу Абдулазиз кары Назирбек уулу учурда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп үзүрлүү кызмат кылып келет. Дагы бир уулу Мухаммедамин кары өзү иштеп кеткен Чалдовардагы мечиттин имам-хатиби кызматын аркалоодо.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси