«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...
Таң.
Караңгылыкты жарып өтүп, тээ чыгыштын чегинен күндүн алгачкы нурлары төгүлдү. Таңдын атышы менен жаңы күн ойгонду. Жаздын кайрадан жанданышы сыяктуу, жашоого берилген алгачкы саламдай...
Эми жаңы күн башталды. Набийдин ﷺ көзүнүн нуру болгон намаз менен жер да, асман да нурга бөлөнсүн. Сенин да денеңдин, жан дүйнөңдүн ааламында таңдын жарыгы ата баштасын. Караңгылык каптаган напсиңдин горизонтун Сүйүктүүнүн ﷺ «көзүнүн нуру» жарык кылсын.
Убакыт таң алдындагы ажайып мезгил...
Ааламдын бүт ааламча-жараткандары менен катышкан ушул таңкы шаан-шөкөткө сен да кошул. Гүл менен булбулдун зар-муңуна, ааламдын зикирине сен да орток бол. Ааламга мээрим төгүлүп турганда, бул илахий ыракматтан өзүңдү кур калтырба.
Раббиң түндүн ичинен күндүздү сууруп чыгарып жатканда, бардык макулуктар сыяктуу сен да буга күбө бол. Анткени сен азыр «күбө болгон» учурдун өзүндө турасың! Ичиңдеги караңгылыктардын баарын ыргытып сал. Шайтандын байлап койгон капилеттиктин түйүндөрүн чеч. Напсиңдин кишендеринен бошон, шылтоолордун тузактарынан кутул. Мына, Раббиң сени караңгылыктардан жарыкка чыгарып жатат. Ага шүгүр кылбайсыңбы?
Таң алдындагы салкын...
Таң алдындагы салкында, таңкы сыдырым желге жүзүңдү тос. Жүрөгүңдү мээримдин тамчылары менен нымда. Таттуу уйкуңдан ааламды да, напсини да титиреткен ушул илахий чакырык менен ойгон: «Ас-Салату хайрун минан-наум» – «Намаз уйкудан артык!»
Баары уктап жаткан учурда сен ойгон! Тирил! Ордуңдан тур да, диниңдин тиреги болгон намазды тургузууга кириш! Набий ﷺ дүйнөдөгү бардык нерседен артык сүйгөн эки рекет намазга сарпталган убакыттай болсо да, убакыттын чегинен чыгып тур. Аны менен жолук, Аны менен бол!
Кана! Ал сени чакырып жатат!
Саждалар менен жаңы күнгө салам айт! Ар бир жаңы күндүн башында ичиңде топтолуп калган кир-калдыктарды тазала. Ар күнү, күн чыга электе, сен да кайрадан төрөл!
Кана! Убакыт – таң намазынын убактысы...
Бешим
Күн акырындык менен көтөрүлгөн тепкичтеринен кайра түшө баштады. Асмандын эң бийик чекитине жеткен соң, акырын батышты көздөй оой баштады.
Адам өмүрүндө жаштык кандайча жетилүүнүн туу чокусу болсо, күндүн да өзүнүн кемелине жеткен учуру бар. Бирок ар бир кемелдин ичинде сөзсүз бир төмөндөө катылган.
Мына, асмандын чокусунан ылдый карай ыктоо башталды. Алдыбызда көлөкөлөр узарып барат... Күндүн чыгыштан башталган сапарынын жарымы артта калды. Күндүн так ортосу – дал ушул учур. Күндүн эң кыймылдуу, эң шаңдуу, эң түйшүктүү мезгилдери өтүп жатат. Бирок бул кыймыл түбөлүктүү деп ойлобо. Карачы, күндүн өзү да жүзүн буруп кетти. Дүйнөгө келген ар бир нерсе сыяктуу, анын да бир күнү батары турган иш...
Ушул эң жарык учурга алданба да, караңгылык кайра каптабайт деп ойлобо. Жаштыгыңа да алданып калба – акыры белиң ийилет. Албетте, жайдын аптабында кышты эстөө кыйын. Бирок унутпа: ар бир жайдан кийин күз өз кезеги менен, эч жаңылбай келет. Өнөрдүн өзү – жайдын сыйкырына арбалып калбастан, кышка даярдана билүүдө.
Тур! Бардык үндөрдү басып, ичиңдеги үнүңө кулак төшө! Элдин көптүгүнүн арасында багытыңды жоготпо. Жүзүңдү кыбылага бур!
Өзүңдү ушул көз ирмемдеги түйшүктөрдөн үзүп, алыстат. Карачы, Раббиң сени түбөлүктүү бейпилдикке чакырып жатат!
Набий ﷺ чөлдүн аптабын бир аз басаңдатып алып, анан намазга турчу. Мына, дал ушул учурда намазга турганда, тозок отунун ага арам кылына турганын сүйүнчүлөгөн эле.
Оттон сактануу үчүн, жаштыктын эң албуут кезинде, күндүн эң ысык маалында маңдайыңды жерге тийгиз. Кана, убакыт – бешим намазынын убактысы...
Дигер
Убакыт агып жатат. Убакыттын Ээси бар экенин билдирип турган Күн өз ордун Айга бошотууга камданып жатат. Ошондуктан анын өңү да кубарып барат. Адамзатка жана макулукка жарык чачкан Күндүн өзү да чарчады.
Бирок чарчаган жалгыз Күнбү?
Карылыктын оор жүгүн ийнине арткан адам да башын ийди. Күндү карап, анын нурларын горизонттон биринин артынан бирин жыйнап жатканын көргөн адам да түшүнөт: даярдык жүрүп жатат, сапарга чыгардын убактысы жакындады.
Мезгилдерден болсо күз. Жашыл-жашыл жалбырактар эми жерди шыпырып жатат. Асманды коргошундай оор булут каптады, шамалдар муздак согууда.
Чачына түшкөн ак аралашкан нурларды, кызгылт тарткан горизонтторду тиктеген адам өткүнчүлүктүн, фанийликтин аң-сезимине жетет. Дал ушул учурда ал Раббинин эмне үчүн «Асрга» ант бергенин түшүнө баштайт. Эмне үчүн адам «Асрдын» баркына жетпей, анын маанисин аңдабай калганда зыянга учурарын түшүнөт. Оюн-зооктон гана тургандай көрүнгөн бул дүйнөнүн акыры бир күнү келерин эсине салбай койгондо, адам кандайча алданып калганын аңдайт. А бирок мунун баары эбак эле айтылган: Албетте, турак-жай бүктөлүп-жыйналат, убакыт түгөнөт. Күн да, Ай да өчөт. Ошондуктан күн бата электе, караңгылык каптай электе, колуңдагы байлык – өмүрүңдүн мөөнөтү түгөнө электе, дал ушул учурда Раббиңе кайрыл!
Убакыт – аср намазынын убактысы...
Асрдын маанисине жет. Азан сени ортолук намазга чакырып жатканда жана дагы убакыт бар кезде, токтоп калба – Ага баш калкала! Саждалар менен калканыч тап! Күн батууга жакын, өмүр бүтүүгө жакын. Ошондуктан ар бир секунд – теңдешсиз кымбат!
Кана, күн сенден жүзүн бура электе, сен да жүзүңдү Раббиңе бур!
Убакыт – дигер намазынын убактысы...
Шам
Күн Айга жетип бара албайт, Ай да Күндү озуп кете албайт. Ар бири өз жолунда, эч жаңылбай, өз нугу менен агып барат... Күн батыш горизонтунун чегинен бизге жөнөткөн кызгылтым «өбүүлөрү» менен коштошуп жатканда, кезегин күтүп турган Ай кубарган жүзү менен калкылдап, асманга салам жолдоду.
Мына, күн бизди таштап кетти. Жылдыздардын төгүлүшү да, тоолордун ордунан жылышы да жакын. Анын белгилерин биринин артынан бирин көрдүк. Эми кыяматка даяр турган дүйнө өлүмүн күтүп жатат. Сурдун үнүнөн бийик үн жок. Эми узакка созулган, караңгы, коюу жымжырттыктын мезгили...
Күндүздүн ичинен түндү чыгарып турган Рабби тирүүдөн да өлүктү чыгарат, албетте. Күн караңгылыктын ичинен суурулуп чыккан сыяктуу, эми жандын да денеден бөлүнөр учуру келди. Күн өз күнүнүн акырында шамга айланып, акыркы демин бергендей, табият кышка кирип, ак кепинин жамынгандай, адамдын да бир күнү өмүр байлыгы түгөнөт эмеспи.
Мына эми, коштошуу учуру.
Дүйнө үйүнөн бөтөн бир жолоочудай айрылып бара жатканда, адам бул дүйнөдө болгону бир ирмемдей гана жашап өткөндөй сезет өзүн! Сен да өмүрүң сыяктуу билинбей агып өтүп жаткан ушул кечтин кызгылт шооласы өчүп, өңүң кубарганга чейин, жаның денеңден чыга электе, Раббиңдин алдында тур! Өлөрдөн мурда өл; ошондо гана жашап өткөнүңдү түшүнөсүң!
Акыркы намазыңдай, кайгылуу коштошуу ирмеминдей, маңдайыңды жайнамазыңа тийгиз! Таң менен кечте күндүн эки четинде – асманда жана жерде болгон бардык нерсе өз көлөкөсү менен бирге Раббиңе сажда кылсын!
Кара! Жылдыздар да Өз Ээсине моюн сунуп, баш ийип жатат!
Күн өлүп баратканда, сен али өлө элек кезиңде, канакей, жашап жатканың үчүн шүгүр кыл!
Убакыт – шам намазынын убактысы...
Куптан
Күн өчтү. Эми анын жарыгы – жагымдуу бир элес гана. Раббиң Өзү ант берген тынчтыкка бөлөнгөн түндүн караңгылыгында жүзүңдү Ага бур!
Караңгылык каптаганда Раббиңе баш калкалаган ошол капкара түн эми айланаңды бүт курчап турат. Жарык өчтү, үндөр тынчыды. Өң-түс да, көрүнүш да – баары эми алыс жакта калгандай.
Элдин баары тарап кетти. Бардык түйшүк-түйшүктөр басылды. Ар ким өз турагына тартылды. Эне баласынан, сүйгөн сүйгөнүнөн кабарсыз... Ар ким жалган сүйүүлөрүн унутуп, эми өзүнүн кайгысы менен алек.
Сен да ошолордун бирисиң – караңгылыктын бир бурчунда жалгызсың! Эми ойлон: күндү да, түндү да, түндү өлтүрүп, күндүздү кайра тирилткен Раббиңди ойло! Эгер Ал күндүздү кайра чыгарбастан, сен дайыма караңгылыкта калсаңчы? Анда сенин таңың качан атат? Караңгылыгың дагы канчага созулат? Түнүң качан бүтөт?
Эми ушул капкара караңгылыкка сабыр кыл. Күндүз жарыкка шүгүр кылгандай эле, караңгылыкта да сабыр кыл. Анткени Раббиңди бир гана жарык күндөрдө эмес, караңгылыкта, көңүлдү чөгөргөн үмүтсүздүктө, айласыздык белди бүккөн тар күндөрдө да эстегин!
Жүрөгүңдө топтолгон дубаларыңды Ага тартуула – түндүн Ага эң жакын болгон учурунда. Набий ﷺ сыяктуу намаз менен өзүңдү жеңилдет. Саждалардан бакыт жана тынчтык тап. Түндүн эң караңгы маалында тахажжудга арна.
Капилеттиктин уйкусуна эч качан алдырба! Унутпа, кыштан кийин куураган бутактар кайрадан бүчүр байлайт. Түн эң караңгы чекке жеткенден кийин таң агара баштайт. Куураган сөөктөрдү аларды биринчи жолу жараткан Зат, албетте, кайра тирилтет!
Кана! Тур эми! Бейиштин ачкычын колуңа ал да, Раббиңдин мээрим эшигин как! Баары уктап жатканда, күн али ойгоно электе. Кана!
Убакыт – куптан намазынын убактысы...
Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси