Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Ислам дининде тилден чыккан сөзгө чоң маани берилет. Анткени Имам Матуриди акыйдасына ылайык, ыйман келтирүүдө жүрөк менен ынанып, тил менен тастыктоо аркылуу мусулман болуп эсептелинет. Ошондой эле көп күнөөлөрдү тил аркылуу жасайбыз. Ошондуктан тилиң сени бейишке чыгарат же тозокко түшүрөт деп айтылат. Бул боюнча «Тилден бал да тамат, уу да тамат» – деп ата-бабаларыбыздын бизге калтырган акыл-насааттарында келет. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Чыныгы мусулман колу жана тили менен башкаларга зыян бербейт», – деп айткан.
Сөздү сүйлөөдө көп нерсеге маани берүү керек. Өзгөчө бирөөнүн көңүлүн оорутуп албоо үчүн кылдаттык менен мамиле кылуу абзел. Анткени кулактан кирген суук сөз, жүрөккө жетип муз болот. Ошондой эле адамдын деңгээлин сүйлөгөн сөзүнөн байкоого болот. Ириген ооздон чириген сөз чыгат дегендей эле кеп.
"Акылдуу бала бир сөзгө түшүнөт, акылман айттырбай билет" демекчи, көп сүйлөбөй көп тыңшоо керек. Себеби, буттан жыгылсаң турасың, тилден жыгылсаң турбайсың. Ошондуктан ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө деп айтылат. Бул боюнча Пайгамбарыбыздын (с.а.в): «Кимде-ким Аллах Таалага жана акырет күнүнө ишенсе пайдалуу сөз сүйлөсүн же болбосо унчукпасын», – деп айткан.
Кээде унчукпай коюу эң күчтүү курал болуп саналат. Белгилүү дин аалымдарынын бирөөсү: "Айтпай калганым үчүн бир жолу өкүнсөм, айткандарым үчүн миң жолу өкүндүм", – деп айткан.
Жакшы сөз айтуу боюнча Кереметтүү Куранда келген айрым аяттарды айтып өтөлү:
«Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк, ыза ээрчитип келген садакадан жакшы» (Бакара сүрөсү, 263-аят)
«Аллах жакшы сөздү бекем тамырдуу, бутагы көктү тиреп өскөн, мыкты даракка салыштырып мисал кылганын көрдүңбү?» (Ибрахим сүрөсү, 24-аят)
«Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга: “Уф-ф!” — дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө!»
(Исра сүрөсү, 23-аят)
«Пенделериме айт: “Жакшы гана (сөздөрдү) сүйлөсүн”. Акыйкатта, шайтан алардын ортолоруна кастык салат. Анткени шайтан инсандын анык душманы».
(Исра сүрөсү, 53-аят)
«Ага жумшак сүйлөгүлө. Балким ал насаатты угаар же (тозоктон) коркоор»
(Тоха сүрөсү, 44-аят)
"Мына ушулар жакшы сөзгө көндүрүлүп, Даңктуу Аллахтын жолуна салынгандар". (Хаж сүрөсү, 24-аят)
«Ким мартабалуу болууну кааласа…, бардык урмат-сый Аллахка гана таандык. Жакшы сөз Ага көтөрүлөт. Жакшы амал аны көтөрөт»
(Фаатир сүрөсү, 10-аят)
“Акыйкатта, мен – мусулмандарданмын” – деп, (адамдарды) Аллахка чакырып, өздөрү да жакшы иштерди жасаган адамдан жакшы сөздүү ким бар?» (Фуссилат сүрөсү, 33-аят)
«(Алар үчүн) баш ийүү менен жакшы сөз (пайдалуураак). Маселе толук чечилген соң, Аллахка чынчыл болсо, ал алардын өздөрү үчүн жакшы болмок».
(Мухаммад сүрөөсү 21-аят)
«Ысырап кылуучуларга Аллах силерге ыроологон мал-мүлкүңөрдү бербегиле. Аларга андан тамак-аш бергиле, кийиндиргиле жана аларга жакшы сөздөр айткыла!»
(Ниса сүрөсү, 5-аят)
«Туугандары, жетимдер жана кедейлер бөлүштүрүүдө келип калса, андан аларга да бергиле, аларга жакшы сөз айткыла!»
(Ниса сүрөсү, 8-аят)
«Артында жаш наристелерин калтыруучулар коркушсун! Аллахтан сактанышсын! Ага жылуу-жумшак сөз айтышсын!»
(Ниса сүрөсү, 9-аят)
«Аллах алардын жүрөгүндөгүнүн баарын билет. Сен да алардан жүзүңдү үйрү. Насаат кылып, таасирдүү сөз айт»
(Ниса сүрөсү, 63-аят)
«Эгер сен (колуң жукалыктан) алардан жүз үйрүп, Эгеңден мээримдүүлүк суранып үмүттөнсөң, анда аларга жылуу-жумшак сөз сүйлө»
(Исра сүрөсү, 28-аят)
Айтор жакшы сөздөрдү сүйлөө же жакшы мамиле жасоо боюнча көптөгөн аят, хадистерди, учкул сөз жана макал-лакаптарды табууга болот. "Тилдин сөөгү жок, бирок сөөктөрдү сыздатат". Себеби, "тил кылычтан өткүр" деп айтылат. Ал эми жакшы сүйлөө садака болуп саналат.
Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси