“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Муфтият | 17.05.2025
  • |

ИСЛАМДА ЭНЕ

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,
Өз баласын артык көрүп баарынан.
Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,
Эне кымбат, эне ыйык баарынан», – деген ыр саптарында таасын айтылгандай, эне – дүйнөдө теңдеши жок, мээрими деңиздей чалкыган асылзат. Ар бир инсан үчүн эне ыйык. Бул жашоодо сенден эч кандай пайда, эч бир кызыкчылык күтпөй, сени жөн гана чексиз сүйгөн зат – эне. Эгер иштериң жүрүшпөй, банкрот болсоң да, натуура иштерге белчеңен батып, эл сенден качып калса да, ден соолуктан ажырап (кудай сактасын) төшөккө жатып калсаң да, күйпөлөктөп, жалынып, сени ойлоп, сен үчүн жан алакетке түшкөн жападан жалгыз зат – энең!  «Энеге баланын алалыгы жок» деп ата-бабалар тээ илгери эле эненин балага болгон сүйүүсүн айтып койгон. 

Чексиз даанышман зат Алла Таала эненин жүрөгүнө балага болгон ушундай бир сүйүү салган дейсиз, бүт дүйнө сенден баш тартып кетсе да, эне баш тартпайт. Эне сени 9 ай жүрөгүнүн алдында, курсагында көтөрсө, там-туң басып кеткенче кучагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп өтөт. Өзгөчө кызыл эт ымыркай кезиңде курсагың ачса, уйкуң келсе, белиң таалыса же алдың ным болуп калса, ыйлагандан башка эч нерсе кыла алчу эмессиң. Болгону ыйлагандан башка эч нерсеге жарабаган, сүйлөй албаган, өз муктаждыгыңды чече албаган эң алсыз, эң чарасыз, эң бечел эмес белең. Ошондо сени периштедей коргоп, ар убак жаныңда болгон, сен ыйласаң алтымыш тамыры зыркырап, ак сүтү менен оозантып, бапестеген ошол эне! 
«Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп.
Калкалайт мээрим жамалың,
Карызбыз Сизге эселеп.
Кайгымды тарттың теңселип,
Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп».
(Баян Акматов)

«Ак сүт берген эненин, балада акы зор болот» дейт акылман кыргыз. Пайгамбарыбызга бир сахаба келип: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?»–деп сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага: «Энеңе» – деген. «Андан кийинчи?» Пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деген. «Андан кийинчи?» –дегенде пайгамбарыбыз ага: «Энеңе» – деп үч жолу кайталаган. Төртүнчүсүндө гана «Анан атаңа» – деп жооп берген. Албетте бул жерде аталардын укугун тепсөө максатында айтылган жок. Балким энелердин баркын көтөрүү, алардын кызматын баалай билүү болуп эсептелет.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.): «Ата-энең сенин бейиш дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң талкалап сал» деген.

Дагы бир хадисте: «Бейиш энелердин таман астында» деп билдирген. Албетте, мындагы максат Жараткандын пакиза, таза, ибадаткөй пенделерине тартуулоочу эң жогорку сыйы болгон бейиштен да эненин кадыры бийиктиги набавий назарга тутулган. Аны түшүнбөгөн айрым тайкы көз караштагы жарандар сөз төркүнүн түшүнбөй, бейишти кызгангансып, аны ар кайсы аялдарга тебеленди кыла бербегиле дегенине эрксизден жылмаясың киши. 
Ырасында шариятта ата-энеге баш ийүү – Аллага баш ийүүдөн кийин эле турат. Ыйык Куранда мындай буйрук бар. 

وَقَضٰى رَبُّكَ اَلَّا تَعْبُدُٓوا اِلَّٓا اِيَّاهُ وَبِالْوَالِدَيْنِ اِحْسَاناًۜ اِمَّا يَبْلُغَنَّ عِنْدَكَ الْكِبَرَ اَحَدُهُمَٓا اَوْ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُلْ لَهُمَٓا اُفٍّ وَلَا تَنْهَرْهُمَا وَقُلْ لَهُمَا قَوْلاً كَر۪يماً

«Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга: “Уф-ф!” — дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө! “Аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып, “Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлө”, – дегин (Исра, 23).
Аллах Таала дагы айтат:
يَسْـَٔلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَۜ قُلْ مَٓا اَنْفَقْتُمْ مِنْ خَيْرٍ فَلِلْوَالِدَيْنِ وَالْاَقْرَب۪ينَ وَالْيَتَامٰى وَالْمَسَاك۪ينِ وَابْنِ السَّب۪يلِۜ وَمَا تَفْعَلُوا مِنْ خَيْرٍ فَاِنَّ اللّٰهَ بِه۪ عَل۪يمٌ
 «Сенден эмнебизден нафака берели деп сурашат, айткын – кандай жакшылык жасай турган болсоңор, ата-энеңерге, жакындарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жолоочуларга бергиле, эмне берген болсоңор, Аллах ал жөнүндө билүүчү» (Бакара, 215).

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) доорунда Алкама (р.а.) деген сахабанын ичер суусу түгөнүп, өлүм төшөгүндө жатып калган болот. Бирок келме айтууга тили келбейт. Бул кабар пайгамбырыбзга (с.а.в.) жетет. Ал сахабаларга кайрылып, «Барып кабар алгылачы, анын ата-энеси бар бекен?» дейт. Көп өтпөй сахабалар Алкаманын (р.а.) улгайып калган энеси бар экенин айтып келишет. Алланын элчиси ал кемпирге жолугуп «Эмне, балаңызга капачылыгыңыз бар беле?» дейт. Ал кемпир: «Ооба, уулум үйлөнгөндөн кийин аялын менден өйдө коюп, ага көп көңүл бөлүп, бирок мага болгон мамилеси суздап кеткен эле. Мына ошондуктан көңүлүмдө бир аз таарыныч, капалык пайда болгон» деп болгон чындыкты айтып берет. 
Бул сөздөрдү уккан Алланын элчиси сахабаларга кайрылып «Отун жыйнагыла, ата-энесин капа кылгандарды өрттөп салуу керек» – дейт. Пайгамбардын ачуусун көрүп, анын сөзүн уккан байкуш кемпир: «Жок-жок, андай кыла көрбөгүлө, мен балама ыраазымын, аялын менден жакшы көрсө да ыраазымын» – деп ыйлап жиберет. Андан соң пайгамбар сахабаларга: «Эми Алкамадан (р.а.) кабар алгылачы?» дейт. Бир аздан кийин сахабалар келишип, Алкама (р.а.) келме айтып акка моюн сунганы тууралуу сүйүнүчтүү кабар беришет.
Азыркы заманда эң кадырлуу болгон энени сыйлабай, каяша айтып, кыйкырып, тилин укпай, жакшы мамиле кылбай, энесине кол көтөрүп кордогондор арбып барат тилекке каршы. Не деген азап-тозок менен бапестеп өстүргөн апасын уялбай эле карылар үйүнө өткөрүп салгандар жок эмес. Мына ушундайлардын айынан да карылар үйлөрү ачылып, үйгө баптаган ата-энелер көбөйүп жатпайбы. Болбосо да ошол перзентин эрезеге жеткирүү үчүн бүт мүмкүнчүлүгүн, жаштыгын, күчүн, ден соолугун, дегеле өмүрүн арнабады беле?! Шариятта да, наркта да энеге жакшы мамиле кылуу негизги принциптерден болуп эсептелет.
Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ата-энени багып, кызмат кылуунун сообу жихаддын сообуна тең экенин кабарлаган. Бул тууралуу келген хадистерден айрымдарын келтирели.

Бир киши ыйык согушка катышууга уруксат сурап, Алланын Элчисине (с.а.в.) келет. Пайгамбарыбыз:
— «Ата-энең тирүүбү?» — деп сурайт.
Ал киши:
— «Ооба, экөө тең тирүү», — деп жооп берет.
Ошондо Алланын Элчиси (с.а.в.):
— «Анда аларга кызмат кыл. Аларга кызмат кылуу да жихад болуп эсептелет», — деп буюрат.
(Бухари, Жихад 138, Адаб 3; Муслим, Бирр 5 (2539); Абу Дауд, Жихад 33 (2529); Насаи, Жихад 5; Тирмизи, Жихад 2 (1671).)

Муслим риваят кылган башка хадисте ал киши:
— «Сага хижрат кылып, жихадга чыгып, анын сообун Аллахтан үмүт кылуу шарты менен кол берем», — дейт.
Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
— «Ата-энең же алардын бири тирүүбү?» — деп сурайт.
Ал киши:
— «Ооба, экөө тең тирүү», — деп жооп берет.
Пайгамбарыбыз:
— «Демек, сен Алладан сооп күтүп жатасыңбы?» — дейт.
Ал киши «Ооба», — дегенде, Пайгамбарыбыз:
— «Андай болсо ата-энеңдин жанына кайтып бар. Аларга жакшы кызмат кыл. Анткени Алланын ыраазычылыгы ушунда», — деп буюрат.
Абу Дауд менен Насаи риваят кылган дагы бир хадисте ал киши:
— «Мен ата-энемди ыйлатып таштап келдим», — дейт.
Ошондо Аллахтын Элчиси (с.а.в.):
— «Йеменде жакындарың барбы?» — деп сурайт.
Ал:
— «Ооба, ата-энем бар», — дейт.
Пайгамбарыбыз:
— «Алар сага уруксат бериштиби?» — деп кайра сурайт.
Ал «Жок», — деп жооп берет. Ошондо Пайгамбарыбыз:
— «Анда кайра алардын жанына бар. Уруксат сура. Эгер уруксат беришсе, согушка катыш. Эгер уруксат беришпесе, аларга кызмат кыл!», — деп буюрт.
Ислам дини ата-эне баласына кыйынчылык көрсөтүп, кээде азап тарттырса да, аларга кызмат жана жакшы мамиле кылууну насаат кылат.

Бул жерде бир маанилүү жагдайга көңүл буруу керек. Ислам дини адамды төрөп-өстүргөн, тарбиялап чоңойткон ата-энесине бардык шартта кам көрүүгө жана аларды коргоого үндөйт. Бирок мунун бир гана өзгөчө жагдайы бар.Эгер ата-эне Аллага каршы чыгууга, күнөө кылууга же Ага ибадат кылуудан тосууга аракет кылышса, анда мындай учурда угууга болбой калат. Анткени инсанды жоктон бар кылган, жан берген жана сан жеткис нематтарына бөлөгөн Раббинин буйругу баарынан жогору турат эмеспи.

Шарияттын талабы боюнча ата-энени орой сөз менен таарынтпоо керек, аларга катуу мамиле кылбай жана адептин чегинен чыкпоо шарт. Алтургай ата-эне мусулман болбой, мушрик болсо да, аларга урмат-сый көрсөтүүгө милдеттүү мусулман киши.

Мындай учурда кандай мамиле кылуу керектигин төмөнкү хадис үйрөтөт.
Асма бинти Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт:

«Апам ошол кезде мушрик эле. Ал мени көрүүгө келгенде, эмне кылышым керек экенин сурап Алланын Элчисине (с.а.в.): "Апам мени менен жолугушууну каалап келди. Ага жакшы мамиле кылайынбы?" — дедим. Ошондо Пайгамбарыбыз: "Ооба, ага жакшы мамиле кыл, жеткиликтүү урмат-сыйыңды көрсөт", — деп жооп берди.»
(Бухари, Хиба 28; Адаб 8.)

Демек, кандай гана шарт болбосун, энеге жана атага жакшы мамиле кылуу – фарз. Рабаяттарга караганда, бир жигит апасы ооруп жатканына карабастан ажылыка аттанат, бирок энеси ага наразы бойдон калат. Ал далай-далай жол жүрүп, далай-далай бел ашып, жолдо бир мечитке кирип намаз окуп алмакчы болот. Ал мечитте бир аз ибадат кылып отуруп калат. Ошол учурда бир ууру уурулук кылып качып келе жатып, мечитке кирип кетет да, башка эшигинен акырын качып чыгып кетет. Куугунчулар мечитке кирип, жанагы ибадат кылып жаткан жигитти кармап алышат. Аны кармап алышып, «уурулукту кылып алып, калп эле ибадат кылып жатканын кара» деп анын канчалык актанганына карабастан эки көзүн оюп салышат.

Мына ушундай. Алыска сапарга аттанарда, алтургай парз болгон ажылык сапары болсо да, ата-энеден ыраазылык жана бата алып чыгуу керек. Бул иште береке бар. Ата-эненин дубасы жолоочуну коргоп турган чеп болот.

Албетте, эне болуу чексиз укук жана чексиз жоопкерчиликсиздик эмес. Мына ушул жерден жаш энелерге айтар ибарат – жаш бала Алланын аманаты. Ал эрезеге жетип, сөөгү катканча жакшы кароого аракет кылуу керек. Баланы ислам наркы жана улуттук тарбия менен тарбиялап, чыныгы эл уулу кылууга умтулушу зарыл. Ымыркай ыйласа сабырсыздык кылып, урушуп-тилдеп, кагып-согуп, же телефонду алдына таштап койбой, Жараткандын ыраазычылыгын жетекчиликке алып, ак дил менен тарбия берген жакшыдыр. 
Жаш энелерге көп эле акыл үйрөтө бербей, кылымдарды карыткан элдик педагогикабыз болгон макал-лакаптар менен сөзүбүздү жыйынтыктаганыбыз эп.
Эне жөнүндө макалдар:
«Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени. Агасын чапса баланыз, атасын урам дегени».
 «Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол».
«Ата болуш — ардак, эне болуш — сыймык».
«Ата даңкы, эне баркы — балага дем».
«Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы».
«Ата каргышы — ок, эне каргышы — пок».
«Ата көргөн — ок бычат, эне көргөн — тон бычат».
 «Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы».
«Атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба».
«Атаңды көргөндөн акыл сура, энеңди көргөндөн тон сура».
 «Аталуу бала арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим».
«Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим».
 «Атамдын тапканы энемдин баракелдесине да жарабаптыр».
«Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт».
«Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат».
«Эненин кеби — кыз-келинге, эженин кеби — синдиге эм».
«Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар».
«Атасы болушчаактын — уулу урушчаак, энеси болушчаактын — кызы ыйлаак».
«Атасы жиндинин — бири жинди, энеси жиндинин — баары жинди».
«Атасы өлгөн уул көбөт, энеси өлгөн кыз көбөт».
 

✍🏻 Иманбек Азизилла уулу, публицист

(Башкы бетте колдонулган сүрөт Талгат Султаналиевге таандык, интернет булактарынан алынды)