«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Муфтият | 02.06.2026
  • |

ЗЕКЕТ КИМГЕ БЕРИЛЕТ?

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Кураны Каримде:

 

اِنَّمَا الصَّدَقَاتُ لِلْفُقَـرَٓاءِ وَالْمَسَاك۪ينِ وَالْعَامِل۪ينَ عَلَيْهَا وَالْمُؤَ۬لَّفَةِ قُلُوبُهُمْ وَفِي الرِّقَابِ وَالْغَارِم۪ينَ وَف۪ي سَب۪يلِ اللّٰهِ وَابْنِ السَّب۪يلِۜ فَر۪يضَةً مِنَ اللّٰهِۜ وَاللّٰهُ عَل۪يمٌ حَك۪يمٌ

«Акыйкатта, садагалар (зекеттер) – Алла жүктөгөн фарз: Колу жука кедейлерге, колунда жок жакырларга, аны жыйноочуларга, көңүлдөрүн алуу керек болгондорго, (мусулман) кулдарды бошотууга, карыздууларга, Алланын жолундагыга жана (мусулман) мусапырларга берилет. Алла – бардык нерсени Билүүчү, Даанышман!», (Тообо, 9/60) – деп буйрулуп, зекет жана фитрдин (садага) кимдерге берилиши керектиги ачык-айкын көрсөтүлөн. Зекет жана фитр аяты-каримада белгиленген топтордун кайсы бирине берилиши мүмкүн. Ошондой эле, топтордон экөөнө, үчөөнө же жалпысына да берүүгө болот. Себеби, аятта зекеттин берилиши мүмкүн болгон топтор гана эскерилип, бирок алардын арасында кандайдыр бир тандоо көрсөтүлгөн эмес. 

Төмөндө аяты-каримада зекет берилиши буйрук кылынган 8 топту кыскача ачыктоого аракет кылабыз. 

1.    Бакырлар жана кедей-кембагалдар

Жогоруда мааниси берилген Тообо сүрөсүнүн 60-аятында айтылган арабча «факир» сөзү муктаждыгынан ашыкча же нисап өлчөмүндөгү мал-мүлкү жок, өп-чап жашоо өткөргөн кедейлер,  ал эми «мискийн» сөзү болсо колунда эч нерсеси жок жакыр, мискин деп чечмеленет. Коомдогу кары-картаң, алсыз, күчсүз, өзүлөрүн илим-билимге арнап койгон, турмуш-тиричилигин өткөрө албаган студенттер жана окутуучулар сыяктуу инсандар да бакыр жана кедей деген категорияда каралат.

Жакырлык – Алла Тааланын кулдарын сынооcу экенин, сабыр кылгандар гана аны жеңерин билишибиз керек (Бакара, 2/155). Айрыкча, байлардын мал-мүлкүндө муктаждардын жана кедейлердин белгилүү бир деңгээлде акысы бар экенин (Маариж, 70/24-25) билебиз. Бакыр-тукурдун негизги муктаждыгын камсыздоо (Тообо, 9/60) маселесине келсек, бул сыноо бир эле кедей-кембагалдарга эмес, экинчи жагынан бардар мусулмандар үчүн да сыноо болуп саналат. Кедейликтин кесепеттеринен Алладан коргоону сурап (Абу Дауд. Адаб, 97), чөйрөсүндөгүлөрүн да жакырлыктын жамандыгынан Аллага сыйынышы керектигин буюрган (Муснад. II, 540) Азирети Пайгамбар инсанга диний жана ахлактык жоопкерчилигин унуттурган бакырлык менен бирге көзүн бай басып, шүгүрчүлүк келтирбеген байлыктын коркунучуна да көңүл буруп, «Оо Алла! Бардарлык сыноосунун жамандыгынан Сага сыйынам», – деген (Бухари. Даъват, 44).  

Кураны Каримде садагалар (зекет) бериле турган жерлер көрсөтүлүп жатканда эң биринчи жакырлар жана кедейлер эскерилет. Бул башкаларга караганда бакыр-тукурларга жана колунда жокторго көбүрөөк көңүл буруп, алардын маселелерин чечүүгө шашылуу керектигин туюнткан сыяктуу. Бул ушунчалык маанилүү маселе болгондуктан Азирети Али (р.а.): «Алла Таала байларга өздөрүнө жетип (ашкан) малдан бакырларга берүүнү фарз кылган. Эгер жакырлар ач-жылаңач калса же оор күндөргө туш келсе, бул аларга байлардын зекет бербегенин көрсөтөт. Ушул кылыгы үчүн аларды соттоо жана өздөрүнө ылайык жаза берүү Аллага жарашат» –деген (Абу Убайд. Китабул-Амваал, 368, № 1266). 

Катары менен зекет берилип жатканда, жакын туугандардын арасында жакырлардын бар-жогуна көңүл буруу зарыл. Башкача айтканда, зекеттин (жана садаганын) «жакындан алыска» карай берилиши Кураны Каримдин атайын белгилеп көрсөткөн эрежеси болуп саналат (Бакара, 2/215). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да: «Садагалардын эң жакшысы, кишинин бай (курсак ток, кайгы-капа жок) учурунда бергени болуп эсептелет. Үстүңкү (берген) кол, астыңкы (алган) колдон абзелирээк. Сен садага берүүнү эң жакындарыңдан башта!» (Муслим. Зекат, 95). 

Негизинен алып караганда, баары өз тууган-уругундагы жакырларга каралашса, коомдо жакыр катмар кескин азаят. Мында коомдун өз ара каралашуусу чынжырдай бек болот. Албетте жакындарга каралашуу дегенибиз туугандыгы жок, алыс муктаждарды карабаш керек дегендикке жатпайт. Эгерде муктаждар бирдей абалда болгон болсо, зекет алгач туугандарга берилиши керек деп түшүнгөнүбүз оң. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) «Колунда жок кишиге садага берүүнүн садага сообу гана бар. Ал эми, тууганга садага берүүдө болсо, садага жана туугандыкты бекемдөө деген эки сооп бар» (Тирмизи. Зекат, 26). 

Мына ушул хадис зекет жана садага берүүдө алгач тууганга көңүл буруп, аларды камкордукка алуу үчүн айтылган. Ислам – туугандыкты бекемдөөнү жактаган дин.

2.    Садага жыйноочу кызматкерлер

Зекет бериле тургандардын арасында зекет топтоп, аны таратуу менен алек болгон жана ушул максатта курулган уюмдарда иш алып барган кызматкерлер да бар. Зекет иштеринде кызмат кылган жактарга берилүүчү каражат өлчөмү, аларга берилчү айлык даражасында болот. Ал кызматкерлер бай болсо да, фонддон акы төлөнөт. Себеби, Алла алар үчүн да зекеттен пай/үлүш бөлгөн. Расулалла жана төрт халифа доорунда зекет иштерине дайындалган кызматкерлер менен зекет берүүчүлөрдүн бири-бирине сый-сыпаа мамиле кылуулары сунуш кылынган. 

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) зекет жыйнаган кызматкердин ишин жетик аткаруу жумушун Алланын жолунда согушкан сыяктуу соопко ээ болорун айткан (Ибн Аби Шайба. Мусаннаф, Зекат, 128). Ал эми, зекет кызматкеринин айла-амал жана кыянатчылык кылышынын жазасы, кыямат күнү Алланын алдына мөөрөгөн уй, бакырган төө же болбосо маараган койду көтөрүп барары кабар берилип, катуу эскертилген (Байхаки. Сунанул-Кубра, Зекат,  100, хадис № 7452). Ошондой эле пайгамбарыбыз (с.а.в.) милдеттендирген зекет кызматчыларынын өздөрүнө атайын берилген белек-бечкектерди өзүнчө бөлүп алганын көрүп ачууланган жана бардык белектерди мамлекеттик казынага төктүргөн. Мына ушул окуядан кийин хутба кылып, Аллага хамд-шүгүрлөрдү келтиргенден соң мындай деген: «Жөнөткөн кызматкерге не болуп жатат (өзү), (топтогон зекеттерин тапшырып жатканда) «Бул силердики. А бул мага белекке берилди» дейт. Эгер атасынын же энесинин үйүндө олтурса, ошол белектер берилет беле?Аллага ант болсун, ал киши зекет мүлкүнөн бир нерсе алган болсо, Кыямат күнүндө ийиндерине бакырган бир төө же мөөрөгөн бир уй же болбосо маараган бир койду көтөрүп, Алланын алдына барат!» (Бухари. «Айман ван-Нузур, 3). 

Азирети Умар да мамлекет башчы болуп турган учурунда зекет ишмерлеринин калайык-калкка зулумдук кылбашы үчүн эскерткени жана тескегени риваят кылынат. Ал бир күнү зекет койлорунун арасынан бир куйруктуу койдун зекеттик болбогонун билген соң, «Ээлери муну ыраазы болуп чын көңүлдөн бербептир. Адамдардын мал-мүлкүн зордук-зомбулук менен албагыла! Адамдардын үстүнө үзүлүп түшкөн баалуу нерселерин тартып албагыла!», – деп буйрук кылган (Бусайри. Итхафул-Хыйара, Закат 5, III, 14, хадис №2069).

Зекет жыйноо иши ушунчалык маанилүү экендигин мындан билиңиз, Абу Юсуф мамлекет жетекчилерине акыл айтып жатканда, зекет кызматкерлеринин ишенимдүү, түз, намыстуу, көңүлү таза, топтолгон зекет мал-мүлктөрүнөн (мамлекеттен жашырып) солоп калбаган жана зекет берүүчүлөрдүн акысына кирбеген кишилерден дайындалышы жөнүндө баса белгилеп айткан. Ошол эле учурда, зекет топтоого милдеттендирилген бул кызматкерлердин эл ишенип, ыраазылык көрсөткөн кишилерден чечилиши керектигин, ошондой эле, топтолчу зекеттердин Алла Тааланын Куранда көрсөткөн жерлерге жана адамдарга жеткирүү зарылдыгын эскерткен (Абу Юсуф. Китабул-Хараж, 80).

3.    Муаллафаи-Кулуб 

Муаллафаи-Кулуб – зекет берилчү топтордун бири болуп, жүрөктөрүнө ыйман данын сээп, исламга жакындатуу максатында же жамандык кылышы мүмкүн болгон жактарды кепилдеп же болбосо исламга пайдалуу болушу үмүт кылынган кишилер же коомчулукту туюнтат. Жогоруда аталган муаллафаи-кулуб дегенибиз, жаңы эле исламга киргендер болушу мүмкүн, ошондой эле, гайри муслимдер (мусулман эместер) да болушу мүмкүн.

Мусулман болбогондордун жүрөктөрүнө исламды уялатуу менен бирге, өзүлөрүнүн же аларга таандык кишилердин исламга киришине жагдай жаратуу максатында зекет берилет. Ошондой эле, бул зекет үлүшү – өзүлөрүнөн же жакындарынан күтүлүүчү жамандыктарды жана зыяндарды алдын алууну да максат кылат. Исламга жаңы киргендерге зекеттен үлүш берилиши менен ишеними алсыз болгондордун ыйманын күчтөндүрүп, мусулманчылыкта туруктуу болушуна шарт түзүп, мусулмандар менен алака-катышын жакшыртышын, ошондой эле, ислам коомунун жалпы пайдасына ылайык аракет этүүлөрүн камсыздоону максат кылат.  

Чынында Азирети Мухаммед (с.а.в.) Меккени алууда (фатх) ислам динин жаңыдан кабыл алган айрым кишилерге жогорку максаттарда зекеттен үлүш берген. Мына ошол пай алуучулардын ичинде исламга али кире электер да бар эле. Мисалы, Сафван бин Умаййа мына ушулардын бири болчу. Ааламдардын мырзасы анын көңүлүн исламга жылытуу максатында бир топ төө белек кылган. Мындай мамилеге таң калган Сафван: «Азирети пайгамбар (с.а.в.) эң жек көргөн адамдарымдын бири эле. Бирок, мага өтө көп белек берип, эң жакшы көргөн адамыма айланды», – деген (Муслим. Фадаил, 59).

Кыскасын айтканда, Азирети пайгамбар доорунда жана Азирети Абу Бакрдын алгачкы халифалык жылдарында муаллафаи-кулубга зекеттен үзгүлтүксүз пай бөлүнгөн. Бирок, кийинчерээк сахабалардын бир ооздон макулдугу менен, андан сырткары мусулмандардын күчтөнүп, исламдын аларга муктаждыгы калбаган себептүү, муаллафаи-кулубга зекет берүү токтотулган (Караңыз: Женгиз Каллак, «Муаллафаи-Кулуб», DİA, XXXI, 475-476). Айрыкча, Азирети Умардын сунушу менен токтотулган муаллафаи-кулубга зекет берүү жараяны, зарылдык жаралган учурда кайрадан жанданышы мүмкүн.  

4.    Кулдар

Байыркы доорлордон бери жер жүзүндө жашаган кулчулук (рикаб) маселеси исламдын колдобогон жана туура көрбөгөн маселеси болуп саналат. Тескерисинче ислам келген учурда жашап жаткан кулчулук системасын акырындык менен жоюуну максат кылган жана ушул максатта олуттуу иштерди жүргүзгөн. Алланын Элчиси айткандай, Алланын алдында бардыгы (инсандык кадыр-баркы жагынан) тең. Жогорулук бир гана Ага ылайык кул болуу менен мүмкүн (Бухари. Тафсир (Юсуф), 2. Айрыкча караңыз: Хужурат 49/13). 

Мына ушул маселеде мусулмандарга кулдардын акысын эстетүүдө өтө таасирлүү сөз менен баштаган пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кулдар – силердин бир тууганыңар», – деген (Бухари. Ийман, 22). Кураны Каримде да ыйман келтирген инсандардан кулдарына жакшы мамиле жасоолору буйрук кылынган (Ниса, 4/36). Согуштан түшкөн туткундарды акы албастан же фидясын (кутулуу үчүн төлөнчү акча) алып, коё берүү насаат кылынган (Мухаммед, 47/4    ). Ошондой эле, кул азат кылуу менен адамдарды эркиндикке чыгаруунун Алла алдында эң фазилеттүү иштерден экени эскертилген (Балад, 90/13).

Арийне ислам кулдарга жакшы мамиле жасалышын жана эркин адамдар катары коомго аралашуусун кош колдоп жактайт. Керек болсо, ушул жараянга салым кошуу максатында, (билбестик менен) ката кетиргендерге кул азат кылуу диний милдет катары да эсептелген. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) да кул азат кылуунун акыреттеги сыйлыктары тууралуу айткан көптөгөн хадистери бар (Бухари. Итк, 1, 16; Муслим. Итк, 24).

Эркиндиктерин акча менен сатып алып, кулдуктан кутулууну каалаган кишилер үчүн кафараттары (күнөөдөн арылануу үчүн жасалган ибадат) менен бирге зекет ибадаты да маанилүү жардам боло алат. Аяты-каримада (Тообо, 9/60) зекет алуучу 8 (сегиз) топтун бири эркиндиги чектелген кулдардын баса белгилениши, исламдын кулчулуктагы адамдардын эркиндикке чыгууларын шарттоо менен кулчулукту жок кылуу үчүн өтө тереңден күрөшкөнүн көрсөтөт.

Ушуну баса белгилеп кетели, учурубузда исламдын аркасында кулчулук системасы эбак эле токтотулган. Бирок, кулдардын өкүмүндөгү адамдар жок эмес. Тактап айтканда, биз билбеген менен адамдык укуктары чектелгендер бар. Мына ушул топтогу адамдарды эркиндикке чыгаруу үчүн албетте аларга кам көрүү жана материалдык каражат бөлүү зарыл.

5.    Карызы барлар

Зекет бериле тургандардын бири карыздарлар (гаримин) саналат. Карыз – инсандын руханий абалына жана адеп-ахлактык жүрүм-турумуна кедергисин тийгизген ашыкча жүк болуп болуп эсептелет. Адам карыздар болгон учурда адеп-ахлактык принциптерден таюуга, жалган сүйлөөгө, берген сөзүнө турбастыкка, керек болсо оңой жол менен каражат табууга аракет кылышы мүмкүн. Ушул себептүү сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.) карыздын жамандыгынан Аллага сыйынган (Бухари. Истикраз, 10).

Карыздар кишиге муктаждыгына жараша зекет берилсе, карызынан кутулууга өбөлгө түзүлөт. Себеби, ислам дини мусулмандардын бири-бирине каралашуусун жактайт. Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.): «...ким бир карыздарга жеңилдик жаратса, Алла да дүйнө жана акыретте анын ишин жеңилдетет...», – деген (Муслим. Зикр ва Дуа, 38; Тирмизи. Кыраат, 10).

Ислам аалымдары карыздар кишини карыз болгону себептүү нисап өлчөмүнөн аз мал-мүлккө ээ деп мүнөздөшөт. Аныгында зекет берилиши буйрулган кишилер тоюуну билбеген, кумар жана каалоолорунун, ачкөздүк жана алдым-жуттумдугунун алдында калган, чоң зыянга кириптер болгон кишилер эмес. Алар пландуу жана эсеп-кысаптуу жашоо сүрүп жаткан учурунда иштери жүрүшпөй, банкрот болгон же башына каран түн түшкөн кишилер болуп саналат. Мына ушул жагдай эске алынып; жашоо, күнүмдүк чыгым, тамак-аш, илим-билим, ден соолук жана үй-бүлөлүк чыгагашалары сыяктуу себептер менен карызга баткан кишилерге жогорку маселелерин чечүүсү үчүн зекет берилет. Ошол эле учурда өрт, сел, жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктарга кабылып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн муктаждыгын жоюу үчүн карыз алууга мажбур болуп калган тараптарга да зекет берилет. Буга ылайык, зекет бир жагынан кырсыкка учурагандар үчүн социалдык колдоо күчүнө ээ.

Негизинен адам баарынан мурун карыздар болбоого, ысыраптан качып,  үнөмдөө жана эканомдоо менен жашоого умтулушу керек. Эгер жашоо шарттары карыз алууга мажбур кылса, өз убагында төлөөгө тырышышы зарыл. Себеби, пайгамбарыбыз (с.а.в.) төлөө ниети менен карыздар болгон кишиге Алланын жардам берерин, бирок негизсиз же максатсыз жөндөн-жөн  эле бир нерсе карыз алса, Алла да ошол нерсенин берекесин качырып, жок кыларын (Бухари. Ихтикраз, 2) кабар берген.

6.    Алла жолундагылар
Аяты-каримада (Тообо, 9/60) зекет берилчү топтордун бири катары көрсөтүлгөн «Алла жолундагылар» сөзү Аллага жакындатуучу ар түрдүү амалдарды камтыйт. Укукчулардын (фааких) көпчүлүгүнүн пикиринде, Алла жолунда жихат кылган (согушкан) газилердин бардык чыгымдары зекет мүлкүнөн камсыздалышы мүмкүн. Мындан башка, Кураны Каримди жаттоого аракеттенген жакыр окуучуларга (шакирттер) жана (ислам) илимин үйрөнүп жаткандарга да зекет берилиши мүмкүн. Кыскасы, «Алла жолундагылар» деген сөздүн кеңири маанисин ачыктасак, Анын ыраазылыгына ылайык болгон жалпы коом үчүн пайдалуу иш-аракеттер жана долбоорлор үчүн да зекеттен үлүш бөлүүгө болот.

7.    Жолоочулар 
Кураны Каримде «ибнус-сабийл» деп баяндалган жолоочулар зекет берилчү 8 топтун бирине кирет. Бул термин жолго чыккан, узак убакыт бою жолдо болгон, бир өлкөдөн экинчисине бараткан (барган) кишилер үчүн колдонулат. Мына ушул жолоочу киши түнөгөн (калган) жеринде акчасын уурдатса же жоготсо, же болбосо башка себептер менен акчасыз калып, муктаж абалга түшсө, анын бай же кедей болгонуна карабай, зекет берилет. 

Бирок, ар бир жолоочу үчүн ибадат эсептелген жардамдан (зекеттен) пайдаланылбайт. Мына ушул жагына көңүл бурган ислам аалымдарынын айтуусу боюнча, жолоочунун зекеттен пайдаланышы үчүн анын илим алуу же ажылык сыяктуу ибадаттарын аткаруу өңдүү (адал) максат менен жүргөн болушу керек. Мындан башка сапар учурунда эч кимден карыз алуу мүмкүнчүлүгү болбосо, турган жеринен үйүнө жетерлик акчасы калбаса ж.б. ушул сыяктуу шарттарда зекеттен үлүш бөлүнөт. 

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси