«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Аймактар | 10.03.2026
  • |

Аксыда ата-энесинен эрте ажыраган балдарга жардам көрсөтүлдү

Аксы районунда кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, ата-энесинен эрте ажыраган балдарга күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр тапшырылды. Иш-чара Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы “Азирети Умар” райондун борбордук мечитинде өттү.

Кайрымдуулук  алкагында жалпы суммасы 70 миң сомдук азык-түлүк топтому даярдалып, балдарга таратылды. Бул саамалык Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен уюштурулуп, жергиликтүү кайрымдуу демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ал демөөрчүлөргө жана кайрымдуулукка салым кошкон жарандарга терең ыраазычылыгын билдирип, балдарга насаат айтып, алардын келечеги кең болуп, жолдору ачык болушун тилеп ак батасын берди.

Мындай кайрымдуулук иш-чаралары коомдо боорукерликти, ынтымакты жана бир туугандык мамилени мындан ары да бекемдеп, адамдардын бири-бирине болгон жардамын жана колдоосун күчөтөрү белгиленди.