Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков хатибияттын жылдык иш планынын негизинде айымдар үчүн Р. Жаманкулов атындагы райондук маданият үйүндө "Аялзатынын коомдогу орду" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарада теолог Айжан Акылбекова баяндама жасаган болсо, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмильбек ажы Андартегин диний суроолорго жооп берди.
Иш-чарага Алай районунун акиминин орун басары Алтынбек Болбур уулу, райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков жана 350дөй айым катышты.
Айта кетсек, айымдарга карата хатибият тарабынан уюштурулган иш-чара алгач "Алай" кыздар медресесинде өткөрүлүп, эртеси күнү Р. Жаманкулов атындагы райондук маданият үйүндө өткөрүлдү.