«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Регионы | 29.09.2025
  • |

Алайда "Аялзатынын коомдогу орду" аталышындагы масштабдуу иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков хатибияттын жылдык иш планынын негизинде айымдар үчүн Р. Жаманкулов атындагы райондук маданият үйүндө "Аялзатынын коомдогу орду" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарада теолог Айжан Акылбекова баяндама жасаган болсо, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмильбек ажы Андартегин диний суроолорго жооп берди.

Иш-чарага Алай районунун акиминин орун басары Алтынбек Болбур уулу, райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков жана 350дөй айым катышты.

Айта кетсек, айымдарга карата хатибият тарабынан уюштурулган иш-чара алгач "Алай" кыздар медресесинде өткөрүлүп, эртеси күнү Р. Жаманкулов атындагы райондук маданият үйүндө өткөрүлдү.