«Эки көз тозоктун отун көрбөйт: коркуп ыйлаган көз жана түнү бою Алла жолунда күзөттө турган көз». Тирмизи, Фазаилул-Жихад 12
Регионы | 27.11.2026
  • |

Нарындын имамдарына медиа сабаттуулук боюнча семинар-тренинг өттү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган Нарын облусундагы Нарын районунун жана Нарын шаарынын имамдары үчүн медиа сабаттуулук боюнча атайын окуу сабагы болуп өттү.

Сабакты өнүктүрүү багытындагы бир нече коомдук уюмдардын уюштуруучусу, мамлекеттик жаштар саясатынын мыктысы, «Медиа сабаттуулук» багытында тренер Бакыт Эгембердиев өткөрдү.

Тренингдин жүрүшүндө имамдарга:

- жалган маалыматты (фейк) аныктоо жолдору;
- социалдык тармактарды туура жана пайдалуу колдонуу;
- интернеттеги маалыматты текшерүү ыкмалары;
- коомчулук менен туура коммуникация түзүү боюнча пайдалуу маалыматтар берилди.