«Эки көз тозоктун отун көрбөйт: коркуп ыйлаган көз жана түнү бою Алла жолунда күзөттө турган көз». Тирмизи, Фазаилул-Жихад 12
Общество | 27.11.2026
  • |

Азирети Муфтий ЖАМКнын 5-кайтаруу батальонунун өздүк курамына лекция окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин 5-кайтаруу батальонуна барып, аскер кызматкерлерине тарбиялык багытта лекция окуду.

Жолугушууда Азирети Муфтий Мекенге жана эл-журтка ак кызмат кылуу, коомдук тартипти сактоо, кызматтык милдетке жоопкерчиликтүү мамиле тууралуу кеңири баяндады. Ошондой эле мусулман кыргыз катары руханий жактан бекем, адеп-ахлактуу, билимдүү жана күчтүү болуунун маанисине токтолду. Мекендин тынчтыгын, элдин коопсуздугун жана коомдогу туруктуулукту камсыз кылууда ар бир кызматкердин орду чоң экенин белгиледи.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык башкармалыгынын башчысы Эльбурс Токтомаматов ЖАМК төрагасы Чыңгыз Эргешбаевич Кожошевдин саламын жеткирип, КМДБ менен биргелешкен кызматташтык жана ЖАМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тарбиялык, социалдык-психологиялык иш-аракеттер боюнча учкай маалымат берип өттү.

Төкмө акын Баян Акматовдун өнөрү жана тарбиялык маанидеги театралдашкан сахналык көрүнүш менен коштолгон иш-чаранын соңунда аскер кызматкерлери өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, Азирети Муфтийден жооп алышты.

Жолугушуу өз ара пикир алмашуу жана руханий-тарбиялык маектешүү форматында уланып, Азирети Муфтийдин ак батасы менен жыйынтыкталды.