«Эки көз тозоктун отун көрбөйт: коркуп ыйлаган көз жана түнү бою Алла жолунда күзөттө турган көз». Тирмизи, Фазаилул-Жихад 12
Общество | 27.11.2026
  • |

Ошто имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу жыйынтыкталды

КМДБнын Ош облустук жана Ош шаардык өкүлчүлүктөрү, КР ДИЭМУАнын ТАБы жана  Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) теология факультети менен биргеликте уюштурган имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу жыйынтыкталды.

72 сааттык окуу курсуна облустук өкүлчүлүктөн 25, шаардык өкүлчүлүктөн 25, жалпы 50 имам катышты. Курсту ийгиликтүү аяктаган имамдарга сертификат тапшыруу аземине Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдималик ажы Турсунбеков катышты.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында ОшМУнун теология факультетинде квалификациялык билимин жогорулатып жаткан имамдар менен жолугушкан. Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий «Азыркы коомдогу имамдын миссиясы: руханий лидерлик, илим-билим жана коомдук жоопкерчилик» деген темада кеңири баяндама жасаган. Өз сөзүндө заманбап коомдо дин кызматкерлеринин орду жана коомдук жоопкерчилиги өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеген.

Айта кетсек, имамдардын диний сабаттуулугун арттырууга жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган бул курс 2 жума бою үзгүлтүксүз уланган. Аталган иш-чара КР Президентинин «Кыргыз жараны», «Улуттук нарк» жарлыктарын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ОшМУнун окуу-структуралык түзүмдөрүндө ишке ашыруу тапшырмаларынын алкагында уюштурулган.

Окуу программасы төмөнкү негизги максаттарды көздөгөн:

• дин кызматкерлеринин билимин тереңдетүү жана коомдогу диндин ордун туура түшүнүүсүн камсыздоо;
• заманбап диний процесстерге илимий негизде баа берүү жөндөмүн өнүктүрүү;
• радикалдык жана экстремисттик көз караштардын алдын алуу;
• мамлекеттин дин саясатын коомчулукка туура жеткирүү боюнча билим-көндүмдөрдү калыптандыруу.