«Эки көз тозоктун отун көрбөйт: коркуп ыйлаган көз жана түнү бою Алла жолунда күзөттө турган көз». Тирмизи, Фазаилул-Жихад 12
Үстүбүздөгү жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз чукул жыйындары болуп өттү. Жыйындарда ажылык жана умра сапарларын уюштурууга байланыштуу бир катар маанилүү маселелер каралды.
Атап айтканда:
• «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсы аркылуу умра сапарына барган мекендештерибизди Кыргызстанга аман-эсен алып келүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди;
• «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын 2026–2027-жылдардагы умра сезонунда зыяратчыларды жөнөтүү жана умра сапарын уюштуруу боюнча аккредитациясын жокко чыгаруу тапшырылды.
Ал эми 26-ноябрда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышынын 15-протоколдук кезексиз жыйыны КМДБнын жыйындар залында болуп өттү.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
2027-жылы боло турган ажылыктын калькуляциясын жактыруу;
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 2027-жылга карата бюджетин бекитүү;
Ар түрдүү маселелер.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген маселелер боюнча кеңири талкуу жүргүзүлүп, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өз ой-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.