«Бейиш – энелердин таманынын астында» (Насаи)
Аймактар | 16.03.2026
  • |

Араван хатибияты тарабынан "Билимдүү эне – дени сак коом" аттуу семинар өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Умарали ажы Муратов райондук хатибияттын демилгеси жана колдоосу менен "Билимдүү эне – дени сак коом" аталышында семинар өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Семинарда Умарали ажы Муратов, логопед - дефектолог Роза Нурбаева, балдар психологу Розия Атамкулова, теолог, укукчу Камола Розиева жана тиешелүү адистер баяндама жасады.

Семинарга катышкан энелерге телефондун баланын психикасына жана өнүгүүсүнө тийгизген таасирин жөнөкөй тил менен түшүндүрүлдү.

"Учурда технология өтө тездик менен өнүгүп жаткан учурда аны туура колдонуу абдан маанилүү. Өзгөчө телефонду кантип колдонуу керектиги. Ошондой эле, балдарыбызды жаш кезинен эле тынч олтурсун деп телефонго үйрөтүп алып, кечигип сүйлөөсүнө, ой жүгүртүүсүн өспөй калуусуна, коомдон ажырап калуусуна себеп болуп калбайлы. Бул тууралуу тиешелүү адистер абдан туура кеп кеңештерин берет деп ишенебиз", – деди Умарали ажы Муратов.