«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Коом | 13.03.2026
  • |

Орозо айт намазынын программасы

2026-жылдын 20-марты Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен, Айт намазы аймактардагы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт.

Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы: 

* 07:30 – 08:00 – Куран окуу; 
* 08:00 – 08:25 – Диний баяндар; 
* 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү; 
* 08:30 – Айт намазын окуу. 

Эскертүү: Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.