Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун диний мекемелердин коопсуздугун бекемдөө тапшырмасына ылайык Баткен облусунун аймагындагы дин кызматкерлери жана медреселердин окутуучулары өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча атайын сабактардан өтүштү. Бул иш-чаралар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматы менен биргеликте уюштурулуп, негизги максат — диний мекемелерде жана мечиттерде тилсиз жоонун алдын алуу, ошондой эле өзгөчө кырдаал жаралган учурда туура аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу болду.
Алгач август айында Кызыл-Кыя шаарындагы дин кызматкерлерине практикалык сабактар өткөрүлүп, аларга өрт чыккан учурда эвакуациялоо, өрт өчүргүч каражаттарды колдонуу жана адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
11-сентябрда Сүлүктү шаарында дагы ушундай эле окутуу уюштурулуп, жергиликтүү имамдар жана диний кызматкерлер катышышты. Сабактын жүрүшүндө аларга өрт коопсуздугунун негиздери тууралуу маалымат берилип, реалдуу кырдаалды чагылдырган машыгуу жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Баткен районундагы “Нур” медресесинде өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери өрт чыккан учурдагы алгачкы аракеттерди көрсөтүп беришти. Машыгуунун жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар эвакуациялоо жолдорун өздөштүрүп, өрт өчүрүү шаймандарын колдонуп көрүштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, мындай сабактар калк арасында коопсуздукту чыңдоого чоң салым кошот. Диний жайларда өрт коопсуздугуна көңүл буруу — жалпы коомдун коопсуздугун камсыздоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.