«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Аймактар | 02.09.2025
  • |

Баткен районундагы мечиттердин куполдору бирдиктүү түскө боёлууда

Баткен районунун баш имам-хатиби Сейдахмад ажы Аппазовдун демилгеси менен райондогу бардык мечиттердин куполдору бирдиктүү жашыл түскө боёлуп жатат.

Бул кадам ибадат кылынуучу Алланын  үйлөрүнүн көркүн арттыруу жана мечиттерди оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ишке ашырылууда.

Баткен районунун хатибияты бул саамалыкка салым кошкон демөөрчүлөргө жана жергиликтүү имамдарга ыраазычылык билдирди.