“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Баткен районунун баш имам-хатиби Сейдахмад ажы Аппазовдун демилгеси менен райондогу бардык мечиттердин куполдору бирдиктүү жашыл түскө боёлуп жатат.
Бул кадам ибадат кылынуучу Алланын үйлөрүнүн көркүн арттыруу жана мечиттерди оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ишке ашырылууда.
Баткен районунун хатибияты бул саамалыкка салым кошкон демөөрчүлөргө жана жергиликтүү имамдарга ыраазычылык билдирди.