«Эки көз тозоктун отун көрбөйт: коркуп ыйлаган көз жана түнү бою Алла жолунда күзөттө турган көз». Тирмизи, Фазаилул-Жихад 12
Коом | 27.11.2026
  • |

2027-жылдагы ажылыктын наркы 5800 АКШ доллары болуп бекитилди

Быйыл ажылык сапарынын баасы 5800 АКШ доллары болуп белгиленди. «Эмне үчүн быйыл ажылыктын баасы жогорулады?» деген суроо болушу мүмкүн. Мунун негизги себептеринин бири – болочок ажыларыбызды жайгаштыруу маселеси.

Буга чейин Меккедеги вакф мекемелери ажыларыбызга мейманканаларды акысыз бөлүп берип келишкен. Бирок быйыл ал мейманканаларга жайгашуу мүмкүнчүлүгү болбой калды. Себеби, ал мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринде жайгашкан. Тактап айтканда, 14 имарат төрт-беш ар башка аймакка бөлүнүп кеткен. Ар бир имаратка 200дөн 500гө чейин адам гана жайгашкан.

Мындай шартта ажыларыбыздын баарын бирдей тейлөө, аларга кызмат кылуу, зарыл абалда жардам берүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүү бир топ кыйын болуп келген. Мындан тышкары, ал мейманканалардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен.

Ошондуктан быйыл ажыларыбызды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Мунун жакшы жагы, бардык ажыларыбыз бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашат. Бул ажыларыбыз үчүн да ыңгайлуу болот. Анткени аларга кызмат кылуу, жардам берүү, тейлөө жана уюштуруу иштерин жүргүзүү жеңилдейт. Демек, быйыл ажылыктын баасынын жогорулашына негизги себептердин бири – акысыз берилген мейманканалардын ордуна акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгашуу болду.

(Мейманкана сүрөттөрү тиркелет).

КМДБpress