«Эки көз тозоктун отун көрбөйт: коркуп ыйлаган көз жана түнү бою Алла жолунда күзөттө турган көз». Тирмизи, Фазаилул-Жихад 12
Коом | 27.11.2026
  • |

КМДБнын алдында «Котормочулар клубу» түзүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдында диний, илимий жана маданий эмгектерди кыргыз тилине сапаттуу которуу, ошондой эле бирдиктүү диний терминологияны өнүктүрүү максатында «Котормочулар клубу» түзүлдү. Демилге КМДБнын 2024–2029-жылдарга карата стратегиялык иш планынын 40-пунктуна ылайык ишке ашырылууда. 

Клубдун ишмердүүлүгүн КМДБнын диний билим берүү бөлүмү координациялайт. Анын курамына диний окуу жайлардын (ДОЖ) котормо ишине кызыкдар жана тажрыйбалуу окутуучулары, ошондой эле зээндүү студенттер кирет. Клубдун иштерин Азирети Муфтийдин буйругу менен бекитилген жетекчи (координатор) жетектеп, ай сайын жумушчу жыйындарды жана тажрыйба алмашуу семинарларын уюштуруп турат. 

Клубдун негизги максаттары жана милдеттери:
• Сапаттуу котормо фондун түзүү: Араб, түрк, англис, орус жана башка тилдердеги зарыл диний-илимий эмгектерди, классикалык булактарды жана заманбап окуу куралдарын матуриди акыйдасына жана ханафи мазхабына ылайык кыргыз тилине сапаттуу которуу жана басмага даярдоо;
• Бирдиктүү терминологияны калыптандыруу: Диний, тарыхый, укуктук (фикх) жана илимий терминдердин бирдиктүү кыргызча сөздүгүн (глоссарийин) түзүү аркылуу котормолордогу ар түрдүүлүктү жоюу;
• Билим берүүнүн методикалык базасын чыңдоо: Диний окуу жайлардагы мугалимдер жана студенттерди керектүү окуу адабияттары, хрестоматиялар жана кошумча илимий материалдар менен камсыздоо;
• Жаш котормочулар мектебин өнүктүрүү: Котормого жөндөмдүү жана тил билген зээндүү студенттерди клубдун ишине тартуу, аларга устат-шакирт багытында насаатчылык кылуу жана котормочулук чеберчилигин жогорулатуучу окутууларды уюштуруу;
• Илимий-агартуучулук багытты колдоо: Мугалимдердин буга чейин даярдаган илимий макалаларын, баяндамаларын жана котормолорун иретке келтирип, коомчулукка жана илимий чөйрөгө жеткирүү. 

Даярдалган бардык котормо эмгектер диний мазмуну боюнча КМДБнын тиешелүү бөлүмдөрүнүн (диний билим берүү, фатва бөлүмдөрү) экспертизасынан жана кыргыз тили боюнча адабий-стилдик редакциядан өткөрүлөт. Экспертизадан ийгиликтүү өткөн эмгектер КМДБнын электрондук илимий журналына, расмий сайттарына жарыяланат же өзүнчө китеп жана окуу куралы түрүндө басып чыгарууга сунушталат. 

Жаңы клубдун түзүлүшү диний окуу жайлардын илимий-методикалык дараметин арттырып, кыргыз тилиндеги сапаттуу диний-илимий жана агартуучулук адабияттардын корун байытууга өбөлгө түзөт. 

Байланыш үчүн: КМДБнын диний билим берүү бөлүмү