«Эки көз тозоктун отун көрбөйт: коркуп ыйлаган көз жана түнү бою Алла жолунда күзөттө турган көз». Тирмизи, Фазаилул-Жихад 12
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчемин ишке ашыруу алкагында муфтияттын ишмердүүлүгүн санариптештирүү, электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Талас облусундагы Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондук хатибияттарына “Инфодокс” электрондук документ алмашуу системасы толук орнотулуп, ишке киргизилди.
Аталган системаны орнотуу жана ишке киргизүү иштерин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кадр жана катчылык бөлүмүнүн адиси Ибрагим Илияс уулу жана финансы-чарбалык бөлүмүнүн адиси Сардарбек Рахманкулов жүргүзүштү.
Иш сапардын алкагында Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев муфтият кызматкерлери менен жолугушуп, аткарылган иштер үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле муфтияттын ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык санариптештирүү багытындагы демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Инфодокс” системасынын киргизилиши райондук хатибияттардын расмий кат-кабарларды ыкчамдатуу электрондук форматта жөнөтүүгө жана кабыл алууга, документтердин аткарылышын көзөмөлдөөгө, убакытты үнөмдөөгө жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү. Бул иштер Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчемин ишке ашыруу алкагында, диний башкармалыктын ишин заманбап технологиялар менен өркүндөтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.