«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Коом | 26.11.2026
  • |

Умра: Аккредитациядан өткөн туристтик компанияларга багытталган жыйын өткөрүлдү

КР ИИМдин демилгеси менен 2026-жылдын 25-ноябрында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2026–2027-жылдардагы умра сезонунда аккредитациядан өткөн туристтик компаниялардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Шакир ажы Маматов, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары А. Иминов, КР ИИМдин ЭММКАКтын бөлүм башчысы, милициянын полковниги С.А. Осмонов, КР ИИМдин өкүлү Ю.Абдуманнапов, КМДБнын умра бөлүмүнүн кызматкерлери жана аккредитациядан өткөн туристтик компаниялардын жетекчилери катышты.

Жыйындын негизги максаты – умра сапарларын уюштурууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, туристтик компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле зыяратчылардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо маселелери боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө башка компанияларга дагы буга чейинки орун алган “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсынын мыйзамсыз иштери туурасында маалымат берилип, мындай жагдайларга жол бербөөгө эскертүү берилди.

Жыйындын соңунда умра сапарларын уюштуруу багытында мамлекеттик органдар жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен өз ара тыгыз кызматташуу, зыяратчылардын кызыкчылыктарын коргоо жана умра иштерин тартиптүү уюштуруу жана коопсуздугун сактоо зарылдыгы белгиленди.