«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Билим берүү | 26.11.2026
  • |

Муфтият Чүй жана Бишкектеги ДОЖдордун окуу бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн окуу-семинар өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан диний билим берүү мекемелеринде окуу процессин өркүндөтүү жана Типтүү окуу программаларын сапаттуу ишке ашыруу максатында медреселердин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн окуу-семинар өткөрүлдү.

Семинарга Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы медреселердин окуу-методикалык иштерине жооптуу өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы Типтүү окуу программаларынын негизинде 2026–2027-окуу жылына карата ички жумушчу окуу планын иштеп чыгуу, аны бекитүү тартиби жана окуу процессин талаптарга ылайык уюштуруу маселелери каралды.

Ошондой эле «Диний окуу жайлардын окутуу жана тамактануу үчүн төлөмдөрү жөнүндө» жобонун негизинде медреселердин жылдык киреше-чыгаша сметасын түзүү, окуу жана тамактануу үчүн белгиленүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Семинардын негизги максаты – медреселерге уюштуруучулук-усулдук жардам көрсөтүү, окуу-методикалык иштерди бирдиктүү талаптардын негизинде жүргүзүү жана диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, мындай окуу-семинарларды өлкөнүн башка аймактарындагы диний окуу жайлардын өкүлдөрү үчүн да өткөрүү пландалууда.