Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
ЖАРЫЯ!
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы кадрлар резервине каттоо боюнча ачык сынак жарыялайт.
Сынактын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын курамына кирген жума мечиттин имам-хатиби кызмат ордуна кадрдык резервге кирүү үчүн ачык сынак өткөрүлөт.
Каалоочулардын документтерин кабыл алуу электрондук тартипте жүргүзүлүп, КМДБнын emuftiyat.kg порталы тарабынан ишке ашырылат.
Сынакка катышууну каалаган талапкерлер документтерин emuftiyat.kg порталына жөнөтүшү керек. Порталга документтерди жүктөө 2027-жылдын 15-февралында токтойт.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:
1. Конкурска катышуу үчүн жеке арыз;
2. Резюме: сүрөтү менен кошо;
3. Резюмеде: туулган жери, жашаган дареги, социалдык тармактагы баракчасы, байланыш номуру, билими жана ырааттуу түрдө иш тажрыйбасы так көрсөтүлүшү керек;
4. Диний жана кошумча билими тууралуу документтердин көчүрмөсү (диплом);
5. Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6. Академиялык даража жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
7. Паспорттун көчүрмөсү.
Көңүл буруңуздар:
Документтердин түп нускаларын emuftiyat.kg порталына жүктөө керек. Талап кылынган документтердин бардыгы сканерден өткөрүлүп, PDF форматында жүктөлүшү зарыл. Телефон аркылуу сүрөткө тартылып, PDF форматына айландырылган документтер кабыл алынбайт. Документтердин сапаттуу, так жана толук сканерленген болушуна көңүл буруңуздар.
Кошумча маалымат алуу үчүн:
Баткен облусу боюнча w/p: 0 778 686 808
Бишкек шаары боюнча w/p: 0 555 740 790
Жалал-Абад облусу боюнча w/p: 0 554 755 756
Нарын облусу боюнча w/p: 0 702 245 993
Ош облусу боюнча w/p: 0 771 415 725
Ош шаары боюнча w/p: 0 501 170 895
Талас облусу боюнча w/p: 0 707 778 872
Чүй облусу боюнча w/p: 0 772 317 979
Ысык-Көл облусу боюнча w/p: 700 700 786