Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
Билим берүү | 18.11.2026
  • |

Абдишүкүр ажы Нарматов Ташкентте өткөн эл аралык конференцияга катышты

2026-жылдын 17-ноябрында Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында «Диндер аралык толеранттуулук» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган эл аралык иш-чарага Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов катышып, «Коомдогу биримдикти сактоодо ислам дининин орду» деген темада баяндама жасады.

Баяндамада ислам дининин коомдогу тынчтыкты, ынтымакты, адилеттүүлүктү жана өз ара сый-урматты сактоодогу орду кеңири белгиленди. Ошондой эле Куран аяттарынын жана пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадистеринин негизинде башка дин өкүлдөрүнүн укуктарын урматтоо, адамдар ортосундагы достук мамилени бекемдөө жана конфессиялар аралык ынтымакты өнүктүрүү маселелери чагылдырылды.

АК мүчөсү өз сөзүндө диний уюмдардын коомдук туруктуулукту камсыз кылууда, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодо, жаш муундарды адеп-ахлакка тарбиялоодо жана кайрымдуулук иштерин өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

Эл аралык конференция ар түрдүү диний конфессиялардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого, достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалоого багытталды.