Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
Коом | 18.11.2026
  • |

Кадрлар резерви боюнча диний кызматкерлерге маалыматтар берилди

Үстүбүздөгү жылдын 11-18-ноябрь күндөрү өлкөдөгү бардык диний кызматкерлерге КМДБнын кадрлар резервине кабыл алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Саамалыктардын жүрүшүндө муфтияттын кадрлар резервине кабыл алуу боюнча жумушчу топ тарабынан кадрдык резервдин зарылдыгы, катталуу процесстери, сынак жана «emuftiyat.kg» электрондук порталы боюнча жеткиликтүү маалыматтар берилди.

Кадрдык резервге кабыл алуунун алдыдагы этабында жума мечиттердин имам-хатиби кызматы орундарына конкурстар өтүшү мерчемделүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин сынактын биринчи этабы уюштурулуп, анда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аймактардагы өкүлчүктөрүнүн курамындагы кызмат орундарына, ошондой эле райондук жана шаардык баш имам-хатибдердин кызмат ордун ээлөө үчүн кадрдык резервге кирүү боюнча ачык сынак өткөрүлгөн.