«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Билим берүү | 26.11.2026
  • |

Кыргызстан Ислам университетинде «студенттик өмүрдүн жаңы барагы» аттуу салтанаттуу иш-чара өттү

Кыргызстан Ислам университетинде 1-курстун студенттерине сынак китепчелерин салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. «Студенттик өмүрдүн жаңы барагы» аталышындагы иш-чара студенттердин университеттеги жаңы баскычын баштоосуна арналды.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов катышып, студенттерге акыл-насааттарын айтып, билим жолунда ийгиликтерди каалашты.

Ошондой эле КИУнун окуу иштери боюнча проректору Абдуваси ажы Матраимов жана гуманитардык билимдер факультетинин деканы Султан ажы Ташматов сөз сүйлөп, студенттик жашоонун жоопкерчилиги, билим алуунун мааниси жана келечектеги максаттар тууралуу өз ойлорун бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө шарият кафедрасынын башчысы Шамшидин ажы Маматкулов университеттин ишмердүүлүгү, билим берүү багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады.

Ал эми университеттин ректору, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов студенттерге мазмундуу баяндама жасап, илим-билимге умтулуу, убакытты туура пайдалануу, адеп-ахлакты сактоо жана алган билимди коомдун пайдасына жумшоо боюнча насааттарын айтты.

Мындан тышкары, университеттин бир жыл ичинде аткарган иштери атайын даярдалган видеоотчёт аркылуу көрсөтүлдү. Ошондой эле устаздардын видео кайрылуулары көрсөтүлүп, студенттерди студенттик майрамы менен куттукташты.

Иш-чаранын соңунда 1-курстун студенттерине сынак китепчелери салтанаттуу түрдө тапшырылып, алардын студенттик жашоосундагы алгачкы маанилүү кадамына ак жол кааланды.