«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
2026-жылдын 25-ноябрында Ажылык жана умра сапарына даярдык көрүү иштери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе «Нур Умра Трэвел» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2026–2027-жылдардагы умра сезонунда зыяратчыларды жөнөтүү жана уюштуруу боюнча аккредитациясын жокко чыгаруу жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу маселеси болду.
Жыйынтыгында Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
• «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын 2026–2027-жылдардагы умра сезонунда зыяратчыларды жөнөтүү жана уюштуруу боюнча аккредитациясы жокко чыгарылсын.
• Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишим тиешелүү жоболорго жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык бир тараптуу тартипте токтотулсун.
Урматтуу мекендештер!
Жогоруда кабыл алынган чечимдерге байланыштуу «Нур Умра Трэвел» ЖЧКсы умра сапарын уюштуруу укугу токтотулгандыгына байланыштуу жалпы жарандарды аталган компания аркылуу умра сапарына катталбоого, келишим түзбөөгө жана акча каражаттарын төлөбөөгө чакырабыз.
Ошондой эле учурда аталган компаниядан сертификат алгандарды сапарга чыкпоого чакырабыз.
КМДБ жарандарды умра сапарына чыгуудан мурда туристтик компаниянын аккредитациядан өткөндүгүн жана умра сапарын уюштуруу укугу бар экендигин тактап алууга чакырат.