«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Коом | 26.11.2026
  • |

Оштон чыккан улуу аалым Сиражуддин аль-Ошийдин мурасын тактоо иштери уланууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында көрүнүктүү ислам аалымы Сиражуддин аль-Ошийдин Сулайман-Тоо этегинде жайгашкан болжолдуу күмбөзүн зыярат кылды. КМДБ жетекчиси зыяратынын алкагында күмбөздүн айланасында жерге берилген аалымдардын жана жалпы маркумдардын рухтарына багыштап Куран окуп, дуба кылды.

Зыяратка «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин жетекчилиги жана жергиликтүү диний кызматкерлер катышты. Иш-чаранын алкагында колдо болгон тарыхый документтердин, жазма булактардын жана башка маалыматтардын негизинде аалымдын болжолдуу күмбөзүнө байланыштуу алдын ала изилдөө иштери жүргүзүлүп, тарыхый маалыматтар талкууланды. 

Тарыхый маалыматтарда ислам ааламына таанымал Сиражуддин аль-Ошийдин Ош шаарында туулуп-өскөнү жана өмүрүнүн акыркы жылдарын да ушул жерде өткөргөнү айтылат. Оштук аалым аль-Оши VI–VII хижрий кылымдарда жашап өткөн көрүнүктүү ханафи мазхабынын факихи жана матуриди акыйдасынын өкүлү катары ислам илимдеринин өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Аалымдын ислам дүйнөсүнө кеңири таанылган эмгектеринин бири – «Бадуль-Амаали» («Касидатул-Ламия») аттуу акыйда жаатындагы чыгармасы. Бул эмгекте ислам ишениминин негизги маселелери баяндалып, кылымдар бою диний окуу жайларда окутулуп келген. Анын илимий мурасы бүгүнкү күнгө чейин ислам дүйнөсүндө өз баалуулугун жоготпой келет.

Белгилей кетсек, ислам илимине салым кошкон Сиражуддин аль-Ошийдин тарыхый мурасын терең изилдөө, анын болжолдуу күмбөзүнүн колдо болгон документтердин жана илимий булактардын негизинде тактоо, ошондой эле тарыхый эстеликти сактоо жана реконструкциялоо багытында тиешелүү долбоорлор менен иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштердин ийгиликтүү ишке ашырылышы Ош шаарынын гана эмес, жалпы Кыргызстан мусулмандарынын тарыхый жана руханий мурасын таанытууга, ата мекендик илимпоздордун жана эл аралык изилдөөчүлөрдүн көңүлүн улуу аалымдын өмүрүнө жана илимий мурасына бурууга өбөлгө түзөт.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын 11-сентябрында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө ТМУга мүчө-мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алкагында «Сиражуддин ал-Оший жана анын Ислам илимдерине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөргөн.