«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Коом | 26.11.2026
  • |

Жаза аткаруу мекемесинде Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бейнесине арналган китеп окуу конкурсу жыйынтыкталды

Кечээ, 26-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан №10 жазаларды аткаруу мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар арасында өткөн “Өрнөктүү өмүр” аттуу китеп окуу конкурсу жыйынтыкталды. 

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган диний кызматкерлер жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык башкармалыгынын башчысы Эльбурс Токтомаматов башында турган ЖАМК кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик Гимнди аткаруу жана Куран окуу менен башталган иш-чара атайын сахналык көрүнүштөр жана төкмө акын Баян Акматовдун өнөрү менен коштолду. 

Китеп окуу конкурсун жыйынтыктоо саамалыгында сөзгө чыккан Азирети Муфтий пайгамбарыбызды (с.а.в.) таануу, аны сүйүү жана сүннөткө эргешүү боюнча баяндама жасап жатып, буларга токтолду:

«Эсиңиздерде болсо, ыйык орозо күнү келип, силер менен ооз ачканбыз. Ошол куттуу айда жаза аткаруу мекемесинде пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) өмүрү боюнча китеп окуу конкурсун уюштуруу боюнча сунушубузду ЖАМК жетекчилигине билдирген элек. Ошентип ушундай китеп окуу конкурсун өткөрүүгө мүмкүн болду. Сынактын жыйынтыктарына көз салсак, абдан жакшы көрсөткүчтөр болгон. Улуу жол башчыбыз болгон Мухаммад мустафа соллаллаху алейхи ва салламдын өмүр жолун, сүннөтүн тааныдыңыздар. Негизги жеңиш – ушул. Адам баласы ката кетирип, жаза басышы мүмкүн. Бирок катадан сабак алып, тообо кылып, Алладан кечирим сурап, чыныгы момун болсок, ошондо утулбайбыз», – деди Азирети Муфтий.

Ал эми иш-чаранын расмий бөлүгүн ачкан ЖАМКнын тарбия иштери башкармалыгынын башчысы Эльбурс Токтомаматов ЖАМК төрагасы Чыңгыз Эргешбаевич Кожошевдин саламын жеткирүү менен буларга токтолду:

«Ушундай өтө пайдалуу руханий-агартуу иш-чараны колдоп берген Азирети Муфтийге терең ыраазычылык билдиребиз. Жаза аткаруу тутумунун негизги максаты – жаза мөөнөтүн өткөп жаткандарды жазалоо гана эмес, аларды коомго түз жолго түшкөн инсан катары кайтаруу болуп саналат. Бул багытта дин башкармалыгынын руханий иш-чараларынын орду баа жеткис. Соттолуучуларга салттуу ислам баалуулуктарын жеткирүү эң актуалдуу милдеттердин бири», – деди. 

Эльбурс Токтомаматов КМДБ менен биргелешкен кызматташтык жана ЖАМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тарбиялык, социалдык-психологиялык иш-аракеттер боюнча маалымат берип өттү. 

Жалпы 250 дөй жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар катышкан китеп окуу сынагынын байгелери төмөндөгүдөй болду.

1-орун: Диплом жана 50 миң сомдук муздаткыч;
2-орун: Диплом жана 40 миң сомдук сыналгы;
3-орун: Диплом жана 30 миң сомдук муздаткыч;
4-5-орун: Диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар;
6-12-орун: Грамота жана акчалай сыйлыктар коюлуп, байгелер ээсин тапты.

Мындан сырткары ЖАМКнын да атайын кызыктыруучу сыйлыктары коюлуп, активдүү катышкан 10 соттолуучуга сертификаттар тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар үчүн курулган кийим тигүү цехи менен таанышты.