«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Аймактар | 25.02.2026
  • |

Баткенде имамдар үчүн салттуу ислам боюнча бир күндүк сабак өттү

Баткен шаарында шаар жана район имамдарына арналган бир күндүк окуу сабагы уюштурулду. Семинар Баткен шаар, районунун баш имам-хатибинин м.а. Сейдахмат ажы Аппазов менен уюштурулуп, сабакты Бишкек шаарындагы 7-апрель шейиттер мечитинин имамы Өмүрбек ажы Бакиров өттү. Иш-чаранын негизги максаты — ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы боюнча билимди тереңдетүү.

КМДБнын Баткендеги өкүлчүлүгү жана хатибияттын демилгеси менен өткөрүлгөн сабакта, салттуу мазхабдын негиздерин бекем сактоо, жергиликтүү калктын суроо-талаптарына ханафи мазхабынын негизинде жооп берүү жана түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү маселелери каралды.

Ошондой эле жыйында Муфтият тарабынан орозо айына карата берилген атайын тапшырмалар имамдарга жеткирилип, алардын так жана өз убагында аткарылышы милдеттендирилди.

«Мындай сабактар имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана диний иштерди бир нукта жүргүзүүгө өбөлгө түзөт», – дейт Сейдахмат ажы Аппазов.