«Бейиш – энелердин таманынын астында» (Насаи)
2026-жылдын 13-январынан баштап бүгүнкү күнгө чейин КМДБнын Бишкек шаарындагы Ленин районундагы имам-хатибдерге жана алардын орун басарларына багытталган квалификациялык билимди жогорулатуу максатында Куран жана тажвид илимдери боюнча сабактар уланып жатат.
Сабактар Ленин районунда жайгашкан «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» мечитинде өткөрүлүүдө. Бул сабактарды «Мухтасар ал-Викая» китебин кыргыз тилине которгон, диний аалым Таажудин ажы Эшанкулов өтүп жатат.
Сабактар жумасына эки жолу уюштурулуп, анда Куранды туура жана көркөм окуу, тажвид эрежелерин терең үйрөнүү жана практикалык машыгуулар жүргүзүлүүдө. Бул окуулар имамдардын диний билимин өркүндөтүп, жамаатка Куранды туура жеткирүүсүнө чоң жардам берүүдө.
Мындай илимий сабактар имамдардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүп, мечиттердеги диний кызматтын сапатын арттырууга багытталган.