«Бейиш – энелердин таманынын астында» (Насаи)
Аймактар | 16.03.2026
  • |

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ооз ачар уюштурулду

Рамазан айынын урматына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук хатибияты «Ыйман» мечити менен биргеликте кезектеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Аталган иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын ооз ачар уюштурулду. Бул иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга моралдык жана руханий колдоо көрсөтүү, орозо айында коомдун бардык катмарларынын ортосунда ынтымактуулукту бекемдөө, муктаж болгон инсандарга кубаныч тартуулоо жана соопчулук иштерин жандандыруу максатында уюштурулду.

Иш-чарага Биринчи май районунун баш имам-хатиби Жоробай ажы Шергазиев, Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Бактияр ажы Токтогазиев, «Ыйман» мечитинин имам-хатиби Ниматулла ажы Рыскулов, демөөрчү Асанбек ажы Абакиров, Катар кайрымдуулук фондунун жетекчиси Абд аль-Кадир мырза, муфтияттын өкүлдөру, көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар катышты. 

«Рамазан айы — Курандын, ибадаттын жана кайрымдуулуктун айы. Ошол эле учурда бири-бирибизге жакшылык каалоонун, кечиримдүүлүктүн жана кайрымдуулуктун айы. Бүгүнкү ооз ачардын максаты биздин көзү азиз жана мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарыбызга атайын даярдалган китептерди тапшыруу, ошондой эле өзүн жалгыз сезбеши жана коомдун ажырагыс бөлүгү экенин билиши үчүн өткөрүлүп жатат», — деп белгилешти уюштуруучулар.

Ифтар кечесинин жүрүшүндө келген конокторго диний насааттар айтылып, жакшы тилектер менен баталар берилди. 

Мындан сырткары, катышуучулар үчүн «Ыйман» мечитинин жамааты тарабынан Куран окууну үйрөнүү үчүн брайл арибинде атайын даярдалган “Муаллим сани” китеби жана Катар кайрымдуулук фондунун атынан электрондук Куран таркатылды. Ооз ачар аземи жылуу маанайда өтүп, катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылктарын билдиришти.