"Оо, Алла Таалам! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр!"
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарындагы борбордук мечитте балдар арасында Куран окуу, азан айтуу жана Аллахтын 99 ысым-сыпатын жатка айтуу боюнча жарыш өткөрүлдү.
Жарыш жаш өспүрүмдөрдү Куран үйрөнүүгө кызыктыруу жана диний билимге болгон ынтызарлыгын арттыруу максатында уюштурулду.
Куран жарышы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — 10 000 сом: Эсенканов Имран
2-орун — 5 000 сом: Уланов Ясин
3-орун — 3 000 сом: Эсенканов Ахмад
Азан айтуу боюнча:
1-орун — 5 000 сом: Жолдошбеков Канат
2-орун — 3 000 сом: Мукен уулу Урмат
3-орун — 2 000 сом: Эсенканов Имран
Аллахтын 99 ысым-сыпаты боюнча:
1-орун — 10 000 сом: Мукашев Амир
2-орун — 5 000 сом: Ишенбеков Алиаскар
3-орун — 2 000 сом: Кусеинов Мирбек
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев катышып, жеңүүчү балдарга сыйлыктарды тапшырды.
Ошондой эле Ысык-Көл районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучусу Максат ажы Сейталиев бул иш-чара балдарды Куран окууга кызыктыруу максатында уюштурулганын белгилеп, жарышка жана белек-сыйлыктарга жалпы 100 миң сом каражат жумшалганын билдирди.
Мындай жарыштар жаш муундардын диний билимге болгон кызыгуусун арттырып, Куранды үйрөнүүгө чоң дем бермекчи.