“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Кечээ, 20-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровдун демилгеси менен Чоң-Алай районунда 100 үй-бүлөгө тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды.
Аталган кайрымдуулук иш-чарасында ар бир үй-бүлөгө ун, май, кумшекер, күрүч, гречка, кесме, чай жана курма камтылган азык-түлүк таратылды.
"Жыл башында демилге көтөрүп, "Эмират" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен Алай районунда 130 үй-бүлөгө тамак-аш азык-түлүктөрү, көмүр жана жылыткычтар таратылган болчу. Бул кайрымдуулук иш-чарасы эми Чоң-Алай районунда уланып жатат. Бул жолкусунда берекелүү Рамазан айында өткөрүлүп, ар бир үй-бүлөгө ифтар үчүн керектелүүчү жалпы көлөмү 5 тоннага жакын азык-түлүктөр таратылды", – деп билдирди Султанали ажы Гапуров.