"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кечээ, 3-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогонович облустагы район жана шаар жетекчилери менен биргеликте онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйынга Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Узеналиев Сулумбек ажы Дилдебекович жана облус аймагындагы баш имам-хатибдер катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — облус аймагындагы мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана тиешелүү документтерин кайра каттоодон өткөрүү процесстерин тездетүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы Элкинбек Аширбаев ар бир диний объекттин ишмердүүлүгү мыйзам алкагында болушу зарылдыгын жана документтештирүү иштеринде жергиликтүү бийлик органдары дин өкүлдөрү менен тыгыз иштеши керектигин белгиледи. Ошондой эле, мечиттердин архитектуралык нормаларга жана коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсү өзгөчө көзөмөлгө алынары айтылды.
Жыйында райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине каттоо иштеринде дин кызматкерлерине укуктук жана консультациялык жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди. Ал эми диний өкүл тарабынан мечиттердин документтерин иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдети баш имам-хатибдерге жүктөлдү.
Бул иш-чара диний мекемелердин ишмердүүлүгүн иретке келтирүү жана мамлекеттик саясатты региондордо ишке ашыруу максатында уюштурулду.