Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 13.09.2025
  • |

Ичке-Булуң айылынын имамына автоунаа белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылынын имамы Алымкулов Улан Акматовичке айыл жаштары Toyota Ipsum маркасындагы автоунааны белекке беришти. Имам 15 жылдан бери элге тынымсыз кызмат кылып, коомдун ыймандашуусуна салым кошуп келе жатканын жогору баалашты.

Белек кылуу демилгеси 1980–2006-жылкы айыл жаштары тарабынан көтөрүлүп, элдин колдоосуна ээ болду. Бул саамалыкка күбө болгон Жети-Өгүз районунун баш имам-хатибинин орун басары Максатбек Байтиков имамга ыраазычылык баракчасын тапшырды. Ошондой эле Жети-Өгүз айыл өкмөтү имамды Ардак грамота менен сыйлады.

Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев бул жагымдуу окуяны кубаттап, өз сөзүндө мындай деди:

“Имамдын унаа менен сыйланышы – анын талыкпас эмгегинин бааланганынын далили. Имамдын иши сыртынан жеңил көрүнгөнү менен, чындыгында оор жоопкерчилик. Элдин көйгөйүнө аралашуу, жаштарды ыйман жолуна тарбиялоо – ар бир имамдын мойнундагы милдет. Имам кадырланса, бул – ошол жердеги ыймандын, биримдиктин белгиси”, – деди облус казысы.