«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Кара-Кулжа райондук хатибиятынын демилгеси менен район аймагындагы айыл өкмөт имамдарынын катышуусунда Ыйык Курман айт майрамына карата «Ынтымак жана достук» аталышындагы волейбол жана футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – имамдар арасындагы ынтымакты бекемдөө, сергек жашоону жайылтуу жана спорт аркылуу достукту чыңдоо болуп саналат.
Мелдеш достук маанайында өтүп, катышуучуларга диплом жана белектер тапшырылды. Натыйжада облустук турга катышуу үчүн Кара-Кулжа району боюнча мыкты оюнчулардан турган курама команда түзүлдү.