«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Аймактар | 23.01.2026
  • |

Кара-Сууда “Уңгу жол багыты менен өлкөнүн келечегине адилеттүү ишеним жаратуу” аттуу жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун администрациясынын жыйындар залында "Уңгу жол багыты менен өлкөнүн келечегине адилеттүү ишеним жаратуу" аталышындагы жыйын өткөрүлүп, анда КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлү Султанали ажы Гапуров баяндама жасады.

Аталган иш-чарага КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Кара-Суу районунун администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев баштаган администрация кызматкерлери, укук коргоо органдары, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, активисттер жана райондогу жалпы имамдар катышты.

Султанали ажы Гапуров өз баяндамасында улуттук нарк, маркумду акыркы сапарга узатуу, Мекенди сүйүү, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, бала тарбиясы, экстремизм жана терроризмдин, зордук-зомбулуктардын алдын алуу жана ар бир ишке жоопкерчиликтүү болуу жөнүндө баса белгилеп айтып өттү.

“Куш уяда көргөнүн кылат” деп бекеринен айтылган эмес. Ошол себептен балага тарбия берүүдө адам өзүн оңдоосу керек. Өзүңүздүн жүрүм-турумуңуз аркылуу балдарга таалим-тарбия үлгү болуп бересиз. Үй-бүлө бекем болсо, айыл, район, облус анан өлкө бекем болот. Ошондуктан ар бирибиз өз иштерибизди жоопкерчилик менен аткаралы”, – деди Султанали ажы Гапуров.

Айта кетсек, Султанали ажы Гапуров иш-чара алдынан Кара-Суу районунун администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаал боюнча талкуулашты.