Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 23-сентябрь күнү Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Саамалыктын алкагында борбордун студенттери улуттук тамак-аш көргөзмөсүн уюштурушуп, өздөрүнүн кол өнөрчүлүгүн жана улуттук дасторкон маданиятын даңазалашты.
Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев катышып, катышуучуларды Кыргыз тилин ар дайым урматтоого, аны өнүктүрүүгө жана жаш муундарга үйрөтүүгө чакырды.
Бул иш-чара Мамлекеттик тилдин коомдогу ордун жогорулатууга, жаштардын тилге болгон сүйүүсүн арттырууга жана улуттук маданиятты таанытууга багытталды.