"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 24.09.2025
  • |

«Козу кызы Бурмакан» атындагы кыз-келиндердин окуу борборунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Кечээ, 23-сентябрь күнү Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Саамалыктын алкагында борбордун студенттери улуттук тамак-аш көргөзмөсүн уюштурушуп, өздөрүнүн кол өнөрчүлүгүн жана улуттук дасторкон маданиятын даңазалашты.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев катышып, катышуучуларды Кыргыз тилин ар дайым урматтоого, аны өнүктүрүүгө жана жаш муундарга үйрөтүүгө чакырды.

Бул иш-чара Мамлекеттик тилдин коомдогу ордун жогорулатууга, жаштардын тилге болгон сүйүүсүн арттырууга жана улуттук маданиятты таанытууга багытталды.