«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Үстүндө жылдын 20–23-октябрь күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында азан айтууга арналган үч күндүк окуу-семинар болуп өттү. Бул иш-чара Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан уюштурулуп, шаардагы бардык мечиттерде кызмат өтөп келе жаткан азанчылар катышты.
Семинардын негизги максаты — азанчылардын диний билимин өркүндөтүү, азан айтууда бирдиктүү тартип орнотуу жана жоопкерчиликти жогорулатуу болду.
Иш-чаранын алкагында тажрыйбалуу устат-имамдар жана хатибият өкүлдөрү азан айтуунун адеби, үн чыгаруу техникасы жана азанчынын жүрүм-турум маданияты боюнча практикалык сабактарды өткөрүштү. Ар бир катышуучу азан айтууну теориялык жана практикалык түрдө бири-бири менен тажрыйба алмашты.
Семинар соңунда өнөрүн мыкты көрсөткөн катышуучуларга Кызыл-Кыя шаардык хатибиятынын атынан сертификаттар тапшырылды.