"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 24.10.2025
  • |

Кызыл-Кыяда азанчылар үчүн үч күндүк окуу-семинар өттү

Үстүндө жылдын 20–23-октябрь күндөрү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында азан айтууга арналган үч күндүк окуу-семинар болуп өттү. Бул иш-чара Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан уюштурулуп, шаардагы бардык мечиттерде кызмат өтөп келе жаткан азанчылар катышты.

Семинардын негизги максаты — азанчылардын диний билимин өркүндөтүү, азан айтууда бирдиктүү тартип орнотуу жана жоопкерчиликти жогорулатуу болду. 

Иш-чаранын алкагында тажрыйбалуу устат-имамдар жана хатибият өкүлдөрү азан айтуунун адеби, үн чыгаруу техникасы  жана азанчынын жүрүм-турум маданияты боюнча практикалык сабактарды өткөрүштү. Ар бир катышуучу азан айтууну теориялык жана практикалык түрдө бири-бири менен тажрыйба алмашты.

Семинар соңунда өнөрүн мыкты көрсөткөн катышуучуларга Кызыл-Кыя шаардык хатибиятынын атынан сертификаттар тапшырылды.